Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
4 Бардыгы / Бүгүн, 27-декабрда Президент Садыр Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушунун башталышына старт берди. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун баштоо аземине катышты.Масштабдуу аймактык долбоордун негизинин курулушу Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында башталды.Мамлекет башчы салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу – бул жөн гана […]
5 Бардыгы / Бүгүн, 27-декабрда Президент Садыр Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушунун башталышына старт берди. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун баштоо аземине катышты.Масштабдуу аймактык долбоордун негизинин курулушу Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында башталды.Мамлекет башчы салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу – бул жөн гана […]
ЖАЛАЛ-АБАДДА “КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН”ТЕМИР ЖОЛУНУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
27.12.2024 / Автор anarkan_kg

6 Бардыгы /
Бүгүн, 27-декабрда Президент Садыр Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушунун башталышына старт берди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун баштоо аземине катышты.Масштабдуу аймактык долбоордун негизинин курулушу Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында башталды.Мамлекет башчы салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө экенин баса белгиледи.“Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдайт, транспорттук багыттарды диверсификациялоо жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарына жооп берет”, – деп ырастады Садыр Жапаров. Андан соң Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шаньцзе КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин кайрылуусун окуду.Ал белгилегендей, бул долбоор Азия менен Европаны бириктирген жаңы кургактагы коридордун курулушуна шарт түзүп, үч өлкөнүн ортосундагы адамдардын кыймылынын жана соода жүгүртүүнүн деңгээлин бир топ жогорулатат. Долбоор өнөр жайды натыйжалуу өнүктүрүүгө, ресурстарды өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле соода жүргүзүүгө жана инвестиция тартууга шарт түзөт. Бул аймактын гүлдөп-өсүшүнө чоң таасирин тийгизмекчи.Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстандын вице-премьер-министри Жамшид Хожаев окуп берген кайрылуусунда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан”темир жолунун курулушунун башталышы биздин достош өлкөлөр дээрлик 30 жылдан бери келе жаткан тарыхый окуя экени белгиленген. Ал Борбор Азия чөлкөмүн Кытай менен эң кыска кургактыктагы жол аркылуу байланыштырган эл аралык маанидеги жаңы транспорттук артерия үч мамлекеттин көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө болорун баса белгиледи.Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушунун негизине алгачкы ташты салуу аземине катышты.










WWW.
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
04.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ЧАТКАЛДА “ЫР КЕСЕ” МАЙРАМЫ ТАРТУУЛАНДЫ
-
04.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКЕНДЕ ЭТ ЖАНА КАРТОШКАГА БОЛГОН БААЛАР КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ
-
-
14.02.2024 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНУНДА ЖАЗГЫ ТАЛАА ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ
-
20.02.2024 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ БАЛЫКЧЫДА ЭЛ МЕНЕН КЫЗЫЛ-ОМПОЛДУ ИШТЕТҮҮНҮ ТАЛКУУЛАДЫ
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.