Аймак

БАЛАГА ЗОМБУЛУК КЫЛУУ – КЫЛМЫШ

БАЛАГА ЗОМБУЛУК КЫЛУУ – КЫЛМЫШ

 2,322 Бардыгы /

Колдон-колго өтүп, сексуалдык зомбулукка кабылган 13 жашар кыздын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурду. Ата-энелер кооптонуп,  адистер балдарга карата зомбулуктун алдын алууда жапа тырмак күрөшүү зарылдыгын айтып чыгышты. Жарандык активисттер балдарды зомбулуктан коргоонун жолдорун издешүүдө.

Бишкекте 13 жашар кыздын жарым жылдан ашуун зордукталып келгени маалым болду. Зордуктоого эки милиционер жана мурда соттолгон бир адам шектелген. Бул кылмыш иши боюнча Свердлов райондук сотунда териштирүү жүргүзүлүүдө. 12-июлда өткөрүлгөн соттук отурум жабык өтүп, жабырлаган кыз менен анын жакындары милициянын кайтаруусунда болору маалымдалды.

Сандар сүйлөсүн

Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (ПРООН) Кыргызстандагы зомбулукка кабылган аялдар тууралуу изилдөөсүн жарыялаган. Ага ылайык, жабыркагандардын 8 пайызын жашы жете элек кыздар түзгөн.

Зомбулук баланы бардык жактан жабыркатат

Психолог Айканыш Эралиева зомбулук баланын жашоосунун бардык тармагына таасирин тийгизет дейт. Мындан улам, балдарды коргоо системалуу жүрүшү керектигин, зомбулук кылуу кылмыш экенин балдарга түшүндүрүүнү сунуштады.

Айканыш Эралиева

Эки күн, бир ай, же жарым жыл болсо дагы, узак убакыттан бери зомбулукка кабылуусу балдарды комплекстүү түрдө жабыркоого алып келет. Кичине балдар түнт болуп, сүйлөөсүндө, көңүл буруусунда көйгөй жаралышы мүмкүн. Айрым учурда физиологиялык бузулуу болуп, төшөккө заара ушатышы ыктымал. Ал эми өспүрүм курактагылардын уйкусу бузулуп, көңүлү тартпай, аргессивдүү болуп калышат. Зомбулук баланын психологиялык, эмоционалдык жана физикалык жагына чоң таасир этет”, – деди психолог Айканыш Эралиева. 

Балдарды коргоо бөлүмүнүн адиси жашы жете электерге карата зордук-зомбулуктун алдын алууда ата-энелердин милдеттерин күчөтүү керек деп эсептейт.

Айдай Адылбекова

Үй-бүлө кодексинде дагы “ата-эне баланы жарык дүйнөгө алып келгенден кийин 18 жашка чейин багууга, билим берүүгө, колдоого милдеттүү” деп көрсөтүлгөн. Бирок ата-энелер милдеттерин так аткарбагандыгы, миграцияга кетип балдарын таштап койгондугу, кайдыгерлиги дагы зомбулуктун күчөп жатканына бир себеп болуп калууда. Баланын кайда, ким менен жүргөнүн көп учурда сурашпайт, билбейт. Ата-энелер балага көзөмөлдү күчөтүп, телефондо эмне көрүп жатканын байкап, анын чөйрөсү тууралуу билиши зарыл. Эгер миграцияга кетип жатса, баланы ишенимдүү өкүлдөргө таштап, бизге дайындашы керек”, – деди Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын  үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Айдай Адылбекова.

Жаңсоо менен жардам сура

Жардам суроо сигналы – бир кол менен көрсөтүлүүчү эл аралык универсалдуу сигнал. Бул жаңсоо видеочалуу учурунда же купуя сүйлөшүү учурунда башкаларга коркунуч бар жана жардамга муктаж экенин билдирүү үчүн бир колу менен көрсөтүлүшү мүмкүн. Сигнал дүйнө жүзү боюнча пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү куралы катары түзүлгөн.

