Аймак

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫК МААРЕКЕСИНЕ КАРАТА ДАЯРДАЛГАН САХНАЛАШТЫРУУ КЕЧЕСИНИН СЦЕНАРИЙИ

 13,323 Бардыгы /

№34 А. Ботоев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин музыка ийриминин окуучулары 2018-жыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата даярдалган сахналаштыруу кечесинин сценарийи.

Класстан тышкаркы сабакты уюштуруунун максаты:

  1. Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов боюнча маалыматтарды алышат
  2. Өз чыгармачылыгын өнүктүрүшөт
  3. Патриоттуулукка тарбияланышат.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган сценарий:

  1. Саламдашуу
  2. Жазуучу жөнүндө маалымат
  3. Декломадция
  4. Жеке номер
  5. Чыгармалардан кыскача көрүнүш
  6. Саламдашуу – Ширин, Эрлан

Ширин : Кыргыз деген кылым кезген калк эле,

Кыргызымда Чыңгыз деген бар эле.

Кыргыз атын таанытып бүт ааламга.

Кыргыз үчүн Чыңгыз өчпөс шам эле.

Эрлан: көөнөрбөс көңүлүнөн алып жазды,

Дүйнөгө нурун төгүп жанып жазды.

Көп чыгарма көгөрткөн калем сабын,

Кыргыздын тарыхына малып жазды.

Ширин: көп чыгарма жетишпей жазылганча,

Көп кендери жазылбай казылганча.

Адабият кампасы жабык калды,

Кампачы жок чыгарып сапырганга.

Эрлан: Кыргыз өсүп, алгаласа турмушта,

Колун созуп, жетсе дагы жылдызга.

Кыргызымдын жүрөгүндө сакталып,

Кылымдарга жашай берет Чыңгыз да.

Ширин: “Адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуу”,

Деп айткан Чыңгыз атам эң оболу.

Эрлан: Адамдык касиетти сактай билип,

Кыргызым бар бололу, бир бололу.

  1. Маалымат : Каира

Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов азыр тирүү болгондо быйыл 90жашка толмок. Ч. Айтматов 1928-жылы Таластын Шекер айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучунун ата-энеси Төрөгул Айтматов жана Нагима Хамзаева өзучурунда билимдүү , маданияттуу болушуп, анын орус тили жана адабият менен эрте таанышуусуна шарт түзгөн.

Орус тилин жакшы билгендиктен ал мектеп жашынан эле адабий китептерди көп окуп, билимин жогорулатууга, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга өтө ынтызаар болот.

Бала чагында атасы “Эл душманы” деген жалаа менен дайынсыз жоголуп, андан соң Улуу Ата Мекендик согуштун катаал мезгилине туш болот. 14 жашында Айыл өкмөтүнүн катчысы болуп иштейт. Андан сон трактор Ббригадасында эсепчи болуп иштеген.

Жамбыл шаарындагы техникумга окуп, мыкты студент болгон. Ал жерде “5” деген баага аяктап, 1948-жылы Фрунзедеги Скрябин айыл чарба институна тапшырат. Анын чыгармасынын башаты мына ушул күндөрдөн башталат.

Жазуучунун “Биринчи мугалим”, “Бетме-бет”, “ак кеме”, “Гүлсарат”, “Кыямат”, “Атадан калган туяк” жана башка чыгармаларды жараткан.

Ч. Айтматовдун чыгармалары 180 дүйнө тилдерине которулган.

  1. Декломадция

Аалам таанып атың калды.

Ааламга түбөлүктүү түркүк болбой,

Ала-Тооңу таштап кеттиң көлгө конбой.

Ак кемең өзүң айдап түбөлүккө,

Ар дайым Ысык-Көлүң турат тоңбой.

Асылган өлүм сени алып кетти,

Аеосуз, мээрими жок ажал оңбой.

  1. Артыңда сүрөтүң бар киноң калды,

Ааламга тартууладың буларды.

“Атадан калган туяк” арман айтып,

Ар улут жаратат го жаңыларды.

  1. Жамийлаң жапжаш бойдон дагы калды,

Жактырат окурмандар Даниярды.

Кыпкызыл бышкан бойдон алмаң турут,

Кыйылбай таштап кеттиң сен буларды.

Кетем деп, кейип-кепчип ойлондуңбу,

Калтырып эли-журтуң, курбуларды.

  1. Өлүмгө кеткен жоксун Чыңгыз аба,

Өлүмгө эч табылбайт такыр даба.

Өлбөгөн чыгармалар таштап кетип,

Өчпөгөн китеп жазып бүт ааламга.

  1. Өзүңдү тирүү сезип журтуң жүрөт,

Өзгөчө көңүл бөлүп чыгармаңа.

Дүнүйө таанып билген атың калды,

Дүйшөнүң, Бетме-бетиң, Кызыл алма

  1. Таш боор ажал алып кетти Чынгызды,

Таш түшкөндөй кайгы басты кыргызды.

Толгонайдай боздоп нечен энелер,

Тоо көчкөндөй санаа басты кыргызыды.

  1. Адам чиркин дүйнөгө бир жаралат,

Аттиң, Чыңгыз эми кайдан жаралат.

Аалам кезип, нечен Чыңгыз чыкса да,

Аалам алпы Чыңгыздай ким жаралат.

  1. Көп чыгарма жазылбай ыйлап калды

Жазуучунун жүрогү туйлап калды.

Учурап орду толгус жоготууга,

Кыргыздын боору ачышып сыздап калды.

  1. Жеке номер Сезимай, Уланбек. “Кыргызым”
  2. Көрүнүштөр.

* Бетме-бет.

* Саманчынын жолу

* Ак кеме

* Биринчи мугалим чыгармаларынан үзүндү аткарышат.

Чыңгыз ага тирек болуп кыргыз калкка,

Чыгармаң түнөк алды ар бир жанда.

Дүйнөнү дүңгүрөтүп арабызда,

Жашай бер, сен жүрөктө Чыңгыз ата! Хор айтылат.

Класстан тышкаркы ишти даярдаган көркөм жетекчиси Оморбекова Бактыгүл

№34 А. Ботоев атындагы жалпы негизги билим берүүчү мектеби

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17