Аймак

УЛАН НИЯЗБЕКОВ АЛА-БУКА РИИБдин ЖАҢЫЛАНГАН ИМАРАТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

УЛАН НИЯЗБЕКОВ АЛА-БУКА РИИБдин ЖАҢЫЛАНГАН ИМАРАТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

 996 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын ички бөлмөлөрү жана сырты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын ремонт иштери ИИМдин жана жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте 30дан ашуун жерге видеокамералар орнотулуп, РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө туташтырылган. Коомдук жайлардагы тартипти нөөмөттө турган кызматкер көзөмөлгө алып турат. Мындан сырткары бирдиктүү терезе тутумунун алкагында жарандарга сапаттуу тейлөө көрсөтүлүп келүүдө. Жергиликтүү жарандар булл жайдан соттуулуугу тууралуу тактамаларды облус борборуна барбастан эле ала алышат. Атуулдарды кабыл алуужайы да ишке киргизилген.

Ала-Бука районунун эллине сервистик тейлөө көрсөтүү жана милиция кызматкерлерине түзүлгөн шарт менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары БакытТөрөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков таанышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ремонт иштерине жакындан колдоо көрсөткөн жергиликтүү ишкерлерге ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу учурунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев милиция бөлүмүнүн имараты заман талабына ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн айтты. Атуулдарды кабыл алуу жайынын жана бирдиктүү терезенин иштеп жатканы элибизге көрсөтүлүп жаткан сапаттуу тейлөө катары белгиледи. Райондун эли менен болгон жолугушуу учурунда милициянын дарегине сын айтылбагандыгын, булл өздүк курамдын жана жетекчиликтин эл менен тыгыз иштешип жаткандыгынан кабар бере тургандыгын айтып өттү.

Ала-Бука райондук жеке ишкерлер ассоциациясынын башчысы Алмаз Ташанов сөз сүйлөп, РИИБдин имаратынын ремонттон өтүшү районго көрк берээрин, жаңы келген жетекчи аз убакыттын ичинде күтпөгөндөй кылып өзгөртүп койгондугун айтты. Жаңы жетекчи имаратты ремонттон өткөрүү демилгесин көтөргөндө ишеним артышпагандыгын, ремонт иштери башталып, иш кызуу жүрө баштаган учурда башка демөөрчүлөрдү дагы өздөрү кошо тартышкандыгын белгиледи. Бул өз кезегинде райондогу башка жетекчилерге да үлгү болоорун, жаш экендигине карабастан иш билги экендигин көрсөткөндүгүн айтып өттү.

Ички иштер министри, милициянын генерал лейтенанты Улан Ниязбеков өздүк курамдын иштөөсүнө мыкты шарт түзүлгөндүгүн белгилеп, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды. Ошондой эле атуулдарды кабыл алуу жайында жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алды.

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болуп 2022-жылдын февралында милициянын полковниги Азенбек Козукеев дайындалган. 4 айга жетпеген убакыттын ичинде милиция бөлүмүнүн ички бөлмөлөрүн жана сыртын заман талабына ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, бирдиктүү терезе, атуулдарды кабыл алуу жайын ишке киргизген. Ал буга чейинТаш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеп, ал жерди да толугу менен капиталдык ремонттон өткөргөн.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17