Баланы өзүн коргонууга үйрөтүү керек

Көпчүлүк ата-энелер кыздарынын дени сак болушу, өзүн коргой алуусу үчүн спорт мектептерине бере башташкан. Жалал-Абад шаарынын тургуну Жыпаргүл Паизова кызы телефондон алыстап, жаңы чөйрө таап, сергек болушу үчүн спортко берген.

Жыпаргүл Паизова

Кызым азыр 9 жашта. Акыркы төрт жылдан бери спорттун каратэ түрү менен машыгып келе жатат. Ал бош маалында телефон көп карап, үйдөн чыкпай жатат эле. Мындан улам, дени сак болуп, кабыл алуусу жакшырсын, өзүнө кызыктуу чөйрөнү тапсын деп спортко бергенбиз. Анын үстүнө ар түрдүү кооптуу жагдайлар болуп калууда. Жолдо жүргөндө дагы зирек болуп, бирөө тийишсе коргоно алат деп көңүлүбүз жайлана түшөт. Машыгуусуна дагы барып көрөм, тез кыймылдап, ыкчам болуусун үйрөтүшөт”, – деди Жыпаргүл Паизова.

Жыныстык мүчөлөрдүн аталышын үйрөтүү зарылдыгы

Психологдун айтымында, балага жыныстык органдарынын аталышын үйрөтүү, анын денесине эч ким уруксаты жок тийбеши керектигин түшүндүрүү маанилүү.

Эмнеге балага өз денесинин бөлүктөрүнүн аталышын үйрөтүү маанилүү? Үйдө дене мүчөлөр тууралуу ачык сүйлөшүп, ата-эне менен баланын ортосундагы ишенимди, байланышты бекемдөө зарыл. Баланын денесине андан башка эч ким тийбеши керектигин билип чоңоет. Себеби денесин таанып, өзүнүн жеке чегин билген балдар көйгөй жаралса, үйдөгүлөргө уялбай кайрылат. Бул эрежелер толук түрдө коргой албашы мүмкүн. Бирок, зомбулукка кабылганда ишенимдүү кишилерге айтууну, жардам суроону, коргонууну үйрөтөт”, – дейт А. Эралиева.

Психолог Айканыш Эралиева жыныстык мүчөлөрдүн аталышын билүүнүн зарылдыгы тууралуу бир мисал келтирди.

“Канадада 4 жаштагы кыздын жыныстык мүчөсүн апасы “таттуу токоч” деп атап койчу экен. Атасы кызга жыныстык зомбулук жасайт. Ал кыз бакчадагы тарбиячыга кайрылып, “Атам менин таттуу токочумду жеп жатат”,- деп айтат. Анда тарбиячы аны түшүнбөй: “Анда атаң менен бөлүш да” деп жооп берет. Кийин атасы өз кызына зомбулук жасап жүргөнү билинген

Зомбулукту токтотууга багытталган он жылдык программа


Өкмөт үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программаны 2018-жылы ишке киргизген.  Программа коомдогу үй-бүлөнүн абалын жакшыртууну, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону максаттайт. Ал он жылга түзүлүп, учурда экинчи этабында иш жүргүзүлүп жатат.

2028-жылы программанын жыйынтыгы чыгарылып, болжолдуу натыйжа көрсөтүлөт. Алсак, үй-бүлөнүн жана балдардын укуктары боюнча элдин маалыматтуулугун арттырууну, балдарга карата зомбулуктун санын азайтууну көздөйт

Ишеним телефону аркылуу байланыш…

Юнисеф зомбулукка кабылган балдар үчүн ишеним телефонун негиздеп, төрт борбор түзүлгөн. 111 ишеним телефонуна зомбулукка кабылган балдар 24 саат бою акысыз жана жашыруун түрдө байланыша алышат.

Юнисеф балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу максатында улуттук чакырык таштап, “Тумар” демилгесин алып чыккан. Бул демилгени колдоо менен ар бир жаран балдарды коргогон “тумар” болуп, зомбулукту токтотууга салым кошот. Демилгеге кошулгандар баланы жазасыз тарбиялоого, зомбулуктун кесепети оор экенин, ага кабылган балдарга көмөк көрсөтүүнү үйрөнөт.

Акылай Карабаева

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17