Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
2,560 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Ноокен районунун Ноокен айыл өкмөтүндө “Ноокен –Тазалык” муниципалдык мекемеси уюшулуп, айыл аймактарындагы турмуш тиричиликтеринен чыккан калдыктарды атайын таштанды полигонуна чогултуп, утилизация иштери өз нугунда журуп жатат. “Ноокен –Тазалык” ишкананы түзүү долбоору эл аралык уюмдардын колдоосу менен айыл аймактарын ар тараптуу өнүктүрүү максатында жергиликтүү бийлик менен биргеликте пландаштыруунун негизинде 2021-жылдын май айында башталып, […]
2,561 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Ноокен районунун Ноокен айыл өкмөтүндө “Ноокен –Тазалык” муниципалдык мекемеси уюшулуп, айыл аймактарындагы турмуш тиричиликтеринен чыккан калдыктарды атайын таштанды полигонуна чогултуп, утилизация иштери өз нугунда журуп жатат. “Ноокен –Тазалык” ишкананы түзүү долбоору эл аралык уюмдардын колдоосу менен айыл аймактарын ар тараптуу өнүктүрүү максатында жергиликтүү бийлик менен биргеликте пландаштыруунун негизинде 2021-жылдын май айында башталып, […]
“НООКЕН-ТАЗАЛЫК” МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАСЫ УЮШУЛДУ
24.06.2022 / Автор anarkan_kg

2,562 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Ноокен районунун Ноокен айыл өкмөтүндө “Ноокен –Тазалык” муниципалдык мекемеси уюшулуп, айыл аймактарындагы турмуш тиричиликтеринен чыккан калдыктарды атайын таштанды полигонуна чогултуп, утилизация иштери өз нугунда журуп жатат.
“Ноокен –Тазалык” ишкананы түзүү долбоору эл аралык уюмдардын колдоосу менен айыл аймактарын ар тараптуу өнүктүрүү максатында жергиликтүү бийлик менен биргеликте пландаштыруунун негизинде 2021-жылдын май айында башталып, 2022-жылдын май айынан тартып толук ишке ашырылды. Бул долбоордун аткарылышында райондук өнүктүрүү фондусу таштандыларды жыйнап, аларды утилизация жумуштары менен айылдык конуштарга таштанды таштоочу контейнерлерди жайгаштыруу белгиленген болсо, “Абад” коомдук фондусу аркылуу Lovol TE 354 маркасындагы трактор өзү жүктөгүчү жана самосвал чиркегичи менен жаңы техника алынып ишке берилди.
“Буга чейин Ноокен айыл өкмөтүндө тазалык ишканасы жок болгондуктан таштандыларды көчө бойлоруна, айылдын ортосунан аккан Чертек-Сай суусунун жээктерине жана Шалка сайынын боюна, бир сөз менен айтканда көрүнгөн жерге төгүп келишкен эле. Ал таштандылардын арасынан малдардын, ит, мышыктардын өлүктөрү да чыгып, сасып ирип экологиялык терс көрүнүштөр бул жакта турсун, эпидемиялык жугуштуу оорулар чыгып кетеби деп кооптонгон учурларыбыз да болгон. Аймактагы мекеме-ишканалар болсо таштандыларын өрттөп, калдыктарын жерге көмүп, күн ысыган учурда алар коңурсуп сасып ыңгайсыз жыт каптаган учурлар да болуп калат эле. Ар бир жумуштун өз убакты сааты бар дегендей, мына быйыл көйгөй жаратып келген таштанды маселеси да чечилип, быйылкы жылдын май айынан бери өз ишмердүүлүгүн көрсөтүп жатат”, -дейт тазалык ишканасын түзүүдөгү зарылчылык жөнүндө жумушчу топтун өкүлү Кыяз Паязов.
Жаңыдан уюшулган “Ноокен-Тазалык” ишканасынын жамааты төрт адамдан турат. Бир жетектөөчү адис, бир тракторист, эки жумушчу жалпы айыл аймагы боюнча иш алып барат.
Долбоор “Абад” коомдук фондусу аркылуу “Жергиликтүү экономиканы биргеликте пландаштыруу жана өнүктүрүү” долбоорунун алкагында аткарылып, (GIZ) Германия эл аралак кызматташтык коомунун “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын негизинде Европа Биримдиги жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин каржылоосу менен ишке ашырылды.
Белгилей кетсек, Ноокен айыл аймагынын жалпы аянты 5893 га жерди түзөт. 2500 кожолук жашаган жети айылда 18300 калк жашайт. Мындан тышкары айыл аймакта 18 мамлекеттик ишканалар жана 13 коммерциялык ишканалар бар.
Узакбай МАМАТКУЛОВ, Ноокен району
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg СЕГИЗ ИШКАНА КЫТАЙДЫН ЭКСПОРТТУК ТИЗМЕСИНЕ КИРДИ
-
-
-
11.03.2025 / Автор anarkan_kg 100 МИЛЛИОНГО БААЛАНГАН ЖЕР ТИЛКЕСИ МЕНЕН МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.