Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1 Бардыгы / Бүгүн, 16-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, белектерин тапшырды. Жалал-Абадда алгачкы жолу облус башчысынын окуучулар арасындагы предметтик олимпиадасы жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган билим таймашына облус боюнча бардык район жана шаарлардан жалпы сынактардын негизинде 4 528 окуучунун арасынан тандалып алынган 147 окуучу катышты. Катышуучулар математика, география, физика, […]
2 Бардыгы / Бүгүн, 16-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, белектерин тапшырды. Жалал-Абадда алгачкы жолу облус башчысынын окуучулар арасындагы предметтик олимпиадасы жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган билим таймашына облус боюнча бардык район жана шаарлардан жалпы сынактардын негизинде 4 528 окуучунун арасынан тандалып алынган 147 окуучу катышты. Катышуучулар математика, география, физика, […]
ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДАГЫ ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
16.03.2026 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Бүгүн, 16-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, белектерин тапшырды.
Жалал-Абадда алгачкы жолу облус башчысынын окуучулар арасындагы предметтик олимпиадасы жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган билим таймашына облус боюнча бардык район жана шаарлардан жалпы сынактардын негизинде 4 528 окуучунун арасынан тандалып алынган 147 окуучу катышты.
Катышуучулар математика, география, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча өз билимдерин сынашты.
Сыйлоо аземинде облус башчысы Тилек Текебаев окуучуларды жана аларды даярдаган мугалимдерди куттуктап, мындай билим таймаштары жаштардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, алардын өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңири көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Олимпиаданы уюштурууга жана байге фондуна облус башчысынын резервдик фондунан жана демөөрчү Асилбек Муратбековдун колдоосу менен жалпы 1 миллион 50 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул каражаттын негизги бөлүгү жеңүүчүлөрдү сыйлоого жана иш-чараны өткөрүүгө багытталган.
Салтанаттын жүрүшүндө олимпиаданын 18 жеңүүчү окуучуларына диплом, телефон, телевизор жана планшеттер тапшырылды. Ошондой эле окуучулары алдыңкы орундарды камсыздаган 17 мугалимге ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Жыйында Манас шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет тарабынан жеңүүчүлөргө атайын окуу жеңилдиктери берилди. Ага ылайык, 1-орунду камсыздаган окуучуларга 100 пайыз, 2-орунду ээлегендерге 50 пайыз, ал эми 3-орунду алган окуучуларга 30 пайыздык окуу төлөмүнүн жеңилдик сертификаттары тапшырылды.
Олимпиаданын тесттик тапшырмалары Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан даярдалган.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
16.03.2026 / Автор anarkan_kg «МАКМАЛ ГОЛД КОМПАНИ» 120 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
-
-
17.03.2025 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА “КОШУМЧА ЖАБДЫК” РЕЙДИ ЖҮРҮҮДӨ
-
25.03.2025 / Автор anarkan_kg КЫЗЫЛ СЫЗЫКТАН ЧЫККАН КУРУЛУШТАР БУЗДУРУУЛУУДА
-
27.03.2025 / Автор anarkan_kg АЙТ КҮНДӨРҮ ЖОЛ КИРЕ АКЫЛАРЫН КӨТӨРҮҮГӨ ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.