Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
892 Бардыгы / Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол койгонун анын басма сөз кызматы 30-ноябрда билдирди. Өзбек тараптын маалыматына караганда, “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү” келишим 13 беренеден турат. Ал жалпы узундугу 302,29 […]
893 Бардыгы / Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол койгонун анын басма сөз кызматы 30-ноябрда билдирди. Өзбек тараптын маалыматына караганда, “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү” келишим 13 беренеден турат. Ал жалпы узундугу 302,29 […]
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ БОЮНЧА МЫЙЗАМДАРДЫ ӨЗБЕК ТАРАП ДА БЕКИТТИ
01.12.2022 / Автор anarkan_kg

894 Бардыгы /
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол койгонун анын басма сөз кызматы 30-ноябрда билдирди.
Өзбек тараптын маалыматына караганда, “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү” келишим 13 беренеден турат. Ал жалпы узундугу 302,29 чакырымдык, анын ичинде 35 участок камтылган чек ара тилкесин аныктайт. Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагындагы 4957 гектар жер жана плотинаны тейлөө-коргоо үчүн кошумча 19,5 гектар өтөт, Кыргызстанга кенемте катары 1 019 гектар жайыт жер өтөт.
Ошондой эле, өзбек тарап билдиргендей, Кыргызстанга аталган суу сактагычтын жээгине курулбай калган Кемпир-Абад каналы үчүн кенемте иретинде Гавасай участогунан 12 849 гектар жер өтөт, Кыргызстан ал жерге гидротехникалык же башка курулуштарды салууга укугу болбойт.
Кемпир-Абад суу сактагычынын жана Чечме булагы жайгашкан участоктун суу ресурстарын биргелешип башкаруу маселеси өзүнчө келишим менен жөнгө салынары да белгиленди.
Ал эми “Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү” макулдашуу тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы ал документ 11 беренеден турарын, суу сактагычтын суу ресурстарын чогуу башкаруу боюнча биргелешкен комиссия түзүлгөнүн, өзбек тарап өзүнө сууну горизонталь боюнча 900 метрден жогору эмес деңгээлде кармап туруу, Кыргызстандын жарандарына малын жана жерин сугарып, балык улоосуна тоскоолдук жаратпоо, суу сактагычтын тегерегине инженердик-техникалык курулуштарды курбоо милдетин алып жатканын билдирди. Кыргызстан сууну коргоо зоналарын орнотууга жана сууну пайдалануу тартибин сактоого милдеттенме алып жатканы айтылды.
Өзбек тарап суу сактагычтын коопсуздугун камсыздап, аны эксплуатация кылары, техникалык жактан тейлеп, сууну кыргыз тарап менен макулдашылган лимитке ылайык коё берип турары, Өзбекстандын 8 миңдей фермердик чарбасын суу менен үзгүлтүксүз камсыздап, 2,5 миллион тонна айыл чарба продукциясын өстүрүп, 500 миллион долларга экспорттоого мүмкүнчүлүк жаралары кошумча белгиленди.
Жогоруда аталган келишимди жана макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кыргыз президенти Садыр Жапаров 29-ноябрда кол койгон.
Келишимге жана макулдашууга быйыл 3-ноябрда Бишкекте Кыргызстанга иш сапар менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кол коюшкан.
Аларды ратификациялоо маселеси Жогорку Кеңеште 17-ноябрда дароо үч окууда каралып, кабыл алынган. 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген.
Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Өзбек парламенти – Олий Мажлистин Сенаты келишим менен макулдашууну 18-ноябрда жактырган. Документке 100 сенатордун баары бир добуштан макул болушкан.
Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиянн суу сактагычы деп атайт.
Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
-
30.07.2024 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУДА МИЛИЦИОНЕР 100 МИҢ СОМ ПАРА АЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
-
05.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна УР-РАА! ЖОЛАМАН ШАРШЕНБЕКОВ ЧЕЙРЕК ФИНАЛГА ЧЫКТЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.