Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
1 Бардыгы / Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) студенттери жаштар ишкерчилигин колдоого багытталган «Студенттик стартап – 2025» республикалык сынагында жеңүүчү аталды. Натыйжада алар стартап-долбоорлорун жүзөгө ашырууга мамлекеттик гранттарды – акчаларды дагы утуп алышты. Аталган сынак Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы «Студенттик стартап» пилоттук Программасы туурасындагы токтомунун негизинде өткөрүлдү. Негизги максаты – жаштардын ишкердик демилгелерин колдоо жана […]
2 Бардыгы / Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) студенттери жаштар ишкерчилигин колдоого багытталган «Студенттик стартап – 2025» республикалык сынагында жеңүүчү аталды. Натыйжада алар стартап-долбоорлорун жүзөгө ашырууга мамлекеттик гранттарды – акчаларды дагы утуп алышты. Аталган сынак Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы «Студенттик стартап» пилоттук Программасы туурасындагы токтомунун негизинде өткөрүлдү. Негизги максаты – жаштардын ишкердик демилгелерин колдоо жана […]
ОШМУнун СТУДЕНТТЕРИНИН ЭКИ СТАРТАП-ДОЛБООРУ «СТУДЕНТТИК СТАРТАП – 2025» СЫНАГЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛДЫ
11.03.2026 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) студенттери жаштар ишкерчилигин колдоого багытталган «Студенттик стартап – 2025» республикалык сынагында жеңүүчү аталды. Натыйжада алар стартап-долбоорлорун жүзөгө ашырууга мамлекеттик гранттарды – акчаларды дагы утуп алышты.
Аталган сынак Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы «Студенттик стартап» пилоттук Программасы туурасындагы токтомунун негизинде өткөрүлдү. Негизги максаты – жаштардын ишкердик демилгелерин колдоо жана жогорку окуу жайларда инновациялык бизнес-идеяларды мындан ары өнүктүрүү. Бул сынакты Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси уюштурган. Өтүнмөлөр 2025-жылдын 12-майынан 12-августуна чейин кабыл алынып, өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын студенттеринен жалпы жонунан 72 стартап-долбоор сунушталган. Эксперттик комиссиянын корутундусуна ылайык мыкты делген 14 долбоор финалга чыгып, алардын арасынан жеңүүчүлөр аныкталды. Ош мамлекеттик университетинен дагы эки стартап-долбоор жеңүүчү деп табылып, мамлекеттик гранттарды утуп алышты.
БИРИНЧИ ДОЛБООР – «Тикенектүү артишокту (Cynara scolymus L.) Кыргызстанда өстүрүү жана андан капсула чыгаруу». Долбоордун гранттык суммасы 790 миң 850 сомду түзөт. Мунун алкагында артишок өсүмдүгүн өстүрүп, жалбырактарынан алынган экстракттын негизинде биологиялык активдүү кошумча катары колдонулуучу капсулаларды өндүрүү пландаштылууда. Долбоорду «ОФД и ФГЗ» кафедрасынын башчысы, QA-инженер Жекшен Маматов, окутуучу, өндүрүш боюнча кызматкер Сымбат Чубакова, аспирант, өндүрүш боюнча кызматкер Руслан Ганыев, окутуучу, маркетолог Рустам Маматов, аспирант, бухгалтер Назпери Раззакова, ассистент-стажёр, Нурсеит Сатаров, студент, өндүрүш боюнча кызматкер Улугбек Мойдинов жана студент, өндүрүш боюнча кызматкер Нурислам Абдираимжан уулу жүзөгө ашырган.
ЭКИНЧИ ДОЛБООР – «Eco түтүктөр». Грант суммасы – 598 миң сом. Бул стартап полиэтилен калдыктарын кайра иштетүү аркылуу курулуш материалдарын, тактап айтканда түтүктөрдү өндүрүүгө багытталган. Долбоор айлана-чөйрөнү коргоо, калдыктарды азайтуу жана жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Долбоорду жүзөгө ашыруучу команда – студент, координатору Гүзель Асырасынова, студент, HR Самира Матазимова, студент, бухгалтер Нурсултан Кочкоров, инженер Калыбек Мирлан уулу жана студент, өндүрүш боюнча кызматкер Нурлес Эргешов.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана келишимдерге кол коюу аземи «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мекемесинин директору Чыңгыз Жантаев, серепчилер, ошондой эле өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору жана стартап-командалар катышышты. Аталган аземге ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана ОшМУнун Бизнес паркынын директору Эрлан Камалов дагы активдүү аралашып, студенттердин жетишкендиктерин баса белгилешти.
Баса, Ош мамлекеттик университетинде жаштардын ишкерчилигин өнүктүрүү жана инновациялык идеяларды колдоо иштери ОшМУнун Бизнес паркы аркылуу ырааттуу түрдө жүргүзүлүп келатат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
11.03.2026 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИН МЫНДАН АРЫ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ БАШКАРАТ
-
-
13.03.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ АЧЫЛДЫ
-
18.03.2025 / Автор anarkan_kg АБДЫЖАПАР АККУЛОВ: «АДАМ – ЖАРАТЫЛЫШ ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ»
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.