Аймак

ДЕН СООЛУК – ЖЕГЕН АЗЫККА КӨЗ КАРАНДЫ

ДЕН СООЛУК – ЖЕГЕН АЗЫККА КӨЗ КАРАНДЫ

 2,127 Бардыгы /

Жайкысын тез бузулуучу тамак-аштан ууланып калуу коркунучу күч. Уулануу адамдын ички органдарын жабыркатып, ден соолугуна зыян келтирет. Адистер уулануунун алдын алуу, туура тамактануу жана азык-түлүктү өз мөөнөтүндө колдонууну сунуштайт.

Жакында эле Жалал-Абадда 85 адам тез таттымдан ууланып, алардын 34ү ооруканага түшкөн. Бейтаптар калаадагы “Ага-ини”, “Тажд-Махал” тез татымдарынан даярдалган азыктардан жешкен. Сабира Бабаеванын үй-бүлөсүнөн эле төрт киши ууланып, жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылган.

Ага-ини” тез татымдан шаурма алып, балам экөөбүз бирден жегенбиз. Калганын келиним менен уулума дагы алып келип бергенбиз. Булар түшкө маал жеди, кечкисин куса башташты. Дароо марганцовка ичип, кайтарып жатышты. Баламдын дене табы жогорулап, 40 градуска чыгып кетти. Аны Октябр айылындагы ооруканага алып барып, жаткырып келгенден кийин бир сутка өтүп, мен дагы өзүмдү жаман сезе баштадым. Кусуп, ичим өтө баштагандыктан кайра ооруканага бардым”, – дейт С.Бабаева

Жапырт уулануудан кийин аталган тез татым жайларынын ишмердүүлүгү токтотулуп, айып пул салынган. Облус, шаар аймагындагы тез татым жайларына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тийиштүү мекемелер рейд жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарындагы 22 тез татым жайларынын иштөөсүнө убактылуу тыюу салынган.

Жалал-Абадда санитардык нормага жооп берген тез татым жайлары аз. Анткени өтө кичинекей жайда жасашкандыктан, технологиялык эрежелер сакталбайт. Тагыраагы, чийки азыктар менен даяр азыктар жакын турат, чогуу даярдалат. Кызматкерлер медициналык кароодон өтпөй, температуранын тартиби көзөмөлдөнбөй, тамак-аш жасалган жайга дезинфекция жасалбай жатат. Мына ушуга окшогон көйгөйлөрдүн айынан уулануулар көбөйүп жатат. Талапка такыр жооп бербеген тез татым жайларын биз жаптык. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жалпысынан 192 миң сомдук айып пул салып, өндүрдүк”, – деди Жалал-Абад облустук санэпидкөзөмөл борборунун санитардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Үлпат Назирбекова.

Бирок, санэпидкөзөмөл кызматы ашканаларды үч учурда: экономика министрлигинин жолдомосу, жеке ишкердин кайрылуусу же элдин арызы менен текшере алышат.

Тамак-аштын санитардык нормасы

Өкмөттүн токтомуна ылайык, ашканаларда атайын санитардык нормалар сакталышы керек. Алсак, чийки жана даяр азыктар атайын жабдылган цехтерде даярдалып, ар бир азык өзүнө ылайыкталган температурада сакталышы абзел

Ошондой эле, ар бир ашкана күнүнө эки маал тазаланып, дезинфекцияланып туруусу кажет. Андагы кызматкерлер дагы өздүк тазалыкты сактоосу милдеттендирилген.

Ысыкта турган азыктар ууланууга шарт түзөт

Дарыгердин айтымында, ысыкта туруп калган этти, сүт азыктарын, жумуртканы, таттууларды жегенде ууланып калуу коркунучу жогору. Тамакты жегенден соң эки саатка чейин уулануунун  жашыруун белгилери жүрүшү мүмкүн.

Мындай белгилер уулануунун оор жана жеңил түрүнө жараша болот. Оор түрүндө адамдын башы, көңүлү айланып, кусуп, кээ биринин дене табы көтөрүлүшү, ичи чыдатпай оорушу мүмкүн. Бизге эртерээк кайрылып калса, анда дароо ашказанын тазалап, бактерияны ичегиге өткөрбөй сактап калышыбыз мүмкүн. Убагында медициналык жардам албай калса, бактерия ичеги-карынга өтүп, кан менен кошо денеге тарап, бейтап шок абалына келиши ыктымал. Мында бейтаптын бөйрөгүн, өпкөсүн, жүрөгүн жабыркатып коюшу ыктымал”,- деди Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Тыналиева.

Адистердин айтымында, ашканаларда элементардык эрежелер сакталбайт. Алсак, кызматкерлер атайын кийимдерди кийбей, азык-түлүктөр жерде сакталган учурлары көп экенин “Не сахар” долбоорунун алып баруучусу Умар Даданов айтты.

