Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМКлардын) «АДИЛЕТТТҮҮЛҮККӨ МОНИТОРИНГ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АДАМ УКУКТАРЫН ИЛГЕРИЛЕТҮҮДӨ ЖАРАНДЫК КООМДУ ЧЫҢДОО» чакырыгын астында эки күн бою өз ара сабаттуулукка ыраса машыгышты. Журналисттерге Европа Комиссиясынын прогараммаларынын менеджери, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Косимо Ламберти ФОСАТИ, «Адилеттүүлүккө мониторинг: Кыргыз республикасында адам укуктарын […]
2 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМКлардын) «АДИЛЕТТТҮҮЛҮККӨ МОНИТОРИНГ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АДАМ УКУКТАРЫН ИЛГЕРИЛЕТҮҮДӨ ЖАРАНДЫК КООМДУ ЧЫҢДОО» чакырыгын астында эки күн бою өз ара сабаттуулукка ыраса машыгышты. Журналисттерге Европа Комиссиясынын прогараммаларынын менеджери, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Косимо Ламберти ФОСАТИ, «Адилеттүүлүккө мониторинг: Кыргыз республикасында адам укуктарын […]
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна3 Бардыгы /
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМКлардын) «АДИЛЕТТТҮҮЛҮККӨ МОНИТОРИНГ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АДАМ УКУКТАРЫН ИЛГЕРИЛЕТҮҮДӨ ЖАРАНДЫК КООМДУ ЧЫҢДОО» чакырыгын астында эки күн бою өз ара сабаттуулукка ыраса машыгышты.
Журналисттерге Европа Комиссиясынын прогараммаларынын менеджери, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Косимо Ламберти ФОСАТИ, «Адилеттүүлүккө мониторинг: Кыргыз республикасында адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» долбоорунун жетекчиси Игрол Таш БООР он-лайн форматында түз Кайрылуу жолдошуп, сөз эркиндигин бекем карманууга өндүрүштү. Ал эми аталган долбоордун укуктук координатору Айнура ОСМОНАЛИЕВА, Макс Планк атындагы Фонддун өкүлү Аннелиз БОСТОН, Улуттук машыктыруучу Семетей АМАНБЕКОВ, «БИОМ» экологиялык кыймылынын жетекчиси Владимир КОРОТЕНКО Кыргызстанда сөз эркиндиги жана дагы журналисттердин коопсуздугу коркунучта экендигин дегеле жашырышкан жок.
Косимо Ламберти ФОСАТИ, Европа Комиссиясынын программаларынын менеджери, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү :
– Мыкты жарандык коомду түптөөдө жана дагы андан ары калыптандырууда, албетте, журналисттер роль ойношот. А бул өңүттө Кыргыз Республикасы Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө үлгү десем эч жаңылышпаймын. Ылайым мобул иш-чаралар ийгиликтин башатына гана айлансын!
Игроь Таш БООР, «Адилеттүүлүккө мониторинг: Кыргыз республикасында адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» долбоорунун жетекчиси:
– Баамдагандырсыздар. Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомго чоң роль таандык. Ал эми жарандык коомду уйкудан ойготуп, андан ары анын активдүүлүгүнө ого бетер артырууда жалпыга маалымдоо каражаттарын кеңири пайдалануу – замандын башкы талабы. Демек, бул өңүттө журналисттер канчалык тартылса, анын ийгилиги дагы ошончолук арбыйт.
Владимир КОРОТЕНКО, «БИОМ» экологиялык кыймылынынын търагасы, философия илимдеринин кандидаты:
– Жашырып не. Биз тобокелчиликтерден дагыле куру эмеспиз! Бирок, аларды бара-бара азайтууга биздин аракетибиз абдан күч! Маселен, шаарларыбыз бүт кирдеди. Ал эми кашайып таза туу дагыле тартыш! Күн сайын дем алган абабыз деле бүт булганып гана баратат. Мунун кесепетинен рак илдети Кыргызстанды кара таандай каптады. Техногендик катаклизм (жаратылыш кырсыктары) дагы көбөйдү. Муну ойлогон чоңдор жок!
Аннелиз БОСТОН, Макс Планк атындагы Фонддун өкүлү:
– Мен Жаңы Зеландия өлкөсүнөмүн. Биздин мамлекетибиз сиздерден – Кыргызстандан кичинекей. 5 миллион гана калкыбыз бар. БУУ чоң мамлекеттер аркылуу биздей чакан өлкөлөрдү окутуп жатпайбы. Жашоо айлана-чөйрөнүн түрдүү өзгөрүүлөрүнө сөзсүз ыңгайлашат. Анткени, экосистема ыкчам өзгөрүп баратпайбы. А түгүл коркунучта десем эч жаңылышпаймын. «Чек арасыз репортерлор» Уюму 183 мамлекеттеги сөз эркиндигинин сакталышынна мониторинг жүргүзүүдө. Бул байкоонун жыйынтыгында Кыргызстан 110-орунда ээледи. Албетте, төмөнкү көрсөткүчтөр! Ошентип, Кыргызстан сөз эркиндиги чектелген мамлекетке гана айланды.
Семетей АМАНБЕКОВ, Улуттук машыктыруучу:
– Мен мурун укук коргоо органдарында иштегенмин. Ошол себептүү бул тармактын аки-чүкүсүн мыкты билем десем жаңылышпаймын. Кийинчерээк ФактЧЕК, www.exuslive.kg редакцияларын жетектедим. Эми моминтип ЖМКлардын үстүнөн даттанууучуларды териштирип жүрөбүз. Кесиптештериме айтаарым: сенсация куугандан оолак болгула, айланайындар! Анан анализ жасаганга дагы бекем ыктагыла? Коалиция түзгөндөр, мындайча айтканда, башка мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар менен өнөктөштүктү иштешкендер маалымат майданында дайыма утушат. Мындан тышкары көпчүлүк кесиптештерим намыстанбастан эле блогерлерден кесипкөйлүктү – материалды кантип ыкчам белендегенди сөзсүз түрдө үйрөнгүлө?!?
«АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ МОНИТОРИНГ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АДАМ УКУКТАРЫН ИЛГЕРИЛЕТҮҮДӨ ЖАРАНДЫК КООМДУ ЧЫҢДОО» аталышындагы журналисттердин машыгуусунун жүрүшүндө Адам соодалоо, коррупция, кыз ала качуу, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин тагдыры, социалдык кепилдиктер, гендердик теңчилик, журналисттердин камалышы. ЖМКлардын жабылышы, биотүрдүүлүк, клиаматтык өзгөрүлүштөр сыяктуу маселелер дагы көтөрүлүп, абдан кызуу жана орой-чарай талкууланды. Соңунда иш-чаранын катышуучулары өз ара тилектештигин билдиришип, Кыргыз бийлигинен сот адалеттигин токтоосуз орнотууну, камалган ЖМКлдардын өкүлдөрүнүн эркиндикке бошотууну, бийликтин бардык кызматкерлеринин ЖМКларга маалымат сөзсүз берүүсүн милдеттендирүүнү жана дагы мыкты ЖМК кызматкерлерине «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген журналист» наамын ыйгарууну талап кылып, өзгөчө Кайрылуу дагы жолдошту.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыз
Автор Акбермет Орозалиевна
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
24.09.2024 / Автор anarkan_kg НООКАТ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНА 48 БАТИР КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.