Аймак

БАТКЕН ОБЛУСУНДА ҮЧ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА ОН АЙЫЛДЫН АТАЛЫШЫ ӨЗГӨРТҮЛДҮ

БАТКЕН ОБЛУСУНДА ҮЧ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА ОН АЙЫЛДЫН АТАЛЫШЫ ӨЗГӨРТҮЛДҮ

 3,633 Бардыгы /

     БИШКЕК. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым Айыл Өкмөттөрүн жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Ошентип, бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 20-октябрында кабыл алынган мыйгамга шайкеш келтирилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан бул мыйзамда Баткен облусунун үч Айылд Өкмөтү жана дагы он айылынын аттары акыры өзгөртүлдү.

Аталган документтин негизги максаты — Айыл Өкмөттөрүнө жана айылдарга мурдагы жана азыркы учурда кеңири белгилүү болгон, ушул тапта жергиликтүү тургундар тарабынан активдүү колдонулуп келген, ошондой эле мамлекеттик, тарыхый жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен, аталыштарды кайтарып берүү. Мыйзам улуттук идеологияны бекемдөөгө жана жарандарды патриоттук духта жана улуттук, тарыхый салттар менен баалуулуктардын негизинде рухий-адептик тарбиялоону андан ары жакшыртууга гана багытталган.

Айыл Өкмөттөрүнүн жана айылдардын атын кайра атоо боюнча чечимдер ошол айылдардын тургундарынын чогулуштарында кабыл алынып, тиешелүү айылдык кеңештердин чечимдери, райондук мамлекеттик администрациялардын жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдери менен бекитилип, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.

Мыйзамга ылайык, төмөнкү Айыл Өкмөттөрүнүн жана айылдарынын аталыштары өзгөртүлдү:

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ Айыл Өкмөтү Айрыбаз Айыл Өкмөтү деп;

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ Айыл Өкмөтүнүн Марказ айылы Айрыбаз Айыл Өкмөтүнүн Айрыбаз айылы деп;

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон Айыл Өкмөтүнүн Валакиш айылы Үч-Коргон Айыл Өкмөтүнүн Тегирмеч айылы деп;

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион Айыл Өкмөтү Исхак-Полотхан а Айыл Өкмөтү деп;

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион Айыл Өкмөтүнүн Ноогардан айылы Исхак-Полотхан Айыл Өкмөтүнүн Ак-Өргө айылы деп;

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион Айыл Өкмөтүнүн Халмион айылы Исхак-Полотхан Айыл Өкмөтүнүн Жеңиш айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун Айыл Өкмөтү Кең-Талаа Айыл Өкмөтү деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун Айыл Өкмөтүнүн Даргаз айылы Кең-Талаа Айыл Өкмөтүнүн Кереге-Таш айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун Айыл Өкмөтүнүн аймагынын Дархум айылы Кең-Талаа Айыл Өкмөтүнүн Жети-Таш айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун Айыл Өкмөтүнүн  Маргун айылы Кең-Талаа Айыл Өкмөтүнүн Мурас айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун Айыл Өкмөтүнүн Чурбек айылы Кең-Талаа Айыл Өкмөтүнүн Үч-Булак айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула Айыл Өкмөтүнүн аймагынын Коммуна айылы Сумбула Айыл Өкмөтүнүн Сары-Дөбө айылы, деп кайра аталды.

Ошентип, аталган мыйзам келерки 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмекчи.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17