Өлкө аймактары менен кубаттуу
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
10 Бардыгы / 26-октябрь-Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата шаарда жаңыдан курулган Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын аймактарынын Достук паркынын ачылыш аземи болду. ???? Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча Башкармалыгынын начальниги Игорь Маслов, Министрлер Кабинетинин төрагасынын […]
11 Бардыгы / 26-октябрь-Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата шаарда жаңыдан курулган Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын аймактарынын Достук паркынын ачылыш аземи болду. ???? Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча Башкармалыгынын начальниги Игорь Маслов, Министрлер Кабинетинин төрагасынын […]
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАНА ОРУСИЯНЫН АЙМАКТАРЫНЫН ДОСТУК ПАРКЫ АЧЫЛДЫ
27.10.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна12 Бардыгы /
26-октябрь-Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата шаарда жаңыдан курулган Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын аймактарынын Достук паркынын ачылыш аземи болду.
???? Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча Башкармалыгынын начальниги Игорь Маслов, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаар тургундары жана коноктор катышты.
???? Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров алгач Жалал-Абад шаарынын тургундарын шаар күнү менен куттуктап, бул парк алдыда Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын жана конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланып, эки өлкөнүн аймактарынын достугун, келечек муундардын байланышынын символу болооруна ишенээрин билдирди.
“Эс алуу жайдын ачылышы бүгүн, 26-октябрда өткөрүлүп жатканы да бекеринен эмес. Бүгүн тарыхы терең, өзгөчө табиятка бай, меймандос эли менен айырмаланган, Кыргызстаныбыздын үчүнчү ири шаары – Жалал-Абад шаарынын күнү. Бул Достук паркы Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп, көркүнө көрк кошот”, — деди Акылбек Жапаров.
???? Ал ошондой эле, акыркы жылдары Жалал-Абад шаары кайрадан жаңыланып, алгылыктуу жумуштар жасалып жатканына токтолду.
“2023-жылы өлкөнүн үчүнчү ири шаарына республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүнгөн. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинде да өсүү байкалды. Мисалга алсак, шаардын казынасы 564,4 млн сомдон, 1 млрд 51 млн сомго чейин өстү. Шаарда ички жолдор оңдолуп, социалдык-экономикалык абал жакшырып, өндүрүштө өсүш жаралып, мамлекеттик объекттер курулуп, турак-жайлар салынып бир топ долбоорлор ишке ашырылууда. Баарыңыздарды дагы бир жолу Жалал-Абад шаарынын күнү жана “Кыргызстандын жана Россиянын аймактарынын Достук паркынын” ачылышы менен чын дилимден куттуктайм!”, — деди МинКаб Төрагасы.
???? Өз кезегинде Россия делегациясын баштаган Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча Башкармалыгынын начальниги Игорь Маслов Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин, өлкөлөр ортосунда саясий диалог түзүлүп, аймактар аралык кызматташтык активдүү темпте өнүгүп жатканын белгилеп, жаңы ачылган Достук паркы эки өлкөнүн өкүлдөрү гана эмес, ар түрдүү маданияттар жана муундар жолугушкан жерге айланышына ишенерин билдирди.
???? Кыргызстандын жана Россиянын аймактарынын Достук паркынын жалпы аянты 8,2 гектарды түзөт. Паркта коомдук жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтчалар, фонтандар, веложолдор, балдар аянтчалары, көркөм өнөр объектилери сыяктуу заманбап паркка тиешелүүнүн баарын кезиктирүүгө болот. Ошондой эле, бак-дарактардын жана гүлдөрдүн түрлөрү отургузулган.
???? Белгилей кетсек, Кыргызстандын жана Россиянын аймактарынын Достук паркы Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каржылоосунда курулуп, ага 2 млн. доллар бөлүнгөн.
???? Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору
Автор Акбермет Орозалиевна
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
-
24.11.2023 / Автор anarkan_kg ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУНДА ЖЫЛ БАШЫНАН ТАРТЫП 16 ЧАКЫРЫМ ЖОЛГО АСФАЛЬТ ТӨШӨЛДҮ
-
05.12.2023 / Автор anarkan_kg ОШ, ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЛАРЫНА ЭЛ АРАЛЫК МААНИДЕГИ ЖАҢЫ АЭРОПОРТ КУРУЛАТ
-
12.12.2023 / Автор anarkan_kg ОШМУ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 7 БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕСИН ЖЕТЕКЧИЛИККЕ АЛДЫ
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.