Өлкө аймактары менен кубаттуу
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,714 Бардыгы / Эртең телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы.1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан. 1995-жылдын 23-декабрындагы Кыргыз Өкмөтүнүн №566 токтому менен 8-декабрь телевидение жана радио күнү катары майрамдалып келүүдө. Биздин редакция да бул тармакта иштеген кесиптештерибиздин чыгармачылыгына саресеп салдык. Алгач 30 жылдык тарыхы бар Жалал-Абад облустук телеканалында учурда […]
1,715 Бардыгы / Эртең телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы.1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан. 1995-жылдын 23-декабрындагы Кыргыз Өкмөтүнүн №566 токтому менен 8-декабрь телевидение жана радио күнү катары майрамдалып келүүдө. Биздин редакция да бул тармакта иштеген кесиптештерибиздин чыгармачылыгына саресеп салдык. Алгач 30 жылдык тарыхы бар Жалал-Абад облустук телеканалында учурда […]
ТЕЛЕВИДЕНИЕ – МААЛЫМАТ БЕРҮҮНҮ НЕГИЗГИ БУЛАГЫ
08.12.2021 / Автор anarkan_kg1,716 Бардыгы /
Эртең телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы.1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан. 1995-жылдын 23-декабрындагы Кыргыз Өкмөтүнүн №566 токтому менен 8-декабрь телевидение жана радио күнү катары майрамдалып келүүдө.
Биздин редакция да бул тармакта иштеген кесиптештерибиздин чыгармачылыгына саресеп салдык. Алгач 30 жылдык тарыхы бар Жалал-Абад облустук телеканалында учурда “Таң” программасын жана “Ден соолук” көрсөтүүсүн алып барып жаткан Жумагүл ЗАКИРОВАны маекке тарттык.
-Саламатсызбы, айтсаңыз журналисттик жолуңуз качан башталган?
– Саламатчылык, мен бул кесипке студент кезимден эле келгем. 3-курста окуп жатканда Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу “Жалал-Абад үнү” гезитинде иштеп баштаганмын. Албетте алгач кыйын болгон. Анткени кантип жазууну, кантип маалымат чогултуу дегенди билчү эмесмин. Убакыт өткөн сайын баарын өздөштүрүп үйрөнгөнгө жетиштим. Бирок жан дүйнөм телевидениени эңсегендиктен теле жаатына өттүм. 2 жыл гезитте иштегенден кийин кастинг менен жеке менчик телевидениеде иштей баштадым. Ал жакта да оңой болбоду. Анткени гезит менен ТВнын да айырмасы чоң экен. Мен эч убакта барып эле мыкты болуп кеттим деп айта албайм, ыйлаган күндөрүм көп болгон.
-Бул кесипти аркалооңузга эмне түрткү берген?
– Бул кесип балалыктагы кыялым, ата-энемдин аракети, атамдын атын алыска таанытуу максатында тандаган кесибим. Ата-энемдин мага болгон ишеними түрткү болду десем болот. Жеке менчик каналга өткөн учурумда атам ооруп жаткан. Ата-энебиз бизге өлбөчүдөй сезилет эмеспи? Мен эфирден Закир кызы Жумагүл деген атым чыкса, ошондо мага атам жакшы болуп кете тургандай сезилген. Ошол үчүн да Ош шаарындагы каналдардын биринде стажировкада жүргөм. Бир ай үйрөнүп жүрүп, “дүйшөмбү күнү эфирге чыгасың, тартып көрөбүз” – дегенде кубанып, айылга ата-энемден бата алууга келгем. Атам өлүм менен алышып жаткан кезинде да мени жумушуңа бар деп, аны көргөнү келгендерге кызым эфирден чыгат деп мактанат болчу. Тилекке каршы атамдын батасын алдым, бирок эфирге чыкканымды көрбөй калды. Ошол учурдан баштап кандай кырдаал болбосун мен ушул кесипте иштейм, атам көрбөгөндү апам көрөт деп өзүмө сөз бергем жана аракеттенүүдөмүн.
–Журналист деген ким жана ал кандай болуш керек?
-Эң алгач журналист да жөнөкөй адам экенин унутпашыбыз керек. Ушул кесип аркылуу башка облуска да барып эмгектенип келген жайым бар. Ошол жакта эл аралап көп жүрдүм, мындан улам айта алам журналист бийлик менен карапайым калктын ортосундагы көпүрө. Журналистмин деген адам баары менен тил табыша билүүсү керек. Ар кандай кырдаалга, түрдүү тагдырларды көрүүгө даяр болуш керек. Эки жолу эфирге чыгып же үч жолу микрофон кармоо менен көкөлөп кетпөөсү шарт. Бир адамдын эмес, бир өлкөнүн кызыкчылыгын ойлоого милдеттүүбүз. Азыр универсалдуу журналисттерге талап күч, андыктан монтаж, сайт, гезит, эфирге чыгуу, деги эле материалды нолдон баштап даярдоону өздөштүргөн оң.
– Съемка учурунда кандай кызыктуу окуяларга кабылгансыз?
-Съемка учурунда эң эле эсте калганы анда Ошто “Ынтымак” ТРКсында иштейт болчум, алыс айылга сьемкага барганбыз. Баарын тартып, каармандарды сүйлөтүп бүткөндөн кийин операторумдун флешкасы жок экенин айтканда аябай жаман абалда калганбыз. Жаңылыктарда диктор болуп чыга баштаганымда түз эфирде суфлёрубуз иштебей калган, ошол убакытта мен “эмне өткөрбөй жатасың, эмне болуп кетти” деп сүйлөп салганмын.
