Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ ПРОГРАММАСЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1 Бардыгы / Кеченин максаты: Билим берүүчүлүк: 1) Окуучуларга китеп өтө пайдалуу экендигин жана китепке этияттык менен мамле жасоого өзгөчө жакшы карап китепти сүйүүгө тарбиялоо. Өнүктүрүүчүлүк: 2)Окуучулар китеп эң пайдалуу буюм экендигин билишет.Китепти окуу адамдын аң сезимин өстүрөт,ой жүгүртүүсүн сөз байлыгын өстүрөт. Тарбия берүүчүлүк: 3)Окуучулар китептерин тыштап жакшы тутууга аяр мамиле жасап окууганга тарбияланышат. Саламдашуу Көркөм […]
2 Бардыгы / Кеченин максаты: Билим берүүчүлүк: 1) Окуучуларга китеп өтө пайдалуу экендигин жана китепке этияттык менен мамле жасоого өзгөчө жакшы карап китепти сүйүүгө тарбиялоо. Өнүктүрүүчүлүк: 2)Окуучулар китеп эң пайдалуу буюм экендигин билишет.Китепти окуу адамдын аң сезимин өстүрөт,ой жүгүртүүсүн сөз байлыгын өстүрөт. Тарбия берүүчүлүк: 3)Окуучулар китептерин тыштап жакшы тутууга аяр мамиле жасап окууганга тарбияланышат. Саламдашуу Көркөм […]
23-АПРЕЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ «СЕН КИТЕПТИ АЧАСЫҢ, АЛ СЕНИ…”
23.04.2025 / Автор anarkan_kg

3 Бардыгы /
Кеченин максаты:
Билим берүүчүлүк:
1) Окуучуларга китеп өтө пайдалуу экендигин жана китепке этияттык менен мамле жасоого өзгөчө жакшы карап китепти сүйүүгө тарбиялоо.
Өнүктүрүүчүлүк:
2)Окуучулар китеп эң пайдалуу буюм экендигин билишет.Китепти окуу адамдын аң сезимин өстүрөт,ой жүгүртүүсүн сөз байлыгын өстүрөт.
Тарбия берүүчүлүк:
3)Окуучулар китептерин тыштап жакшы тутууга аяр мамиле жасап окууганга тарбияланышат.
Саламдашуу
Көркөм окуу
Бий
Көрүнүш
Чыгарманын мааниси
Хор
Китеп бизге чын жолдош,
Китеп бизге анык дос.
Пайдаланып китептен,
Акылыңа акыл кош.
Саламатсыздарбы урматтуу агай-эжейлер жана окуучулар бүгүн 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Китеп билим булагы” деген темада адабий кечээбизди ачык деп жарыялайбыз.
1.Саламдашуу
Саламдашуу адеби,
Улуулардан калган салт.
Урмат кыла билели,
Жолукканда ар кимге,
Салам айта жүрөлү.
Салам айтсаң улууга
Эстүү экен деп сүйүнөт.
Салам айтсаң кичүүгө,
Улуулугу билинет.
Кезекти саламдашууга беребиз
Мурас кылып ата салтты сактайлы,
Беттешүүнү салам менен баштайлы.
Ийилип таазим этип биз сиздерге,
Ак ниет атабызды даңктайлы.
Саламым айтып ыр менен,
Сунамын сиздерге гул менен.
Кутмандуу кыргыз элиме,
Ийилип салам берем.
Салам айтам, Ала-Тоонун кары болуп,
Салам айтам, Ысык-Колдун буусу болуп.
Салам айтам, жамгырымдын суусу болуп,
Салам айтам, кыргызымдын кызы болуп.
Салам айтам, Аска-зоонун монгуусу болуп,
Салам айтам, Апшыр-Атанын суусу болуп.
Салам айтам, комузумдун куусу болуп,
Салам айтам, кыргызымдын кызы болуп.
Салам менен башталат, биздин концерт,
Саламсыз отпойт го, эч бир концерт.
Жагымдуу салам берем, мен сиздерге,
Мына олтурган, урматтуу кыргыз элиме.
Мактай алсак акын болуп,ыр жазып,
Барктай алсак,төр бошотуп жылмайып.
Мунун баары болуп калат жөн жарыш,
Учурашпай басып кетсек ансайын.
Ошондуктан таазим этип сиздерге
Ысык, ысык салам жолдойбуз.
Ассалоуму алейкум,
Салам жолдойм жалпыга.
Учурашуу илгертен,
Адамдын ыйык парзы да.
Алтындан бүткөн ата-журт,
Амандашам талпынып.
Ассалоуму алейкум,
Кадырман элим аманбы,
Амандык айтып жалпыңа,
Саламым айтсам жаманбы.
Жалпыга айтам саламды,
Агайым-тууган аманбы.
