Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
976 Бардыгы / Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы […]
977 Бардыгы / Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы […]
БАШАЛАМАНДЫК УЮШТУРУУГА ШЕК САНАЛГАНДАР ЭКИ АЙГА КАМАЛДЫ
25.10.2022 / Автор anarkan_kg

978 Бардыгы /
Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин деп белгиленди.
Жалпысынан 20 кишинин бөгөт чарасы аныкталып, чечим чыкты. Сот ишин таңкы саат бешке чейин улантты.
Чечим чыккандар:
1.Азимбек Бекназаров
2.Асия Сасыкбаева
3.Али Шабдан
4.Рита Карасартова
5.Айданбек Акматов
6.Равшан Жээнбеков
7.Кубанычбек Кадыров
8.Чыңгыз Капаров
9.Перизат Суранова
10.Кеңешбек Дүйшөбаев
11.Нурлан Асанбеков
12.Эрлан Бекчоро уулу
13.Айбек Бусурманкулов
14.Таалайбек Мадаминов
15.Улукбек Маматаев
16.Гүлнара Журабаева
17.Клара Сооронкулова
18.Бектур Асанов
19.Талант Эшалиев
20.Жеңиш Молдокматов.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү “Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы” болуп келатышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. “Азаттык” бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.
24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.
Садыр Жапаров ушул күнү улуттук “Кабар” агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.
Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
04.11.2025 / Автор anarkan_kg 9 АЙ ИЧИНДЕ 177 ЖОЛ КЫРСЫГЫ КАТТАЛГАН
-
-
04.02.2026 / Автор anarkan_kg АЙЫЛДЫК МОЛДОГО К.ТАШИЕВ ҮЙ КУРДУРУП БЕРДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.