 “Тамак-аш дайыма таңгакталып, жасалган күнү жазылып, сакталышы керек. Бирок ашканаларда бул эреже аткарылбайт. Ар дайым муздаткычтардан бышырылган тамак, гарнирлерди көрөм, аны кайра жылытып кардарларга беришет. Ошондой эле, ашканалардын 80%ы майды болбой калганча, кайра-кайра иштеткен учурлар дагы бар. Мындай нерселерден улам ар кандай оорулар жана уулануу чыгышы ыктымал. Ошондуктан сапаты начар, кооптуу азыктар жөнүндө биз айтып эле келебиз. Эл дагы бул багытта бизге жардамдашып, күмөндүү  шарттагы тамактарды жебей койсо жакшы болмок”, – деди Умар Даданов.

Даданов ашканада иштеген ар бир кызматкерде медициналык китепчелер болушу керек дейт. Бирок, кээ бир ашканалардын кызматкерлеринин медициналык китепчеси жок же аны сатып алган учурларга дагы күбө болгонун кошумчалады.

Туура тамактануу – ден соолукту чыңдоонун бир жолу

Туура тамактануу боюнча адис, медицина илимдеринин кандидаты Чынара Саттарова бул жаатта илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келатат. Ал туура тамактануу менен ден соолукту чыңдоого болорун аныктаган:

Адамдын дени сак болушу тамак-аштын сапатынан, курамынан жана жаңысынан көз каранды. Бирок, азыркы учурда тамак-аш коопсуздугун сактоо маселеси өтө актуалдуу. Анткени бул индустрия абдан өнүгүп кеткендигине байланыштуу жасалма азыктар көп колдонуулуда. Тагыраагы боёк, туз, шекер, антибиотик жана ГМО сыяктуу кошулмалар. Мындай заттарды канчалык азыраак же такыр эле колдонбогонго аракет кылсак, ошончолук көптөгөн оорулардын: жүрөк кан-тамыр оорулары, гипертония, кант диабети ж.б. алдын алууга болот”, – деди.

Саттарова, тамак-аштын даярдалган убактысына маани берүүнү жана жаңы даярдалган тамактарды колдонууну сунуштады.

“Туура тамактануу ден соолуктун бекем болуусуна, жаштыкты сактоого, кала берсе өмүрдү узартууга өбөлгө. Мындан улам, жаңы даярдалган тамактарды гана жеген маанилүү. Деги эле, бышырылган тамак-аш 6 саатка чейин эле пайдалуу болуп эсептелет. Андан кийин энергиясы жок азыкка айланат. Ошондуктан жаңы даярдалган тамакты дароо 1-2 сааттын ичинде колдонуу туура болот. Көбүнчө бизде кечээ жасалган, же кайра жылытылган тамактарды колдонуу адат болуп калган. Бирок, бул туура эмес”, – деди Чынара Саттарова.

Жумушка азык алып баруу адатка айланганда…

Ден соолукка кам көрүү максатында Аманда тамактануусуна көңүл бөлүп баштаган. Ал баштыгында азык алып жүрүүнү адатка айлантып, пайдалуу азыктарды колдонууга басым жасаган.

“Мен АУЦАда журналистика багытында окуп, экинчи курсту аяктадым. Негизи окууга, жумушка барганда тамак-аш ала барууну адатка айланттым. Сөзсүз эле, ысык, суюк тамак эмес. Мисалы, кайнатылган күрүч менен жашылчаларды, жемиштерди даярдап алам. Туура тамактанууга көңүл бөлүп баштагандан тарта, тамакты ким, кандай шартта даярдап жатканын кылдат карайм. Эгерде тамак-ашты өзүң жасасаң, анда анын сапатына ишенимдүү болосуң. Өзүм деле кафе-ресторандарда иштеп жүргөндүктөн, ал жактын шартын да билем. Анда тамак-аш керектүү шартта сакталбай, же мөөнөтү өтүп кетиши мүмкүн. Ушундай нерселер мени жумушка жана окууга азык салып баруума түрткү болду. Бул адат уулануунун дагы алдын алат деп ойлойм” , – деди Аманда Кадырбекова.

Кыргызстандагы азык-түлүк маселеси

Өкмөт тарабынан азык-түлүк жана анын коопсуздугун сактоо боюнча программа иштелип чыккан. Бул демилге адамдын өмүрү жана ден соолугун жакшыртууга багытталган.

Программаны 2019-2023-жылдары ишке ашыруу пландалган. Ага калктын азык-түлүк коопсуздугу тууралуу маалыматын жогорулатуу, бул жаатта адистерди даярдоо, изилдөөлөрдү жүргүзүү киргизилген. Тамак-аш азыктарын өндүрүү, сактоо жана сатуу жаатындагы инновациялык технологиялар, айыл-чарба багыттарын жакшыртууга көңүл бурулган.

БУУнун сунушу

Бириккен улуттар уюму Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугуна изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен бир канча сунуштамаларды берген. Анда калк арасында пайдалуу жана туура тамактанууну, тамак-аштын көп түрдүүлүгү боюнча маалыматты жайылтуу зарылдыгы жазылган. Мамлекеттик жана жеке жактарга бул багытта билим берип, түшүндүрүү программаларын ишке ашыруу зарыл. Айрыкча балдар жана өспүрүмдөргө арналган тамак-аш азыктарынын арасында туз, кант жана каныккан майлары көп азыктарды көзөмөлгө алуу керектиги сунушталган.

Акылай Карабаева.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17