Атпай журтум аманбы,
Ийилип айтам саламды.
Ден-соолукта болгула,
Ар бир адам, каСалтты улап оболоп,
Саламдашып алалы.
Бул жарышка (сынакка) келген соң,
Кызыктуу оюн салалы.
Саламдашуу салт экен,
Сабырдуу кыргыз элимде.
Салтты бизда колдойлу,
Салам айтып сиздерге.
Асмандагы ай сымал
Акырын басып келейин.
Издөө салган калкыма,
Ийилип салам берейин.
Ассалом алейкум,арбаңыздар.
Айлана теребел салтанат,
Мына эми кечебиз башталат,
Илимге жаңыдан кол сунуп,
Бактылуу жаштарбыз жаш канат…
4.Китеп жөнүндө ырлар:
1-окуучу
Китеп деген акылман,
Жакшылыкка чакырган.
Окуучуга кеңешчи,
Жакын досу эмеспи.
2-окуучу
Окуйлу окуйлучу китепти биз,
Окуган кандай жакшы окуйлу биз.
Эгерде окубасак биз китепти,
Жете албайбыз бийиктикке эч кимибиз.
3-окуучу
Китеп менин тунук таза булагым,
Китеп менин өчпөс жарык чырагым.
Көптү окуп, көптү билип китептен,
Мекениме талбай кызмат кыламын.
Чечен кылып сөзүмдү,
Сен ачкансың көзумду.
Акырындап ойготтуң,
Уйкудагы сезимди.
4-окуучу
Китеп бизге чын жолдош,
Китеп бизге анык дос.
Пайдаланып китептен,
Акылыңа акыл кош.
5-окуучу
Өмүрдүн жан шергиг жакшы китеп,
Жаш жүрөк жалындаган жолун тактап.
Китепте не кааласаң баары бар,
Эрикпей окуп чыксаң таамай издеп.
6-окуучу
Акылга жакшы китеп акыл салаар,
Кыялдын жаман жагын тартып алар.
Өзүңдү өзүңө айтпай кайра жасап,
Сен ачкан колдоруңа канааттанар.
Ардактуу ага инилер, жан курбулар,
Жаңы өскөн, жайдары ачык, жаш муундар.
Силерге айта турган сөзүм ушул,
Ар дайым китеп менен дос болуңар.
7-окуучу
Билим кени – китеп,
Тарбия кени – мектеп.
Ким китепти окуса ал көптү билет,
Андыктан аны барктай билүү керек.
8-окуучу
Жакшы китеп окусаң көп нерсени билерсиң,
Каарман менен бир кетип күлсө кошо күлөрсүң.
Канат бүтүп көктө учуп көк деңизде сүзөсүң,
Желмогузду кубалап жер алдына түшөсүң.
Китепти сактоо жана даңазалоо.
9-окуучу
Жасалат китеп канча эмгек менен,
Бир жыл жасайт эгерде аны билсең.
Китепти көп окууган адам гана ,
Айга да жете алат билим менен.
10-окуучу
Замандаш кел китепти сактайлычы,
Китептин улуулугун даңктайлычы.
Жулуп алып барагын айрып салбай,
Китепти көп –көп окуп барктайлычы.
11-окуучу
Досторум биз китепти таза сактап окуйлучу,
Анткени китеп бизге билим берет.
Китепти таза сактап көп окусак,
Китеп деген билимге жол ачып берет.
12-окуучу
Сүттүй тунук тилеги,
Деңиздей кең талабы.
Көктөй тунук акыйкат,
Анын ар бир барагы.
13-окуучу
Ошондуктан баркын бил,
Кирдебесин бир чети.
Сыя төгүп булгабай,
Жакшы сакта китепти.
14-окуучу
Китепти сүй баркын бил,
Китептин көп акылы.
Ким китепке дос болсо ,
Ал ошонун жакыны.
Китепти сүй баркын бил,
Китептин көп акылы.
Ким китепке дос болсо,
Ал ошонун жакыны.
Керектүүнүн баарын издеп табамын,
Китеп жашоо турмушуңдун баяны.
Китеп адам баласынын таяры
Ачып берип азыктантып дүйнөнү
Сыйкыр келет анан ар бир барагы
Китеп деген бир укмуш
Камтыйт аалам сырларын.
Талбай окуп түшүнүп,
Акылдуу болуп, бил баарын.
Билбегенди билгизген
Мээге сезим киргизген.
Ак булуттун үсүндө
Айга жакын жүргүзгөн.
Китеп менин акылым
Китеп менин жакыным.
Турмуш сырын үйрөткөн
Көркөм чечен сүйлөткөн
Көкөлөтүп көңүлдү
Табигатты бийлеткен.
Китеп менин акылым
Китеп менин жакыным.
