Аймак

Жээнбек КОЛДОШОВ: “АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ДАЙЫНДАЛАШЫ ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ОГО БЕТЕР ЖОГОРУЛАТТЫ!”

Жээнбек КОЛДОШОВ: “АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ДАЙЫНДАЛАШЫ ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ОГО БЕТЕР ЖОГОРУЛАТТЫ!”

 1,239 Бардыгы /

Көпчүлүк анча деле биле бербейт. Кыргызстанда буга дейре айыл өкмөт башчыларынын кадрдык резерви түзүлгөн. Дал ушунун эсебинен биргезде жайы-кышы бою тоосунан ак кар жана көк муз кетпеген Чоң-Алай районундагы айыл өкмөт башчысы Жээнбек КОЛДОШОВ тогуз ай мурун пахтазар өнөөнү Араван районундагы Чек-Абад Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына жөнөтүлдү.

  • Жээнбек мырза, Айыл Өкмөт башчыларынын кадрдык резервинде

турганыңызды Сиз билет белеңиз?

  • Ананчы! А түгүл буга чейинки бир катар олуттуу сынактарга дагы эң активдүү катышкамын.
  • Эсиңиздедир. Буга чейинки айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү Кеңештин депутаттары шайлап келишпедиби. Ошондуктан, булардын чырдан башы чыкпай калды эле… Сиздин баамыңызда, деги шайлоо жакшы бекен? Же дайындоо жактыбы?
  • Сиздин бул күтүлбөгөн сурооңузга ынандыраарлык жана дагы биржаңсыл жооп кайтаруу, чындыгында,   азыр мага абдан эле кыйын! Анын үстүнө эртелик дагы кылат. Мен бул жайда бир жыл иштеп көрөйүнчү? Анан жергиликтүү жыйында сөзсүз өзүнчө отчет деле беремин. Дал ошондо мага бааны элибиз, анан дагы мени дайындаган жогорку Бийлик өзү берээр…
  • Деги Чек-Абаддын бүгүнкү социалдык-эконеомикалык акыбалы кантти экен?
  • Менин алдыма койгон адепки эле максатым: жергиликтүү калкты туруктуу жумуш менен толук кандуу камсыз этүү. Бул аркылуу Чек-Абад айыл өкмөтүнүн экономикасын чукул арада жогорку деңгээлге көтөрүү. Маселен, мен бул кызматка киришкен күнүмдөн тартып 90 орундуу цехти ишке киргиздик. Ички жана тышкеы инвесторлорду аймагыбызга байма-бай тартып, элет жеринде беш-алтыдан кишини (бул деген бир нече үй-бүлө) жумуш менен камсыз этип келатабыз.

Ушуга эле улай подоход салыгы аркылуу жергиликтүүү бюджетибиздин кирешесин ого бетер көбөйттүк. Мындан тышкары  жүздөн ашуун үй-бүлөнүн өздүк кирешелерин дагы көбөйтүүгө мыкты шарттарды жараттык. Биздин мындай астейдил аракетибиз ушундан ары дагы ырааттуу түрдө улантылат.

  • Кыргызстан жакыр өлкө эмеспи. Андыктан, Сиздер социалдык жардамга өлө муктаж үй-бүлөлөрдөн деле куру эместирсиздер?
  • Жашырып не. Чек-Абад айыл өкмөтүндө кирешеси жашоо деңгээлине төмөн үй-бүлөлөрдөн биз деле куру эмес экенбиз. Калкыбыздын мындай көйгөйү көп катмары ушул тапта жалпы элибиздин 24,8 пайызын (дээрлик төрттөн бир бөлүгүн) түзүп олтурат.
  • Анда деги булар азыркы каат заманда деги кантип жашап жатышты экен?
  • Мындайларга айыл өкмөтүбүздүн бюджетинен өзүнчө каражат ажыратып турабыз. Мындан тышкары өтө кедей жашаган үй-бүлөлөргө коомдук уюмдар жана дагы меценаттар (жеке демөөрчүлөр) такай көз дагы салышып, керек кезде дароо кол сунушуп, а түгүл үзгүлтүксүз көмөктөшүп турушат. Маселен, быйыл он ай аралыгында жергиликтүү бюджеттин эсебинен эле турму-шарты абдан эле оор 139 жараныбызга дээрлик 442 250 сомдук көмөк көрсөттүк. Мындай аркетибиз соңку тапта дагыле ырааттуу улантылууда.
  • Араңыздарда Улуу Ата Мекендик согуштун, ошондой эле Ооган апаатынын ардагерлери дагыле бардыр?
  •  Тилекке каршы, Улуу Ата Мекендик согуштун бир дагы катышуучусу арабызда жок! Ал эми Ооган согушуна катышкан 27 ардагерибиз бар. Буларга өтө зарыккан кезде Чек-Абад айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылай көмөк көрсөтүлүп турат. Мындан тышкары дагы даталуу күндөрдө жана майрамдарда бул азаматтарыбыз түркүн иш-чараларга чакыртылып катыштырылып, а түгүл сый-урмат көрсөтүп гана келатабыз. 
  • Жээнбек мырза, Сиз дегеле Чек-Абад Айыл Өкмөтүнүн болочогун кандайча элестетесиз?
  • Танып не. Чек-Абад айыл өкмөтү – жергиликтүү бийлик, коомчулук жана бейөкмөт уюмдар менен тыгыз иштешүүсүнүн натыйжасында жакын арада Айыл чарбасы жана жеке ишкерлик жагынан өтө өнүккөн аймакка айланаары шексиз!

Анан дагы, көз тийбесин,  биздин айыл өкмөтүбүздүн жаратылышы абдан коооз! Туризм туругуна гана айланчу жер. Буга улай бүгүнкү заман талабына   жараша жогорку маданияттуу, өтө билимдүү, жаңы заманбап инновациялык техникаларды ыкчам өздөштүргөн элибиз бар.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Ош облусунун Араван районуна караштуу Чек-Абад айыл өкмөтү көп улуттан куралган. Бул аймакты 70 пайыз – өзбектер, 25 пайыз кыргыздар,  5 пайыз ар улуттун өкүлдөрү туруктуу байырлашат. Ушул тапта калкынын саны 16 971ди чапчыды. Чек-Абад айыл өкмөтү негизинен чоң-кичине сегиз кыштактан куралган.  

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17