Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
4,840 Бардыгы / Районубуздагы №3 Н.Орозалиев атындагы инновациялык орто мектебинде ата-энелер менен биргеликте алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келет. Буга мектептин жаңы келген директору Боронбаев Үсөн Токтоматовичтин эмгеги десек болот. Анткени ал жан үрөп, мектеп үчүн ата-энелер, демөөрчүлөр менен биргеликте иш жүргүзүп келүүдө. Сырттан караган кишиге мектептин ичиндеги толгон-токой маселелер, чарбалык иштер анча мааниге ээ эместей көрүнөт. А […]
4,841 Бардыгы / Районубуздагы №3 Н.Орозалиев атындагы инновациялык орто мектебинде ата-энелер менен биргеликте алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келет. Буга мектептин жаңы келген директору Боронбаев Үсөн Токтоматовичтин эмгеги десек болот. Анткени ал жан үрөп, мектеп үчүн ата-энелер, демөөрчүлөр менен биргеликте иш жүргүзүп келүүдө. Сырттан караган кишиге мектептин ичиндеги толгон-токой маселелер, чарбалык иштер анча мааниге ээ эместей көрүнөт. А […]
АК ЭМГЕКТИН АКЫБЕТИ КАЙТАТ
04.03.2019 / Автор aymak4,842 Бардыгы /
Районубуздагы №3 Н.Орозалиев атындагы инновациялык орто мектебинде ата-энелер менен биргеликте алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келет. Буга мектептин жаңы келген директору Боронбаев Үсөн Токтоматовичтин эмгеги десек болот. Анткени ал жан үрөп, мектеп үчүн ата-энелер, демөөрчүлөр менен биргеликте иш жүргүзүп келүүдө.
Сырттан караган кишиге мектептин ичиндеги толгон-токой маселелер, чарбалык иштер анча мааниге ээ эместей көрүнөт. А бирок мектептин ичине кирип, көйгөйлөр менен таанышып чыкканда гана ынанасың.
Бүгүнкү күндө мектепте жүргүзүлүп жаткан ар бир иш-чара ата-энелердин жана жергиликтүү бийликтин камкордугусуз өтпөй калды. Азыркы учурдагы техникалык өсүп-өнүгүү, маалыматтык кылымдын, маалыматтык коомдун кирип-келиши окуучуларды заманга жараша тарбиялоо мугалимдер үчүн талап экендигин эске ала кетсек, ар бир баланын келечеги үчүн ар бир ата-эне кайдыгер карабашы керек.
Биздин мектепте ата-энелер менен болгон байланышты күчөтүү максатында оозго алынарлык иштер жүрүп, өз жардамын аябай, мектеп жана балдардын келечеги үчүн кол сунган ата-энелер арбын болду.
Окуу жылынын башында ата-энелердин каалоосу менен камкорчулар кеңеши түзүлүп, аны өздөрү чогултуп, ага чогулган акчалар өз эсеби менен натыйжалуу иштетилип жатат.
Мектеп директору Ү.Боронбаевдин берген маалыматына таянсак, ата-энелер тарабынан топтолгон каражаттарга төмөнкүдөй иштер аткарылган:
Мектептин күн чыгыш тарабын темир тосмолор, 6 даана окуучулар үчүн фудбол, волейбол, баскетбол топтору, окуучулардын ийгиликтери үчүн “Грамоталар” “балаты-2019” майрамга карата окуучулардын белектерине, мектеп менен байланышты күчөтүү максатында нөөмөтчүлүккө телефон, информатика кабинетине клавиатура, кабелдер, 6 даана замок, 5 даана компьютерди оңдоо ишин жүргүзүштү. Андан сырткары Ала-Бука айыл өкмөтү жана жергиликтүү бийлик мектептин жылытуу системасына быйылкы жылга 2 500 000 (эки жарым млн.) сом карала турганын айтышты.
Ошону менен бирге кышкысын күндүн кыскалыгына байланыштуу кечкисин үйү алыс окуучулардын ата-энелери унаа менен ташуу жагын колго алышкан. Буга 2 “Дамас” унаасы кезектешип ташышат. Ал эми мектептин коомдук иштерине жакындан жардам беришкен демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз. Алар мектеп окуучуларына жана мугалимдерине “Жаңы-жылдык белек” катары сертификаттарын тапшырышты.
Айыл өкмөтү, ВПООН жана ата-энелердин жардамы менен быйылкы окуу жылынан баштап башталгыч класстар ысык тамакка өтүп, анда 280 окуучу ысык тамак менен тамактанышып жатат. Ошондой эле мектепке суу каналын киргизип, таштандыларды таштоо үчүн урна орнотулду. Мектептин айланасы тосулуп, жанаша жайгашкан үй –бүлөлөргө таштанды таштабоо, тазалыкты сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Анткени тазалык баарыбыз үчүн керек.
Билим уясы болгон коомдук жайыбыз таза болсо, балдарыбыздын дени сак болот эмеспи.
Жогорудагы аткарылган иштерге жакындан жардам көрсөткөн айыл аймагынын башчысы Дооронбек уулу Мунарбекке, айылдык кенешинин депутаттарына жана ата-энелерге терең ыраазычылыкты айтып кеткибиз келет. Сиздердин сунган колуңуздар балдарды жаркын келечекке жетелейт-дейт мектеп директору Үсөн Боронбаев.
Зуура Маатова,
мектептин кыргыз тили
жана адабияты мугалими
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДАГЫ ПУШКИН КӨЧӨ 4 ЖЫЛДА ЖАРАКА АБАЛГА КЕПТЕЛГЕН
-
24.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДӨ 137 МИЛЛИОН СОМДУК ЗАМАНБАП ООРУКАНА КУРУЛАТ
-
02.06.2023 / Автор anarkan_kg МАЙЛУУ-СУУ ШИИБде “БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ” АЧЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.