Аймак

АНКЛАВДАГЫ АЛДЫҢКЫ МЕКТЕПТЕ

АНКЛАВДАГЫ АЛДЫҢКЫ МЕКТЕПТЕ

 3 Бардыгы /

Кудай жалгап Кыргыз Өкмөтү соңку жылдарда эң алыскы аймактарга оң далысын салып, өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле үзгүлтүксүз колдоо дагы көрсөтүп келатат. Мунун  натыйжасында республикалык бюджеттин эсебинен Араван районуна караштуу Төө-Моюн анклавында жайланышкан №36 Кызыл-Талаа орто мектеби деле жаңыдан салынып, ушуга улай болочок муун заманбап имаратта татыктуу жана таасын билим-тарбия алып жаткан чагы.

          Нурийла ЖААНБАЕВА, Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин директорунун окуу-тарбия иштери жагынан орун басары:

–  Көрдүңүзбү? Төө-Моюн айыл өкмөтү – Ош облусундагы Араван районунун Ноокат районундагы анклавы.Андыктан, Төө-Моюндагы биздин мектебибиздин дагы эскилиги эбак жеткен эле. Кыргыз Өкмөтү дал ушул жагдайды көңүлгө бекем тутуп, кыска аралыкта жапжаңы жана заманбап агартуу мекемесин тикелеп, 2023-жылдын 22-декабрында биздин мобул мектебибизди пайдаланууга тапшырбадыбы. Компьютьердик өзүнчө каласстарыбыз бар. Санариптештирүү талабына жараша бул класстар бүтүндөй интернет түйүнүнө туташтырылган. Ал эми акак залыбыз деле чопчоң. Олуттуу иш-чаралар ушул жайда гана өткөрүлөт.

          Жамалдин АЙТМАТОВ, Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин көркөм өнөр жана сүрөт мугалими:

– Тээ Союз мезгилинде мен Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайын ийгиликтүү аяктаганмын. Агезде мобул окуу жайы Түштүк жергесиндеги жападан жалгыз педучилиша эле. Ошентип, ар мектепте эмгектендим. 2010-жылдан бери гана дал ушул Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинде үзүрлүү иштеп келатамын. Көз тийбесин! Биздин эмгек жамаатыбыз өтө ынтымактуу. Бирибизге бирибиз өйдөдө – өбөкпүз, ал эми ылдайда – жөлөкпүз! Менден окуган окуучуларым деле жаман болгон жери жок. Маселен, Гүлдана МАМАТОВА дүйнөлүк сынакка катышып, биринде орундуу багындырды. Мындайча айтканда, баш байгени утту. Ушуга эле улай дагы бир шакиртим Асема АСКАРАЛИЕВА баалуу сертификатка татыды. Өзү биз – мугалимдердин династиясынанбыз. Дегеним, өмүрлүк жубайым Клара ГАФУРОВА – дагы мугалим. Эки кызым тең – ушул тапта агартуучу.

          Элмурат МАМАНАЗАРОВ, Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин 8-классынын окуучусу:

Кудаа кааласа, мен мектепти бүтүргөндө Бишкек шаарындагы Юридикалык Академияга тапшырам. Аны аяктаганда, сөзсүз прокурор гана боломун. Анткени. өлкөбүздө мыйамдуулуктун бекем жана дайыма өкүм сүрүшүнө салым кошуу тилегим бар.

          Арзыгүл МЫРЗАЕВА, Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими:

– Өзүңүз деле байкагандырсыз. Жалпыбызга президентибиз Садыр Жапаров өзү мыкты үлгү көрсөтүп жатпайбы. Мамлекетибиздин башчысы бардык иш-чараларда жалаң гана калпакчан кыргызча сүйлөп, а түгүл БУУнун бийик трибунасында кыргызча доклад жасап, биздин кадыр-баркыбызды улам жогорулатып гана келатат. Менин өмүрлүк жолдошум Асылбек Абдырахманов – фермер. Экөөлөп эки кызды жана дагы эки уулду заманбап тарбиялап, жакшылап окутуп, анан дагы мыктылап өстүрүп атабыз.

