Аймак

ӨЗГӨНДӨ МЕКТЕПТИН ОТ КАЗАНЫ ЖАРЫЛДЫ. КООПСУЗДУК КЫЗМАТКЕРИ ЖАРАЛАНДЫ

ӨЗГӨНДӨ МЕКТЕПТИН ОТ КАЗАНЫ ЖАРЫЛДЫ. КООПСУЗДУК КЫЗМАТКЕРИ ЖАРАЛАНДЫ

 3 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы жергиликтүү мектептин жылытуучу от казаны жарылгандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча басма сөз кызматынан маалымдашты

.Маалдыматка караганда, бул кырсык мындан бир күн мурун, 20-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында жүз берген. Айылдагы № 20-А.Калмурзаев атындагы мектепте жылытуу от казаны жарылган.

Окуу жайдын 35 жаштагы күзөтчүсү, ошол эле учурда өрт өчүрүүчү болуп иштеген кызматкерди чатырдын сыныктары басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү башкармалыгынан билдиришкендей, куткаруучулар келгенге дейре эле адам капкандан чыгарылып, ооруканага жеткирилген. Анын колу сыныптыр.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17