Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,597 Бардыгы / БИШКЕК. Бишкек шаарында USAID “Укук булагы” аттуу жаңы долбоорунун бет ачаар аземин расмий өткөрдү. Бул долбоор мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө жана элге багытталган адилеттүүлүк ыкмасын колдонуу менен жемкорлукка каршы күрөшүүгө гана багытталган. Мындай ыкма карапайым жаранды бардык реформалардын жана инновациялардын борборуна коюп, адилеттүүлүк системасын адамдардын муктаждыгына ылайык жана ачык-айкын кылат. Расмий аземде Конституциялык соттун […]
1,598 Бардыгы / БИШКЕК. Бишкек шаарында USAID “Укук булагы” аттуу жаңы долбоорунун бет ачаар аземин расмий өткөрдү. Бул долбоор мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө жана элге багытталган адилеттүүлүк ыкмасын колдонуу менен жемкорлукка каршы күрөшүүгө гана багытталган. Мындай ыкма карапайым жаранды бардык реформалардын жана инновациялардын борборуна коюп, адилеттүүлүк системасын адамдардын муктаждыгына ылайык жана ачык-айкын кылат. Расмий аземде Конституциялык соттун […]
USAID ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ АЧЫК ЖАНА КАЛЫС СОТ АДИЛЕТТИК СИСТЕМАСЫН ОРНОТУУДА ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШАТ
16.02.2022 / Автор orozalieva

1,599 Бардыгы /
БИШКЕК. Бишкек шаарында USAID “Укук булагы” аттуу жаңы долбоорунун бет ачаар аземин расмий өткөрдү. Бул долбоор мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө жана элге багытталган адилеттүүлүк ыкмасын колдонуу менен жемкорлукка каршы күрөшүүгө гана багытталган. Мындай ыкма карапайым жаранды бардык реформалардын жана инновациялардын борборуна коюп, адилеттүүлүк системасын адамдардын муктаждыгына ылайык жана ачык-айкын кылат. Расмий аземде Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, юстиция министри Аяз Баетов, “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү Өкүлү Соната Коултер катышышты.
Баса, “Укук булагы” долбоору АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча Агенттиги (USAID) тарабынан каржыланып, EWMI коммерциялык эмес уюму тарабынан КР Юстиция министрлиги менен биргеликте жүзөгө ашырылат. Долбоордо гендердик тоскоолдуктарды жана жаштар, майыптар сыяктуу аярлуу топтор үчүн кыйынчылыктарды жоюуга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн бул долбоор аркылуу USAID соттордо санариптештирүүнү колдоону улантат. Ошондой эле, долбоор сот реформасында элдин үнүн эске алуу үчүн сот адилеттигине жетүүдө эң маанилүү жана кеңири таралган муктаждыктарды аныктоо боюнча сурамжылоолорду дагы ырааттуу жүргүзөт.
Сот мекемелердин ачыктыгын жогорулатуу үчүн жарандарга өз укуктары жөнүндө маалымат берилип, сот иштери жана чечимдери жөнүндө маалымат алуу үчүн атайын маалымат порталдарын ачуу каралган. Жарандардын акысыз юридикалык жардамга кенен жол ачуу максатында Юстиция министрлиги менен кызматташуу да каралган.
АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер айым өз сөзүндө: – Бул долбоор экономикалык же социалдык абалына карабастан Кыргыз Республикасынын ар бир жараны үчүн мыйзамдар бирдей иштешин камсыз кылуу боюнча өнөктөштөрүбүз менен болгон жалпы милдеттемебизди чагылдырат, – деп баса белгиледи.
Коомдун сот кызматтарына болгон төмөн ишеним, мамлекеттик кызматтарга жол ачуу, жумушсуздук, массалык тышкы миграция, коррупция жана мыйзамсыз жер басып алуу сыяктуу маселелер Кыргызстандын көпчүлүк жарандары үчүн эң кеңири тараган көйгөйлөр болуп келет.
-Өлкөдө негизги максаты көз карандысыз жана эффективдүү сотбийлигин куруу болуп саналган сот реформасы жүрүп жатат. Мында сот адилеттиги институттарынын көз карандысыздыгынын эл аралык принциптери негиз катары алынган. Бул процесске сот корпусу, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик бутактары, юридикалык коомчулуктун, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү активдүү тартылууда, – деп Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баса белгиледи.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор orozalieva
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
10.10.2025 / Автор anarkan_kg СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЛЕКЦИЯ ӨТҮЛДҮ
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg БШ БШК: ЭРТЕҢ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРЫЗДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ АЯКТАЙТ
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕРГЕТИКТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.