Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
619 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берди. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирди. “Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла, жалпы эл көрсүн, билсин” деп буйрук бердим. Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин жана көпчүлүк элдин тагдырын байлап койбошубуз керек. […]
620 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берди. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирди. “Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла, жалпы эл көрсүн, билсин” деп буйрук бердим. Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин жана көпчүлүк элдин тагдырын байлап койбошубуз керек. […]
ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ: ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИНЕ ТҮБӨЛҮК ЧЕКИТ КОЮП ЖАТАБЫЗ
10.10.2022 / Автор anarkan_kg621 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берди. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирди.
“Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла, жалпы эл көрсүн, билсин” деп буйрук бердим. Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин жана көпчүлүк элдин тагдырын байлап койбошубуз керек. Райондун деңгээлинен жогору бололу. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен 1400 километр чек араны толук чечип, Өзбекстан менен чек ара маселесине түбөлүк чекит коюп жатабыз. Эгер эми мыйзамдашып бүткөнгө чейин бир тарап айнып кетип кайра мурдагы абалга келип калса, кечээки “тегерек үстөл” уюштуруп, элдин башын айландырып жаткандар көпчүлүк элдин каргышына калышат. Катуу жооп беришет. Жоопко тартабыз”, – деди Жапаров.
Президент Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетет дегендерди “Жөн эле “ал жер биздики болчу, бул жер биздики болчу” деп жалган маалымат берип элдин башын айлантпаш керек” деп сынга алды.
“Буларды Кемпир-Абад кызыктырбайт. Саясат кылып атышат. Эптеп эле бизди элге жаман көрсөтүп, ызы-чуу салып бийликке келиш – алардын максаты. Арам ойлору ишке ашпайт”, – деп кошумчалады ал.
2021-жылдын мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өтүп, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышып келгенден кийин Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ошондон кийин Өзгөндө бир катар нааразылык акциялары өткөн. Көп өтпөй Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айткан.
Андан кийинки сүйлөшүүлөр тууралуу ачык маалымат дээрлик жок болгондуктан нааразылык акциялары уланган. Быйыл 4-октябрда Өзгөндө президенттин эл менен өткөн жабык жолугушуусуна катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров “Өттү, кетти. Ошондой болуп 4000 гектардан ашыгыраак жер кетти. Биз компенсация алганбыз дейт. Ал компенсациясын 1965-жылы алганбыз дейт. Мындай жыйын ачык-айкын өткөндө жакшы болмок” деген пикирин билдирген.
Жолугушууга барган жергиликтүү активист Жумалидин Сопуев “Бул талаш жер эмес. Ушул күнгө чейин талашкан эмес. Эмне үчүн Садыр Жапаровдун тушунда келип, маселе козголуп, көйгөйгө айланып жатат? Кемпир-Абад плотинасынын 60% Өзбекстанда, 40% Кыргызстанда турат. Ошо бойдон тура берсин. Биздин суубузду пайдаланып жатабы Өзбекстан, пайдалана берсин” деген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
07.05.2024 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
07.05.2024 / Автор anarkan_kg МАЛ УУРУЛУК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН “КАПИТАН” КАРМАЛДЫ
-
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg “КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН, КИТЕП СҮЙЛӨЙТ ТАРЫХТАН” АТТУУ СЕМИНАР ӨТТҮ
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ИИМдин КРИМИНАЛИСТИКАЛЫК КЫЗМАТЫНА 99 ЖЫЛ ТОЛДУ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.