Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
1 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Алай районундагы №2-Тапык ОТУНЧИЕВ атындагы орто мектеп мындан дээрлик бир кылым мурун, тактап айтканда, 1922-1923-жылдарда туташ сабатсыздыкты жоюу мектеби (ликбез) сыңары туптөлгөн. 1924-1932-жылдарда төрт жылдык мектепке айландырылган. Андан соң 1932-1947-жылдарда жети жылдык билим беруугө ыктап, Коммунисттик жаштар мектеби аталган. Ошондой эле 1947-1968-жылдарда Кыргыздын туңгуч демократ акыны Токтогул Сатылгновдун атын дагы […]
2 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Алай районундагы №2-Тапык ОТУНЧИЕВ атындагы орто мектеп мындан дээрлик бир кылым мурун, тактап айтканда, 1922-1923-жылдарда туташ сабатсыздыкты жоюу мектеби (ликбез) сыңары туптөлгөн. 1924-1932-жылдарда төрт жылдык мектепке айландырылган. Андан соң 1932-1947-жылдарда жети жылдык билим беруугө ыктап, Коммунисттик жаштар мектеби аталган. Ошондой эле 1947-1968-жылдарда Кыргыздын туңгуч демократ акыны Токтогул Сатылгновдун атын дагы […]
КЫЛЫМ КАРЫТКАН МЕКТЕП
19.02.2025 / Автор anarkan_kg

3 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу Алай районундагы №2-Тапык ОТУНЧИЕВ атындагы орто мектеп мындан дээрлик бир кылым мурун, тактап айтканда, 1922-1923-жылдарда туташ сабатсыздыкты жоюу мектеби (ликбез) сыңары туптөлгөн. 1924-1932-жылдарда төрт жылдык мектепке айландырылган. Андан соң 1932-1947-жылдарда жети жылдык билим беруугө ыктап, Коммунисттик жаштар мектеби аталган. Ошондой эле 1947-1968-жылдарда Кыргыздын туңгуч демократ акыны Токтогул Сатылгновдун атын дагы татыктуу алып жургөн. 1958-1996-жылдарда көрунуктуу советтик педагог А. С. Макаренконун ысымы коюлган. Соңунда 1996-жылдан тартып бул агартуу журту Тапык Отунчиев атындагы мектеп катарында ийгиликтуу иштеп келатат.
Эльмира МОЛОРОВА, Алай районундагы №2-Тапык Отунчиев атындагы мектебинин башталгыч класс мугалими: – 39 жылдан бери жалаң ушул агартуу тармагында гана узгултуксуз эмгектенип келатамын. Аралыкта бала бакчада тарбиячы, усулчу жана мугалим сыңары дагы иштедим. Жашырып не. Акыркы кезде бизге карата талап абдан кучөду. Ошого жараша жетиштуу камкордук жок, эй! Мунун тануунун кажети жок….
Инобат ЭРГЕШОВА, Алай районундагы №2-Тапык Отунчиев атындагы мектебинин башталгыч класс мугалими:


–Менин өмурумдун дээрлик 30 жылын жалаң мектепте өтуп атат. Убакыттын учкан куштай тез өткөнун карачы! Заман талабына жараша биз деле сабактарыбызда Интерактивдуу доскаларды, жана дагы жапжаңы технологияларды байма-бай урунганга бекем ыктадык.
НурЭл ТОЙГОНБАЕВ, Алай районундагы №2-Тапык Отунчиев атындагы мектебинин 9-Б классынын окуучусу: – Биздин мектептедагы окуучулардын арасында өзун-өзу башкаруу системасы киргизилген. Мен ал тузумдө – прмьер-министрмин. Өзум дагы дагы буларга – окуучуларга өзгөчө өрнөк көрсөтуп, окуунун отличнигимин – мыктысымын! Мен IT тармагына абдан кызыгамын. Ошондуктан, болочокто архитектор кызматын абийирдуу арлкалап, дизайн жасалгасын турмушубузда бдан активдуу колдонууга далалат жасамакчымын.
Динара БОЮКОВА, Алай районундагы №2-Тапык Отунчиев атындагы мектебинин соцпедагогу:


– Көз тийбесин! Эмгек жамаатыбыз абдан эле ынтымактуу.Ошондуктан, биз бири-бирибизге өйдөдө – өбөкпуз, ал эми ылдыйда – жөлөкпуз! Ошону учун биздин бутуруучулөрубуз Улан Пиримов, Динара Ашимова Жогорку Кеңеште депутат болуп, мыйзам жазып олтурушат. Чубасак, булардай мыкты окуучуларыбыз – бутуруучулөрубуз дагыле толтура.
Гулзар ОМОКОВА, Алай районундагы №2-Тапык Отунчиев атындагы мектебинин орус тили жана адабияты мугалими:


