Аймак

ӨЛКӨДӨ АКЫРКЫ КОҢГУРОО МАЙРАМЫ 29-МАЙДА ӨТӨТ

ӨЛКӨДӨ АКЫРКЫ КОҢГУРОО МАЙРАМЫ 29-МАЙДА ӨТӨТ

 3 Бардыгы /

Кыргызстанда акыркы коңгуроо ишчарасы 29-майда өтөт. Министрлик бул күнү бардык жактарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Агартуу министрлиги 29-майда өтө турган «Акыркы коңгуроо» салтанатына байланыштуу бүтүрүүчүлөргө жана ата-энелерге эскертүү берди.

Министрлик мектептерде жана майрамдык иш-чараларда коопсуздук талаптарын так сактоого чакырып, төмөнкүлөргө: «Акыркы коңгуроо» салтанатын өткөрүү үчүн акча чогултууга; мугалимдерге же мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат чогултууга; мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштурууга тыюу салды жана та-энелерге материалдык басым көрсөтүү мыйзамсыз болуп эсептелет.

Ошондой эле министрлик мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, «Акыркы коңгуроо» майрамы коопсуз жана ашыкча чыгымсыз өткөрүлүшүн эскертти.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17