Аймак

ОШ ШААРЫНДА ЗАЛКАР АКЫН ЖОЛОН МАМЫТОВДУН 85 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА АКЫНДЫН АЙКЕЛИ АЧЫЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА ЗАЛКАР АКЫН ЖОЛОН МАМЫТОВДУН 85 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА АКЫНДЫН АЙКЕЛИ АЧЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Бүгүн, 28-май күнү Ош шаарында чыгаан акын Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине карата анын айкели жана жаңыдан курулган аллея расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов, ТҮРКСОЙ эл аралык маданий уюмунун башкы катчысы Султан Раев, акындын жубайы, кыргыз эл жазуучусу Меңди Мамазаирова жана башка расмий коноктор катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жолон Мамытовдун чыгармалары казак, өзбек, түрк жана татар тилдеринде окулду. Конокторго ошондой эле маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, акындын чыгармачылык мурасы көркөм өнөр аркылуу даңазаланды.

Жаңы аллея жана айкел шаардын маданий жашоосуна эстетикалык салым кошуп, жаш муундар үчүн патриоттуулуктун жана руханий баалуулуктардын символу болуп калмакчы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17