Аймак

КАРА-СУУДА ФЕЙСБУК КОЛДОНУУЧУ АЙМАКТЫК КАСТЫКТЫ КОЗУТУУГА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

КАРА-СУУДА ФЕЙСБУК КОЛДОНУУЧУ АЙМАКТЫК КАСТЫКТЫ КОЗУТУУГА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

 3 Бардыгы /

Ош облусунун Кара-Суу районунда аймактар аралык кастыкты козуткан жаран акыры кармалды. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка караганда, мониторинг жүргүзүү учурунда «Facebook» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу өзүнүн жеке баракчасына аймактар аралык кастыкты жана өз ара араздашууну козутууга багытталган материалдарды жүктөгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат дароо эле каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери дыкаат башталган. Тийиштүү экспертизанын корутунудусуна ылайык,  аталган баракчанын ээси Г.А. аттуу жарандын социалдык тармакка жүктөгөн  билдирүүсүндө аймактар аралык кастыкты козуткан лингвистикалык бирдиктер камтылгандыгы аныкталды.  

Ошентип, топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний, же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу  менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн  ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү сыңары  Кара-Суу районунун 1981-жылы туулган Г.А. аттуу тургуну кармалып, дароо камакка алынды. Ушул тапта тергөө жараяны кызуу улантылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17