Китеп өзү сыйкырдуу
Бүт кубулуш ичинде
Уйрөнгүнүн бүт жумшап
Эркиң менен күчүңдү.
“Кел китеп окуйлу”
Ким китеп окуса угат толкундун үнүн,
Керек болсо көрүп келет деңиздин түбү.
Ким китеп окуса өлкөлөрдү кыдырат,
Кылымдарга замандарга барып, бара алат.
Кызыктуу кызыктуу кызыгасын укмуштуу.
Кээде толкун сыйкырдуу, кел китеп окуйлу.
Ким китеп окуса жылдыздарга уча алат,
Самолётту жасап алып, асманга чыгат.
Билимдүү болобуз, биздин жакшы оюбуз,
Ата-энелер менен чогуу бирге окуйбуз.
3. Китептин келип чыгуу тарыхы (доклад)
Китептин качан пайда болгондугу туралуу так маалымат жок.Кагазды ойлоп тапканга чейин китеп жазуу өтө оор болгон .Египеттиктер ташка чегип жазышкан бир нече жумалап аскага асылып ташка чегип жазуу өтө оор болгон .Кетирген катасы үчүн кулдун башы алынчу .Ал кезде бир тамганы эмес бир сөздү түшүндүргөн .Бул ыкма азыр деле кытайда колдонулат.Ассирияда ылайдан китеп жасашкан жумшак ылайга учтуу таякча менен жазып, анан аны отко кактап кургатышкан.Бул аны алып жүрүү үчүн өтө ыңгайсыз болгон . Кийинчерээк кой ,эчки, музоонун терилерин ийлеп териден пергамент жасап, ошого жаза башташкан .Кагаз жасап чыгаруу да оңой болбогон.Бамбуктун сабагы ,дарактын кабыгы, кара курайды майдалап аки ташка аралаштырып, аны суткалап кайнатып ,андан чайырдын боткосу пайда болгон .Аны майда торчолордон өткөрүү менен жуп жука кагазды жаратышкан.1564-жылы Россияда төл башы китеп болуп Апостол аттуу китеп басылып чыккан.Андан кийин И.Федоров орустун биринчи -алиппесин түзгөн.Ошентип китеп басып чыгуу пайда болгон.
4.Көркөм окуу:
“Ким китептин душманы”.(А.Осмонов)
Ким китепти кир детсе,
Китеп баркын билбесе.
Жулуп алып барагын ,
Орой салса бир нерсе.
Ал- китептин душманы. (хор)
2.Ким китепти сүйбөсө
Кадырына күйбөсө
Чылым ороп шарт айрып
Калжың-кулжуң сүйлөсө
Ал- китептин душманы.(хор)
3.Ким китепти кордосо
Ырайымы болбосо
Сүрөттөрүн урдаса
Урдап көнгөн колдорчо
Ал- китептин душманы.(хор)
4.Бардыгынан ким жаман
Китеп жырткан шум жаман
Китепти сүйгөн балдардан
Наалат алсын ал адам
Ал- китептин душманы.(хор)
А.Осмонов
Китепти сүй
Китепти сүй, баркын бил,
Китептин көп акылы.
Ким китепке дос болсо,
Ал ошонун жакыны.
Сүттөй таза тилеги,
Деңиздей кең талабы.
Көктөй тунук акыйкат
Анын ар бир барагы.
Таалайдын жолун көрсөтүп,
Чакырып турат келчи деп.
Арамдыктан тазалап,
Жакшылыкка эрчитет.
Ошондуктан баркын бил,
Кирдебесин бир чети.
Сыя төгүп булгабай
Жакшы сакта китепти.
Азыркы мезгилде китеп жакшыбы же телефон? деген суроо баарыбызды ойлонтот.
Даниел деген,бир бала,
Колунда дайым телефон.
Китепти ачса-көзү илинет,
Таттуу түш көп деп уктай берет.
Анда эмесе китеп менен уюлдук телефондун сѳзγн угалы.
1-окуучу.
Китеп менен телефон,
Ызычууга тγшγштγ.
Экѳѳ терең ойлонуп,
Бир кемеде сγзγштγ.
Китепке ѳзγнчѳ мактанып
Телефон мындай кеп салды
Китепти абдан басынтып
Кыр издеп жалындап жанат.
Китеп менен телефон
Телефон: КИТЕП:
Эй сыр сандык китепче, Капалык менде болбойт,
Кѳнγл буруп карагын. Кѳнγлγм Кирге толбойт.
Сендеги заман эскирди, Билип койгун эскирсем да,
Азыр менин заманым. Бул китеп баарын ондойт.
Балдардын бары китепти, Адаштын, А балким бγгγн,
Окушпайт азыр мен бармын. Заманын болгон чыгаар.
Оюндун бары менде бар. Эстей жур китеп деген,
Мен ѳстγм артта сен калдын. Эч ѳчпѳс тарых сымал.
