Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
916 Бардыгы / Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) алдында Өзбекстандагы жогорку окуу жайларга которулуп, документтерин алып кетүүнү каалаган өзбекстандык студенттердин узун кезеги жаралды. 2-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасы ачылгандан кийин Ошко документтерин алууга келген өзбекстандык студенттер көбөйгөн. Алар Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда бир нече күндөн бери кезекте турушат. «Биз бул университеттен Анжияндагы айыл чарба институтуна которулганбыз. 3-4 […]
917 Бардыгы / Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) алдында Өзбекстандагы жогорку окуу жайларга которулуп, документтерин алып кетүүнү каалаган өзбекстандык студенттердин узун кезеги жаралды. 2-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасы ачылгандан кийин Ошко документтерин алууга келген өзбекстандык студенттер көбөйгөн. Алар Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда бир нече күндөн бери кезекте турушат. «Биз бул университеттен Анжияндагы айыл чарба институтуна которулганбыз. 3-4 […]
ОшМУда ДОКУМЕНТТЕРИН АЛЫП КЕТҮҮНҮ КААЛАГАН ӨЗБЕКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИН УЗУН КЕЗЕГИ ЖАРАЛДЫ
24.09.2020 / Автор aymak918 Бардыгы /
Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) алдында Өзбекстандагы жогорку окуу жайларга которулуп, документтерин алып кетүүнү каалаган өзбекстандык студенттердин узун кезеги жаралды.
2-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасы ачылгандан кийин Ошко документтерин алууга келген өзбекстандык студенттер көбөйгөн. Алар Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда бир нече күндөн бери кезекте турушат.
«Биз бул университеттен Анжияндагы айыл чарба институтуна которулганбыз. 3-4 күндөн бери академиялык маалымкат ала албай турабыз. Бул жерде киши көп, бөлмөдө бир эле кызматкер иштеп жатат», — деди өзбекстандык студенттердин бири.
Өзүн Мухлиса деп тааныштырган студент кыз Наманган мамлекеттик университетине которулганын билдирди. Ал азыр эки өлкөдөгү университет тең контракт төлөөнү талап кылып жатканына нааразы болууда.
– Биз ОшМУга окуу жылдын биринчи жарымы үчүн контракт төлөгөнбүз. Эми экинчи жарымы үчүн да контракт төлөшүбүз керек экенин айтып жатышат, бул 19 миң сом. Калган алты ай үчүн биз Өзбекстандагы окуу жайга төлөгөнбүз да. Азыр эки окуу жайга тең төлөш керек болуп жатат. Биз Өзбекстандагы окуу жайларга которулуп жатканда контракттын 50% гана төлөп, документтерибизди өзүлөрү алып келерин билдиришкен. Эмнеге өзбек тарап бул маселелерди чечип бербейт? Үч күндөн бери Кыргызстанда жүрөбүз, батирге, тамак-ашка акча коротуп жатабыз», – деди ал.
ОшМУнун Өнүгүү жана инвестициялар департаментинин директору Жанболот Турсунбаевдин айтымында, студенттер Өзбекстандагы окуу жайларга которулгандан кийин ал жактан «студент окууга кабыл алынгандыктан, аны Ош мамлекеттик университетинен чыгаруу» тууралуу билдирүү келиши керек болчу. Бул документтин негизинде студент окуудан чыгарылып, ошол күндөн тартып контракт төлөө токтотулмак.
«Өзбек окуу жайларынын көбүнөн мындай билдирүүлөр келип, студенттер окуудан чыгарылган. Бирок айрым билдирүүлөр бизге келген жок. 2-сентябрда чек ара ачылгандан кийин мындай билдирүүлөдү айрым студенттер өздөрү алып келишти. Анда студент Өзбекстандагы окуу жайга качан кабыл алынгандыгы көрсөтүлгөн. Биз документтеги датадан баштап студенттен контракт алууну токтотобуз. Азыр бизге дароо 2-3 миң студент келгендиктен, узун кезек жаралды. Ошондуктан аларды тейлей турган кызматкерлерди да көбөйттүк», — деди Турсунбаев.
Өзбекстандын жогорку жана орто атайын билим берүү министринин 6-февралдагы буйругу менен Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда окуп жаткан миңдеген өзбекстандык студентке сынактарсыз жергиликтүү университеттерге которулууга уруксат берилген. Бул буйрук чыккандан кийин Ош мамлекеттик университетинде окуп жаткан 3500 өзбекстандык студенттин көбү мекениндеги окуу жайларга которулуп кетишкен.
www.
Автор aymak
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg “СЕЗИМ СЫРЛАРЫ” АТТУУ ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.10.2025 / Автор anarkan_kg БЕНАЗИР НУРЛАНОВА ЭКОНОМИКА МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
06.12.2025 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЭТТИН БААСЫ БОЮНЧА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.