          Айтмакчы, Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин кенже класстарынын окуучуларына адаттагыдай шашке тамак күн сайын берилет. Ошондой эле мугалимдер жана башка окуучулар деле дал ушул мектептин ашканасынан гана тамактануусуна баардык шарттар жаратылыптыр.

          – Кана, даамыбыздан ооз тийиңиздер? Мактанбайлы, бирок, тамак-аштарыбыз ашкере даамдуу! – дешти бир ооздон  Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин ашпозчулары Жазгүл КАРАТАЕВА жана Жамила ГАПАРАЛИ кызы. – Албетте, биз менюну күн сайын жаңылап гана турабыз. Антпесек, дайыма жалаң гана окшош тамак жеп-ичкенден адам көңүлү тез калат эмеспи.

          Эң эле кызыгы: Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин окуучуларына адаттан тыш эжеке Гүлноза ЭРГЕШОВА дене тарбиясынан сабак өтүп жатканда жолуктук.

– Мен Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетин бүтүргөмүн. Алты жылдан бери дал ушул мектепте гана үзгүлтсксүз эмгектенип келатамын. Көбү дене тарбия сабагын жалаң гана эркектер өтүүүүүшүнө көнүп калышкан. Ал эми биздечи? Мен бул адатты жок кылгандыктан, окуучуларабыз мага ыкчам ылайыкташып кетишти, – деди Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин дене тарбиясы сабагынын мугалими Гүлноза ЭРГЕШОВА. – Биздин мектебибизде ар кандай спорттук мелдештерди байма-бай уюштуруп, а түгүл окуучуларыбызды райондук жана облустук ар кыл спартакиадаларга активдүү түрдө катыштырып, жалаң гана байгелүү орундарды ээлеп келатабыз.

Сумая АБИБИЛЛАЕВА, Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин 5-классынын окуучусу:

Чындыгында, биздин мектебибизде окуу-тарбя шарттарыбыз шаардыкынан кем эмес десем дегеле жаңылышпаймын! Андыктан, ата-энелерибизди жана эже-агайларыбызды уят кылбас үчүн мыкты билим алганга биз деле абдан кызыкдарбыз.

Уларбек ГУЛАМИДИНОВ, Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин 5-А-классынын окуучусу:

– Мен чоңойгондо сөзсүз дизацнер болмокчумун. Анткени, азыр – IT технология заманы. Ким технологиянын6 тилин билсе. түшүн дагы жоруса, албетте, мындан чындап утат, эй!

Гүлдана МАМАТОВА, Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин 4-классынын окуучусу:

Дүйнөлүк жаш сүрөтчүлөрдүн сынагына катышып, баш байгени багындырдым. Чындыгында, мен муну күткөн деле эмесмин! Дал ушул ийгилигим мени дагы көп жетишендиктерге шыктандырып гана олтурат. Мен келечекте Гапар АЙТИЕВдей залкар сүрөткер болууну эңсеп келатамын. Албетте, чымыркансам, буюрса, бул   аруу тилегим орундалаарына аракетим абдан күч!

Баса, Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин китепканасы өтө эле чакан болсо дагы, бул жерден издеген окуу куралыңызды, же көркөм адабиятыңызды опоңой, издебестен эле таба аласыз.

 – Биздин китепканабызды бүтүндөй Дүйнөлүк Банк каржылады, – деп кубанычын жашырган жок Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинин китепканасынын китепканачысы Ханзада АБДУМИТАЛИПОВА. – Азыр биздин китепканабыздын фондунда 2499 китеп бар. Бул дагы уламдан улам толукталып жана өсүп турат. Ал эми туруктуу окурманыбыз 50 чакты. Булардын катары дагы күн өткөн сайын улам калыңдап гана баратат.

Ошентип, сапарыбыз карыганда Араван районуна караштуу №36-Кызыл-Талаа орто мектебинен бара-бара алыстадык. Ошентсе дагы кызыл-талалалык окуучулардын

– Биздин Мекен жарыкка бай, шаңга бай!

Кантип турам толкунданып ырдабай…

– деген шаңдуу үндөрү музыканын коштоосунда далайга кулагымда жаңырып турду…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17