Эй китепче карачы, Китептин дѳѳлѳтγ бар,
Барактарын эскирген. А сенин кѳнγлγн тар.
Сендей азыр китепти, Китепти окуп келет,
Таба албайсын эч кимден. Балдардын акылы бар.
Эй китепче карачы, Эскирбейм,унутулбайм,
Азыр сага кеч кирген. Менде бар улуу дастан.
А мен азыр жарыкмын, Сенде болсо бγт баарысы,
Бγт баарын бат тийген. А менде болот дарман.
Капа болбо сѳзγмѳ, Сага баткан кγн да атаар.
Кѳнγлγндγ кирдетпе. Бγрдѳп турган гγл да ачаар.
Бир кγнγ басмаканадан бир чыккан эки китеп жолугушуп маектешип калышыпты.
1-китеп.
– Кандай досум, кѳрγшпѳгѳнγбγзгѳ кѳп болду, иии сага эмне болду? Ѳнγн азып, бозоруп, жγдѳп алыпсынго. Арыктап да кетипсин деги жашоон кандай?
2-китеп.
Ээ досум менде айта берсем арман кѳп мектепке келген сон эн жаман окуучуга туш болдум.Ал мени сырттап карамак турсун, барактарыма чийип, боёп, жазып салат.Керек болсо жалкоолугу кармаганда, тапшырма аткарбаш γчун барактарымды айрып салат, сыртымды этимден эчаак эле бѳлγп салган, башка китептерден уялам.Ал болсо «3»тγ кээде албаса, алган баасы «2». А ѳзγн жѳнγндѳ айтчы, сен жакшынакайсын го, жылтырайсын, барактарын да аппа, тапптаза боюнча го?
1-китеп.
Мен болсо эн жакшы окуучунун колундамын.Ал мени
алган кγнγ эле сырттап, окуп, барактарымды да бγктѳбѳйт,
кадырлап кармайт.Барактарымда бир да жазуу чийуу кѳрбѳйсγн,
колун дайыма самындап жууп, анан мени окуйт.Мени дайыма
китеп текчеде сактайт.Мен да аны дайыма «5» деген баага окутам.
Бул жомокто табышмак жок
Китептерде айып жок
Кандай окуучу экенин
Ойлонуп кѳр ѳзγн талда.
Мугалим
Урматтуу мугалимдер жана окуучулар мына баарыңыздар күбө болдуңуздар китеп жөнүндө көптөгөн жакшы сөздөр,ырлар айтылды.Албетте китеп көзүңдү ачат дүйнөнү кооздукту ,сулуулукту,улуулукту таанытат “Китеп билим булагы , билим- өнөр чырагы” деген макал бекеринен айтылбаган чыгар Илим –билим, дасыккан адистик ,көркөм дүйнө аркылуу өз максатына жетүүгө болот.Китеп биздин байлыгыбыз аны булгабай ,кордобой кийинки келечек муундарга мурас катары калтырышыбыз керек.Китептин баркын билүү ,аны көздүн карегиндей сактоо ар бир атуулдун милдети,биздин милдетибиз .Китеп жөнүндө улуу акын таасирдүү педагог Жусуп Баласагын мындай деген : “Инсандын жетилүүсүндөгү билимдин китептин ролун жогору баалап Билимсиз адам бактылуу боло албайт, инсандын зоболосун билим көтөрөт. Билим адамдын куту,ийгилиги,бактысы”-деген мына ошондуктан китепти көздүн карегиндей таза сактап көп көп окуп келечекте улуу инсандардан билимдүү адамдардан болушуңарга мен чын жүрөктөн тилектешмин.
Эмесе ушуну менен 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган кечебиз соңуна чыкты көңүл бурганыңыздарга ырахмат.








Алибай кызы Гүлжаз
Нурмолдо атындагы № 28 жалпы негизги билим берүүчү мектеби
Даярдаган: Башталгыч классынын мугалими, Ала-Бука ройону
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg 23-АПРЕЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ «СЕН КИТЕПТИ АЧАСЫҢ, АЛ СЕНИ…”
-
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ ПРОГРАММАСЫ
-
-
-
08.10.2024 / Автор anarkan_kg АЯРЛУУ КАТМАРДАГЫ 100 ҮЙ- БҮЛӨГӨ АЗЫК-ТҮЛҮК БЕРИЛДИ
Маек
Абдылбакы ААЛИЕВ: “ЭЛДИН ТАКАЙ ЖАРДАМЫНА МУКТАЖБЫЗ!”
Учурдагы социалдык жана экономикалык каатчылык майыптыгы бар мекендештерибизди деле кыя…
-
17.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖООГАЗЫНДЫН 17 ТҮРҮН ЭККЕН КАЙЫРГҮЛ АЙЫМ
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.