Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
1 Бардыгы / Ош облусунун Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектеби өткөн кылымда, тактап айтканда, 1963-жылы бышык кыштан курулуп, 1964-жылы гана пайдаланууга тапшырылган. Бир кабаттуу агартуу мекемеси 17 класска ылайыкташтырылган жана 740 орундуу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пайдаланууга жараксыз десе деле, ушул тапта тар класстарда окуу жараяны активдүү жүргүзүлүүдө… Гүлноза САЛИЕВА, Араван районуна караштуу […]
2 Бардыгы / Ош облусунун Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектеби өткөн кылымда, тактап айтканда, 1963-жылы бышык кыштан курулуп, 1964-жылы гана пайдаланууга тапшырылган. Бир кабаттуу агартуу мекемеси 17 класска ылайыкташтырылган жана 740 орундуу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пайдаланууга жараксыз десе деле, ушул тапта тар класстарда окуу жараяны активдүү жүргүзүлүүдө… Гүлноза САЛИЕВА, Араван районуна караштуу […]
ЭБАК ЭСКИРГЕН МЕКТЕП ЧУКУЛ АРАДА ЖАҢЫЛАНУУГА МУКТАЖ
11.03.2025 / Автор anarkan_kg

3 Бардыгы /
Ош облусунун Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектеби өткөн кылымда, тактап айтканда, 1963-жылы бышык кыштан курулуп, 1964-жылы гана пайдаланууга тапшырылган. Бир кабаттуу агартуу мекемеси 17 класска ылайыкташтырылган жана 740 орундуу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пайдаланууга жараксыз десе деле, ушул тапта тар класстарда окуу жараяны активдүү жүргүзүлүүдө…
Гүлноза САЛИЕВА, Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими:


– Биздин мектебибиз Араван районунан Дөбө-Коргон Айыл Өкмөтүнө караштуу Бешкабырга айылында жайланышкан. Райборбордон 14 чакырым эле алыстыкта, мындайча айтканда, кол сунса жетчүүдөй аймакта турабыз. Ошондуктан, башка мектептерди деле кыдырып көрүп атпайбызбы. Чындыгында, тим эле ичиң күйөт… Басымдуулугу заман таалабына жараша кепкенен жана заңгырайт. Жаш муунду окутуп-тарбиялоого эң сонун шарттар жаратылган. А биздечи?!? Жашырып не. Мындайлардын бири дагы жок!
Махфуза КУЧКАРОВА, Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектебинин биология мугалими:


– Жалпы эмгек стажым 21 жыл. Акыркы төрт жылдан бери ушул гана мектепте иштеп келатамын. Эмгек жамаатыбыз абдан ынтымактуу. Шартыбыздын толук кандуу жетишсиздигине карабастан, балдарды заманбап окутуп-тарбиялоого аракетибиз өтө күч!
Баса, ушул эле мектепте өмүрлүк түгөйлөр Юлдашали АТАХАНОВ сүрөт, ал эми жубайы Зулхумар АТАХАНОВА орус тили жана адабиятынан сабак беришет. Экөө тең – тажрыйбалуу мугалимдер. Биздин суроолорубузга жооп кайтырып жатышып, буларга кыскача токтолушту.


– Биз ушул жерден табыштык жана кадыр-барк күттүк, – дешти өмүрлүк түгөйлөр Юлдашали Атаханов сүрөт, ал эми жубайы Зулхумар Атаханова бир ооздон. – Окуучуларыбыздын алды Мекен керегине жарашып, түрдүү тармактарда жалаң жооптуу кызматтарды аркалап жүрүшөт. Баарын тең чекесинен атасак, албетте, кагаз түтпөйт. Уч-аягы дагы түгөнбөйт. Бизалар менен дайыма сыймыктанабыз!
Вайнап КАДЫРОВ, Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектебинин математика мугалими, Эл агартуунун мыктысы:


