Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
1 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Алай районунун акими Чыңгыз БАПАЕВ Кара-Суу районундагы анклавга айланган Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. Элет жашоочулары өтө олуттуу көйгөйлөрүн ачык эле ортого салышып, Аймак жетекчисине саналган проблемаларды чекесинен шыр чечүүнү абдан катуу талап кылышты. Аматжан ЖОЛУЕВ, Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну: – Жаңы-алайлыктар ушул […]
2 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Алай районунун акими Чыңгыз БАПАЕВ Кара-Суу районундагы анклавга айланган Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. Элет жашоочулары өтө олуттуу көйгөйлөрүн ачык эле ортого салышып, Аймак жетекчисине саналган проблемаларды чекесинен шыр чечүүнү абдан катуу талап кылышты. Аматжан ЖОЛУЕВ, Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну: – Жаңы-алайлыктар ушул […]
ЖАҢЫ-АЛАЙЛЫКТАР: «АЛАЙ РАЙОНУНУН КАРА-СУУДАГЫ АНКЛАВЫНА АЙЛАНДЫК!”
19.02.2025 / Автор anarkan_kg

3 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу Алай районунун акими Чыңгыз БАПАЕВ Кара-Суу районундагы анклавга айланган Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. Элет жашоочулары өтө олуттуу көйгөйлөрүн ачык эле ортого салышып, Аймак жетекчисине саналган проблемаларды чекесинен шыр чечүүнү абдан катуу талап кылышты.
Аматжан ЖОЛУЕВ, Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну:


– Жаңы-алайлыктар ушул тапта айыл чарба багытындагы жерге чындап эле зарбыз! Мал-калибиз жыл өткөн сайын улам гана көбөйүп баратканы менен, жайытыбыз абдан тарып гана жаткан маалы. Ушуга улай сугат жана ичилүүчү таза сууга дагы абдан муктажбыз! Иррригация маселесин зарыкканда өзүбүз эле жайгаралы дедик эле, тилекке каршы, а дагыле эмдигиче бүтпөй турат.
Манап ТЫНЫБЕКОВ, Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жашоочусу: – Биз Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө жаңыдан түптөлүп жаткан Торгой-Булак конушунда жашайбыз. Өтө кейиштүүсү: кыштагыбыз эмдигиче транфсормациялана (мыйзамдаштырыла) элек. Жетишкен заманда жарыгыбыз – электр энергиябыз жок кашайыа олтурабыз. Ал эми суу насостук бекетибиз бар эле. Аны дагы шылуун чоңдорубуз дээрлик сатып бүтүшүптүр. Бирок, щылуундардын бири дагы бул жосунсуз жоруктары үчүн мыйзам чегинде жазаланган жок!
Төлөнбү ЭСЕНБАЕВА, Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну:


– Биз сыркоологондо айылыбыздагы ФАПка көрүнсөк,Кара-Суу райондук ооруканасына жөтөнүшөт. А аларга эптеп барсак, «Эсебиңер биздин тизмеде жок! Башкан райондун тургуну экенсиңер! Гүлчөгө гана барып көрүнгүлө!?!» деп опоңой гана кутулушат. Ошондуктан, айланайындар,Жаңы-Алайдагы ФАПга бир дарыгерди туруктуу байлап койбойсуңарбы?!? Биздин тагдырдын өгөй баласыдай мынчалык мукуратпай жана дагы кордобой…
Урмат АЛИБАРБЕКОВА, Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жашоочусу:


– Биздин Тогуз-Булак жаңы конушунда дегеле көрүстөн жок! Ошондуктан, биз өлүгүбүздү ар жакка ташып барып жашырып мукурадык. Анан МСЭК (Медициналык-социалдык экспертиза комиссиясы) Жаңы-Алайга жылына кур дегенде эки ирет каттап, бизге жеринде эле текшерүү жүрүгүзүп, анан колубузга корутундусун карматып кетишсе болбойбу? Жашырып не. Чындыгында, соңку жылдарда биздин айыл өкмөтүбүзгө дээрлик жетиштүү көңүл бурулбай калбадыбы. Тагдырдын, опэй, Алайдын өгөй баласындай эле жашап калдык…
Айтмакчы, Алай районуна гана караштуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү элдик жыйында жергиликтүү тургундардын өтө орчундуу суроолоруна Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев деле тыңгылыктуу жана дагы ынандыраарлык жооп кайтарганга жараган жок!
– Баса, сугат суу маселеси Алай районундагы суу чарба башкармалыгына карабайт. Маселени Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгы гана чечет. Ошол себептүү Кара-Суудагы тийиштүү аткаминерге биз кабар бердирткенбиз. Тилекке каршы, а киши чогулушка келген жок! – деп тызылдады Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев. – Ал эми электр энергиясы менен дагы Сиздерди Кара-Суу РЭСи камсыз этет. «Какаганга-муштаган» дегенсип, Кара-Суу РЭСнин жетекчиси чакырылса деле бүгүнкү жыйыныбызга дээрлик келген жок! Ошентсе дагы, бүгүнкү чогулушта үстөккө-босток көтөрүлгөн маселелерди тегиз жазып алдык. Албетте, чекесинен сөзсүз чечебиз!
Баса, дал ушундай эле ишкердүү жолугушуу Алай районундагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургандарынын катышуусунда былтыр деле өткөрүлгөн. Ага деле Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев өзү катышкан эле. Ошондо дагы АКлай РЭТтин директору Акмырза Жээнбековду, Алай райондук ооруканасынын (азыркы райондук жалпы дарыгелер практикалык борборунун) жетекчиси Дайыр Адыровду кызматтык жоопкерчиликке токтоосуз тартуу маселеси байма-бай көтөрүлгөн. Тилекке каршы, эмдигиче аталган эки аймактык жетекчигинин тең кылы дагы кыйшайган жок! Мындан дагы өкүнүчтүүсү: Жаңы-Алайда былтыр козголгон пролемалардын дээрлик басымдуулугу эмдигиче аткарылган эмес! Демек, бул сапар дел Ак /йгө – Бишкекке отчет үчүн гана жайын өткөрүлгөндөй…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ-АЛАЙЛЫКТАР: «АЛАЙ РАЙОНУНУН КАРА-СУУДАГЫ АНКЛАВЫНА АЙЛАНДЫК!”
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg КЫЛЫМ КАРЫТКАН МЕКТЕП
-
-
20.02.2024 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨЙМ, ЫР ЫРДАЙМ
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫНЫН ДАМБАСЫНА КИЧИ ГЭС КУРУЛАТ
-
12.03.2024 / Автор anarkan_kg “БИР АДАМДАН БИР КИТЕП” ДОЛБООРУ АЛКАГЫНДА ЧАКАН КОНЦЕРТ ТРЕНИНГ
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.