– Мен ОшМУнун филология факультетин 1998-жылы бутургөмун.Ошондон бери ушул гана мектепте такай иштеп, дал ушул жерден агарып-көгөрдум. Ишимден баар дагы таптым. Бир кыз, уч уул көрдум. Кызым Тинатин менин жолумду жолдоп, Бишкек шаарындагы Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин бюджеттик тайпасына окуу өтуп, мугалимдикке окуп атат.
Кадырбек АБДЫЛДАЕВ, Алай районундагы №2-Тапык Отунчиев атындагы мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими:


– Ак эмгек эч качан жерде калбайт экен. Кыргыз Республикасынын президентине караштууМамлекеттик тил комиссиясы менин мамлекеттик тилди өнуктуруудөгу кошкон зор салымымды баалап, моминтип «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйлап олтурат. Менин окуучуларым Кыргыз тили жана адабияты боюнча республикалык сынагында эки жолу экинчи орунду мээнетимди куп гана акташты. Алдыңкы бутуруучулөрубуз Дубайда ийгиликтуу иштеп атышат. Ал эми окуучуларыбыз Бексултан Назарбаев, Рыскелди Максатбек уулу – Грек-Рим курөшу боюнча Азия чемпиондору.
Назгул КОЖОГЕЛДИЕВА, Алай районундагы №2-Тапык Отунчиев атындагы мектебинин орус тили жана адабияты мугалими:


– Бишек гуманитардык университетин бутургөнумө 30 жыл айланды.12 жылдан бери мектепте окуу бөлумун башчысымын.Облустук жана республикалык Олимпиадалардаалдыңкы саптан тушө элекпиз. ЖТРдын жыйынтыгындап 200дөн ашуун жогорку балл алышкан азаматтарабыз арбын. Тапык Отунчиевдин неберелериБексултан жавна Адилет Отунчиевдербизге узгултуксуз аралашып турушат.Биздин мектентин бутуруучусу Жогорку Кеңеш депуты Улан Пиримов атындагы атайын класс бар. Буга Эл өкулубуз өзу 500 миң сомдук колдоо көрсөтту. Бул, албетте, чекеси гана…
Марат НЫШАНОВ, Алай районундагы №2-Тапык Отунчиев атындагы мектебинин директору:


– Өзум чоңдугумасалбастан, а тугул башка кесиптештериме улгу дагы көрсөтуп,окуучуларга дагыле орус тили жана абадиятынан кадимкидей сабак берип келатамын.Биздин мектебибизде жалпы жонунан 74 мугалим эмгектенишет. А тугул булардын жыйырмасы – Эл агартуунун мыктысы. Албетте, бийик толуу райондун шартында бул жаман көрсөткуч эмес! Демократия талабына жараша мектебизде Окуучулар Парламенти иштеп келатат. Ийгилик жана кемчиликтеребизди биз ошондо кенен-чонон жана ачык-айкын талкуулап турабыз. АгаХан фонду менен тыгыз иштешип, айрым кем-карчыбызды толуктап атабыз.
ТАПЫК ОТУНЧИЕВ ЖӨНҮНДӨ
Көрунуктуу педагог Тапык ОТУНЧИЕВ 1934-жылы 23-декабрда Өзбек ССРинин (азыркы Өзбекстандын) Самарканд шаарында аскер кызматкеринин уй-булөсундө төрөлгөн. 1952-жылы Алай районунун Сопу-Коргон кыштагындагы Токтогул атындагы орто мектепти аяктаган. Андан соң 1953-1957-жылдарда Ош педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУнун) химия-биология факультетин бутургөн.
1953-жылы Алай районундагы Сары-Таш башталгыч мектебинде мугалим, 1957-1967-жылдарда Сопу-Коргондогу Токтогул атындагы орто мектебинин мугалими, окуу бөлумунун башчысы, 1963-1964-жылдарда Кызыл-Коргон айылындагы Большевик орто мектебинин директору, 1964-жылы Алай мектеп-интернатынын окуу бөлумунун башчысы сыңары эмгектенген. 1969-1982-жылдарда Алай районунун Гулчө айылындагы Макаренко атындагы орто мектепте директор, 1982-1987-жылдарда Алай раонундагы Муса Адышев атындагы орто мектепте директор, 1987-1988-жылдарда Гулчө Айылдык Кеңешинин башчысы, 1988-жылдан тартып 1996-жылга дере кайрадан Гулчө айылындагы Макаренко атындагы орто мектепте директор кызматтарын абийирдуу аркалаган.
Көрунуктуу педагог жана тарбиячы Тапык ОТУНЧИЕВдин эмгеги жогору бааланып, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси, В. И. Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы. «СССР Эл агартуусунун мыктысы» төш белгиси, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Ага «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» ардак наамы ыйгарылган. 1996-жылы Гулө айылындагы мектепке анын ысымы тубөлуккө ыйгарылган.


Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Алай району
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg КЫЛЫМ КАРЫТКАН МЕКТЕП
-
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА
-
-
12.04.2024 / Автор anarkan_kg ЖАРДАН КУЛАП ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН КИШИ КУТКАРЫЛДЫ
-
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.