– Бул кесибиңизге кайын журтуңуз кандай карады?
-Мен жолдошума жана кайын журтума ыраазымын. Анткени жумушума эч кандай каршылык болгон жок. Ар дайым мени колдоп, түшүнүп турганы менен кубандырат. Мисалы, жаңы турмушка чыкканымда эки күндөн кийин жумушка чыгып, бир ишимди бүтүрүшүм керек болуп калган. Албетте, жаңы келин жок дегенде бир апта үйдө болуш керек эмеспи. Мен кантип сураарымды билбей турганда эжем (кайын эжем) сурап калды, айтсам эч ойлонбой “ой барып кел, жумуш деген жумуш” деп айткан. Апам да (кайненем) жумушума түшүнүү менен кабыл кылат. Кээде кеч калып калсам да эч убакта сен кеч келдиң деп айтышпаган. Жолдошум да дайыма колдоп, билбегенимди үйрөтүп турат. Кээде жумуштан ката кетирип алсам, түнү менен ойлонуп сыгыла берем, андайда жолдошум “күнөө сенде болсо сөз кайтарба, кечирим сура, жумушта болуп турат” деп кеңешин берип турат.
_______________________________________________
Айбек ИСАБЕКОВ, “Регион” телеканалынын диктору:
“АР ЧЫККАН ЭФИР КЫЗЫКТУУ”
-Кесибим боюнча экономистмин. Бирок менин жүрөгүмө жакын тармак телевидение болду. 2015-жылы 7-каналга жумушка кирип 2019-жылга чейин иштеп, ошол эле жылдын август айынан “Регион” телеканалында ушул күнгө чейин эмгектенип келе жатам. Албетте, телевидение тармагы кол жеткистей сезилчү. Көптөгөн убактым үйрөнүү менен өттү. Жакшы кесиптештердин колдоосу менен иштеп калдым. Эң башкысы бул тармактан кадыр-барк таба алдым. Жумушумдун арты менен быйыл Кара-Алма айылдык кеңешине эң жаш депутат болуп шайландым.
Дикторлордун ишин көбү оңой деп ойлошот. Жок, ал түз эфирде отуруп жаңылыктарды алып барат, аны 100 миңдеген адам көрөт. Сенин бир сөздү туура эмес айтканың, коомго туура эмес жаңылык жеткиргениң, экинчиден телеканалдагы бардык иштеген команданын ишин жокко чыгарганың болот. Ошол себептүү түз эфирдин жоопкерчилиги чоң. Ар чыккан эфир кызыктуу. Анткени ар бир эфир алдында сүрдөгөнүм азыр да кала элек. Эфир учурунда жөтөлгүң, чүчкүргүң да келет. Бирок жоопкерчилик болгондуктан өзүмдү араңдан кармап калган учурлар көп болот. Көчөдө баратканда бейтааныш адамдар көп учурашат. “Телевизордо чоң көрүнөт экенсиң, жаш эле бала турбайсыңбы” деп айтышкандар да бар. Бул менин балалыктагы кыялым болгон. Мен кичинемде аз да болсо таанымал болсом деп ниет кылчумун. Ошон үчүн жашыбызда ниет, максатты жакшы койсок, анан ошол үчүн аракет кылып жетсек болот.
Алманбет КУЛУШЕВ, ЭлТРдин Жалал-Абад облусундагы телеоператору:
“ТАЛАНТТУУ АДАМДАРДЫ ТАРТУУ МАГА ЭРГҮҮ БЕРЕТ”
-Мен бул тармакка аралашкан убакта ЖАМУда студент болчум. Ошондо ЭлТРдин филиалы бар эле. 2008-жылы ошол жерге барып, телевидениенин жумушун үйрөнүп, кызыгуум артып иштеп калганмын. Андан бери арадан 12 жыл өттү. Бул жыл ичинде ЭлТРден баштаганмын, анан 2009-2010-жж. КТРде иштедим, 2011-2012 -жылдары ЖТРде, анан кайра ушул күнгө чейин ЭлТРдемин. Жумушка байланыштуу ар кандай темада тартууга туура келет. Алардын арасынан эң эле кызыгып, эргүү алып тарткан темам маданият тармагы. Негедир маданият кызматкерлерин, музыканттарды, таланттуу адамдарды тартуу мага эргүү берет. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелгендерди, жашоодон кыйналган адамдарды тартуу мен үчүн оор. Жумушубуз күндө ар кандай окуялар менен коштолот. Эң эле эсимде калганы 2018-жылы Тогуз-Торонун жайлоосунда кеч күздө кар жаап, 2 малчы жоголуп кетиптир. Ата-бала болгон ошол эки малчы, атасы ошол жерде тоңуп каза болгон, баласы тирүү келип ӨКМге кабар берген. Ошондо ӨКМ менен кошо экинчи кишини издөөгө вертолёт менен барганбыз. Тоонун чокусуна вертолёт конуп, ӨКМ кызматкерлеринде атайын жылуу кийимдери бар экен. Мен болсо костюм шымчан, бутта туфли, кар болсо белден жаап койгон. Ошол тоонун башында суук шамал ышкырат, ошентип экинчи жаранды, адамдын сөөгүн, малчы баланын атасын таап алып келгенбиз. Ошол окуя бүгүнкүдөй эсимде.
Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
-
24.11.2023 / Автор anarkan_kg МЕЛИС ЭШИМКАНОВДУН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛӨТ
-
04.12.2023 / Автор anarkan_kg ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ ЖАНА ОКУТУУЧУЛАРЫ МАЙЫПТАРГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ
-
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.