Өлкө аймактары менен кубаттуу
ТОКТОГУЛ РИИБге КАЙЫК ТАПШЫРЫЛДЫ
РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
922 Бардыгы / Медиа коомчулук өкүлдөрү иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстандан чыгарыла турган болсо, аскердик мобилизация жүрүп жаткан Орусияда анын өмүрүнө коркунуч жаралышы ыктымал деген кооптонуусун билдиришти. “Медиа полиси институту” уюму баштаган медиа өкүлдөрүнүн ачык кайрылуусу бүгүн, 26-сентябрда жарыяланды. Анда эгер Темировдү өлкөдөн чыгарса мамлекет анын коопсуздугун чоң тобокелге салган болору белгиленди. “Кыргызстандын Конституциясынын 56-беренесинде адамды […]
923 Бардыгы / Медиа коомчулук өкүлдөрү иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстандан чыгарыла турган болсо, аскердик мобилизация жүрүп жаткан Орусияда анын өмүрүнө коркунуч жаралышы ыктымал деген кооптонуусун билдиришти. “Медиа полиси институту” уюму баштаган медиа өкүлдөрүнүн ачык кайрылуусу бүгүн, 26-сентябрда жарыяланды. Анда эгер Темировдү өлкөдөн чыгарса мамлекет анын коопсуздугун чоң тобокелге салган болору белгиленди. “Кыргызстандын Конституциясынын 56-беренесинде адамды […]
МЕДИА КООМЧУЛУК ӨКҮЛДӨРҮ БОЛОТ ТЕМИРОВДУН ИШИ БОЮНЧА ТЫНЧСЫЗДАНУУСУН БИЛДИРИШТИ
27.09.2022 / Автор anarkan_kg

924 Бардыгы /
Медиа коомчулук өкүлдөрү иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстандан чыгарыла турган болсо, аскердик мобилизация жүрүп жаткан Орусияда анын өмүрүнө коркунуч жаралышы ыктымал деген кооптонуусун билдиришти.
“Медиа полиси институту” уюму баштаган медиа өкүлдөрүнүн ачык кайрылуусу бүгүн, 26-сентябрда жарыяланды.
Анда эгер Темировдү өлкөдөн чыгарса мамлекет анын коопсуздугун чоң тобокелге салган болору белгиленди.
“Кыргызстандын Конституциясынын 56-беренесинде адамды жасаган кылмышы үчүн гана чектесе болору жазылган. Ал эми Болот Темиров жана анын жактоочулары 22-сентябрдагы сот отурумунда коюлуп жаткан айыптарды толугу бойдон четке кагып, кылмыш ишинин материалдары айыптарды негиздей да, далилдей да албаганын белгилешти” , – деп айтылат кайрылууда.
Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.
Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.
Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.
Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.
Журналистке “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.
Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.
УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканы тууралуу айыптарды четке каккан.
Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.
Төкмө акын Болот Назаров “Ютуб” каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет.
Темировдун иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда.
22-сентябрдагы соңку отурумда мамлекеттик айыптоо сотко аны беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоону сунуш кылды. Прокурор Мээрим Алиева Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу маселе көтөрдү.
Кийинки отурум 28-сентябрда өтөт.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
20.10.2025 / Автор anarkan_kg БИР ЖУМАДА 284 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
-
01.12.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУН АЛДЫН-АЛА ЖЫЙЫНТЫГЫ. КИМДЕР ЖКга ДЕПУТАТ БОЛУП КЕЛЕТ?
-
20.01.2026 / Автор anarkan_kg АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ ЖАНА БААЛАРГА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.