– Биз Союз (СССР) маалында бир эле мамлекет эмес белек.Ошондо ӨзбекстандынФергана педагогикалык институтунда окуганбыз. 1981-жылдан тартыпАраван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектебинде талыкпастан гана эмгектенип келатамын. Соңку мезгилде заманбап көрсөтмө куралдарды ар бир сабагымда байма-бай урунуп жатамын.
Мунара МАМАЗУЛИНОВА, Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектебинин Кыргыз тили жана адабияты мугалими: – Биз ачык сабактарды үстөккө-босток өтүп, ушуга улай өз ара тажрыйба дагы алмашып турабыз. Алдыңкы окуучуларыбыз облустук жана республикалык Олимпиадаларда байгелүү гана орундарды ээлешип, намысыбызды куп гана коргоп келатышат.
Альбина ӨКТӨМБЕКОВА, Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу:


– Мен математика сабагына өтө кызыгамын. Бирок, болочоктогу кесибимди али тандай элекмин. Антсе дагы, мамлекеттик кызматкер болуу оюмда бар. Атам – уста, ал эми апам – мугалим.
Элмурза ИСМАИЛОВ, Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу:


– Мен дарыгерлер династиясынанмын.Ошол себептүү мен деле келечекте доктор болмокчумун.
Жеңишбек АЛДЫРАКОВ, Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектебинин комузчулар ийриминин жетекчиси: – Мен ОшМУнун искусство факультетин бүтүргөмүн.Кесибим – музыкант. Эки жылдан бери комузчулар ийримин уюштуруп, класстан тышкары окуучуларга өнөрүмдү үйрөтүп келатамын.
Юлдухзан ТУРГИНОВА, Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектебинин директору: – Биздин мектебибизде 38 гана мугалим эмгектенет. Балдарды эки нөөмөттө окутабыз. Биринчи класстарыбыз гана үчүнчү нөөмөттө аргсыздан билим алышат. Эң эле олуттуу көйгөйүбүз: окуучуларыбыздын саны жыл өткөн сайын көбөйүп гана баратат. Дал ушул себептүү кошумча жана дагы заманбап имаратка абдан эле муктажбыз! Кадрлардын таңкыстыгынан кээ бир предметтерди окшош кесиптегилер сыйлыгыштырып окутушат. Биздин колубузда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу бар. Анда жазылгандай, «Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектеби туруксуз, моралдык жана физикалык жактан эскирген. Заман талабына жооп бербейт!» деген корутундусу бар. Жергиликтүү бийлик жана дагы Жогорку Кеңеш биздин ал-акыбалыбыздан куп гана кабардар. Бирок, жаңы мектебибиздин тагдыры алигүнчө бир жаңсыл чечиле элек…
Айтмакчы, чыгармачылык сапарыбыздын жүрүшүндө биз дагы Араван районуна караштуу №29-Абдурашид САЛАМОВ атындагы орто мектебинин акыбалы абат эмес экендигине чындап эле ынандык. Бирок, ушундай мышык ыйлагыдай шартта бел байлап тынымсыз иштешип, жаш муундарыбызга татыктуу таалим-тарбия берип жатышкан мугалимдерге терең ыраазычылыгыбызды гана билдирип, жооптуу жумушунда ири ийгиликтерди тилеп кайттык…




Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
11.03.2025 / Автор anarkan_kg ЭБАК ЭСКИРГЕН МЕКТЕП ЧУКУЛ АРАДА ЖАҢЫЛАНУУГА МУКТАЖ
-
11.03.2025 / Автор anarkan_kg БАШКЫ ПРОКУРОР КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
-
11.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИН МЫЙЗАМСЫЗ БӨЛҮШТҮРҮҮ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
13.03.2024 / Автор anarkan_kg НООКАТКА СООДА-ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР КУРУУ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА
-
-
28.03.2024 / Автор anarkan_kg Р.АБДЫКАДЫРОВДУН АМФИТЕАТРЫ КУРУЛАТ
Маек
Гүльмира АДЫРБАЕВА: “АРАВАНДА ӨЗҮМ СЦЕНАРИСТ ЖАНА РЕЖИССЕР-КОЮУЧУМУН!”
Кыргызда бекеринен «Колдо бар алтындын баркы жок!» дешпейт. Болбосо, Араван…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.