Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,036 Бардыгы / Орусиядагы кыргызстандык мигранттар башкаларга коркунуч жаратуучу жугуштуу оорусу бар же жогун Москвадагы атайын борбордон текшерткенде акы төлөбөй турган болду. Бул тууралуу 10-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин Орусия тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кабыл алынды. Сөз Москвадагы “Көп функционалдуу миграциялык борбор” мамлекеттик мекемесиндеги […]
1,037 Бардыгы / Орусиядагы кыргызстандык мигранттар башкаларга коркунуч жаратуучу жугуштуу оорусу бар же жогун Москвадагы атайын борбордон текшерткенде акы төлөбөй турган болду. Бул тууралуу 10-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин Орусия тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кабыл алынды. Сөз Москвадагы “Көп функционалдуу миграциялык борбор” мамлекеттик мекемесиндеги […]
МОСКВА: МИГРАЦИЯЛЫК БОРБОРДОГУ МЕДИЦИНАЛЫК ТЕКШЕРҮҮ АКЫСЫ ЖОЮЛДУ
11.01.2023 / Автор anarkan_kg

1,038 Бардыгы /
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар башкаларга коркунуч жаратуучу жугуштуу оорусу бар же жогун Москвадагы атайын борбордон текшерткенде акы төлөбөй турган болду. Бул тууралуу 10-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин Орусия тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кабыл алынды.
Сөз Москвадагы “Көп функционалдуу миграциялык борбор” мамлекеттик мекемесиндеги кызмат тууралуу жүрүүдө.
Ошондой эле аталган борбордогу медициналык текшерүү кызматтарынын тизмеси толукталып, жугуштуу оорулардын кошумча анализи башка мекемелерге жөнөтүлбөстөн, ошол жерден эле жасалмай болду. Чет өлкөлүк жаран эгер оорусу бар экени аныкталса гана Москванын атайын медициналык жайларына жөнөтүлөт. Ал жакта дарылоо үчүн акы алынбайт.
Орусияда миграциялык мыйзамдарга ылайык медициналык текшерүүдөн өткөн кыргызстандыктардын көбүнө “жыныстык жол менен жугуучу оорусу бар” деген диагноз коюлуп, аларды орус тарап бир гана клиникадан дарыланууга мажбурлап жатканын декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков айтып чыккан. Ал “Сахарово” борборунда ачылган медициналык жай текшерүүдөн өткөн ар бир мигранттан 5700 рубль алып, венерологиялык оорусу бар дегендерди дарыланууга кымбат клиникага жөнөтүп жатканын белгилеген. Кыргыз жарандарынын укугу бузулганы аныкталса, бийликтен чукул арада чара көрүүнү өтүнгөн.
Маселени парламенттин башка депутаттары да көтөрүп чыгышкан.
2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл.
Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканы, бул ЕАЭБ ичиндеги макулдашууларга карама-каршы келери тууралуу маселе Жогорку Кеңеште бир нече ирет көтөрүлгөн.
ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg ИШТЕБЕГЕН ЖАРАНДАРГА МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨНГӨНДҮГҮ АНЫКТАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.