Аймак

БАТКЕНДЕ МЫЙЗАМ БУЗГАН АЙДООЧУЛАРГА 1,2 МИЛЛИОН СОМДОН АШЫК АЙЫП САЛЫНДЫ

БАТКЕНДЕ МЫЙЗАМ БУЗГАН АЙДООЧУЛАРГА 1,2 МИЛЛИОН СОМДОН АШЫК АЙЫП САЛЫНДЫ

 6 Бардыгы /

Баткен жергесинде мыйзамды орой бузган айдоочуларга 1,2 миллион сомдон ашык айып пул салынды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда. жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыгынын тескөөчүлөрү тарабынан Баткенде ушул жылдын 20-22-октябрь күндөрү жүргүнчү жана жүк ташыган 100дөн ашык унаа дыкаат текшерилди. Булардын арасынан оор жүк ташыган 16 унаанын айдоочусуна Укук бузуулар Кодексинин негизинде айып пулдар салынып, чогултулган жалпы каражаттын суммасы 580 миң сомду түздү. Ошондой эле жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча дагы 8 айдоочудан 674 миң 240 сом өндүрүлдү.

Кыргыз Республиикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги транспорттук көзөмөлдү мындан ары дагы күчөтүү бул жолдордун сапатын сактоо жана дагы талкалоого жол бербөө болуп саналаарын баса белгиледи

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17