Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
931 Бардыгы / Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара кызматынын кыргыз тарапты айыптаган билдирүүсүнө жооп кайтарды. 19-октябрда жарыяланган билдирүүдө тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылат. Буга мисал катары Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын “кыргыз тарап аскердик […]
932 Бардыгы / Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара кызматынын кыргыз тарапты айыптаган билдирүүсүнө жооп кайтарды. 19-октябрда жарыяланган билдирүүдө тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылат. Буга мисал катары Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын “кыргыз тарап аскердик […]
ЧЕК АРА: КЫРГЫЗСТАН ТАЖИКСТАНДЫН БИЛДИРҮҮСҮНӨ ЖООП БЕРДИ
20.10.2022 / Автор anarkan_kg

933 Бардыгы /
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара кызматынын кыргыз тарапты айыптаган билдирүүсүнө жооп кайтарды.
19-октябрда жарыяланган билдирүүдө тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылат.
Буга мисал катары Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын “кыргыз тарап аскердик техникасын Баткенге чогултууда” деп таратып жаткан сүрөттү быйыл 21-22-сентябрдагы куралдуу кагылыштан кийин тартылганын белгилейт.
Чек ара кызматы билдиргендей, 25-сентябрдан тартып Тажикстан чек аранын жалпы периметринде аң (окоп) казып жатат жана ошондон бери Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, дрондорун учурган 10 факт жана кыргызстандыктардын үйлөрүн өрттөөгө аракет кылган учурлар катталды.
“Жолугушууларда Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жетишилген келишимдерди бузуп жатканын моюнга алып, аларды жоюуну убада кылышат, бирок тажрыйба көрсөтүп тургандай – убадаларын аткарышпайт”,- деп билдирди мекеме.
Кыргыз тараптын маалыматына караганда, Тажикстан чек ара тилкесине аскерлерин жана техникасын топтоп, бул үчүн “Тез жардам” унааларын колдонуп, “Головной” деген жердин тушуна жарандык автомашиналар менен ок-дары ташып барып, “жалданмаларды даярдоо жана ок-дары топтоого мечиттерди пайдаланып, ошону менен ислам баалуулуктарына да каршы аракеттенип жатканы” аныкталууда.
Мекеме белгилегендей, “протокол кабыл алынып, чек арада абалды турукташтыруу үчүн аракет көрүлүп жатканына карабастан, тажик тарап кезектеги чек ара чырын тутандырышы ыктымал болгон иштерге барууда”.
Андан мурдараак Тажикстандын бийлиги Кыргызстанды “чек арадагы кырдаалды курчутууга багытталган аракеттерди көрүп жатат” деп айыптаган. Кошуна өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин Согд облустук башкармалыгынын ушундай өңүттөгү билдирүүсүн 19-октябрда улуттук “Ховар” агенттиги тараткан.
Анда 2022-жылдын 25-сентябрындагы №42 протоколдо бекитилген келишим талаптары сакталбай жатканы айтылып, кыргыз тарапка Тажикстандын аба мейкиндигин бузуп, аскердик техниканы тартып, кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерди көрүп жатат деген кине коюлду.
Билдирүүгө 10-18-октябрь аралыгында чек ара аймактарында “Кыргызстандын чагымы” катары сыпатталган бир канча окуя сүрөттөр менен тиркелген.
Тажикстан кырдаалды турукташтыруу, көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечүү жаатындагы макулдашууларды аткарууга кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстанды бейпил жашоону камсыздоого чакырган.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.
Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 6 миңдейи бүгүнкү күндөрдө атайын жайларда жа башкалардын үйүндө жашап жатышат.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 81 киши өлдү деген тизмени жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.
Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
17.02.2026 / Автор anarkan_kg БШК №13 ОКРУГДАГЫ ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ ШАЙЛОО КҮРӨӨСҮН КАЙТАРЫП БЕРЕТ
-
17.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ФЕСТИВАЛЬ ӨТТҮ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 587,7 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ
-
27.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “СЕЛСАЯК, ТИЛЕМЧИ” АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ
-
01.04.2025 / Автор anarkan_kg 22 ЖАШТАГЫ СТУДЕНТ – ОШ ШААР МЭРИНИН ЖАРДАМЧЫСЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ СООДАГЕРЛЕР 20-АПРЕЛДЕН ТАРТЫП ЖАҢЫ БАЗАРГА КӨЧҮРҮЛӨТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.