Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
646 Бардыгы / Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыккандан кийин журналисттерге сүйлөп жатып, өлкөнү башкарып турган кезинде маалымат каражаттарын сотко бергени үчүн өкүндү. “Албетте, сөз эркиндиги болушу керек. Мен журналисттердин баарына ыраазычылык билдирем. Суукка карабай күтүп турганыңарды көрүп, атайын токтодум. Мен Дача-Су боюнча айрым маалымат каражаттарын сотко берген элем. Азыр ошол үчүн өкүнөм. Мен ал […]
647 Бардыгы / Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыккандан кийин журналисттерге сүйлөп жатып, өлкөнү башкарып турган кезинде маалымат каражаттарын сотко бергени үчүн өкүндү. “Албетте, сөз эркиндиги болушу керек. Мен журналисттердин баарына ыраазычылык билдирем. Суукка карабай күтүп турганыңарды көрүп, атайын токтодум. Мен Дача-Су боюнча айрым маалымат каражаттарын сотко берген элем. Азыр ошол үчүн өкүнөм. Мен ал […]
АТАМБАЕВ ПРЕЗИДЕНТ КЕЗИНДЕ ЖМКларды СОТКО БЕРГЕНИ ҮЧҮН ӨКҮНӨРҮН АЙТТЫ
15.02.2023 / Автор anarkan_kg648 Бардыгы /
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыккандан кийин журналисттерге сүйлөп жатып, өлкөнү башкарып турган кезинде маалымат каражаттарын сотко бергени үчүн өкүндү.
“Албетте, сөз эркиндиги болушу керек. Мен журналисттердин баарына ыраазычылык билдирем. Суукка карабай күтүп турганыңарды көрүп, атайын токтодум. Мен Дача-Су боюнча айрым маалымат каражаттарын сотко берген элем. Азыр ошол үчүн өкүнөм. Мен ал кезде президент болгонум үчүн сотко бербешим керек экенин эске албаган экенмин. Анткени соттор күчтүүлөрдүн пайдасына гана чечим чыгарарын өзүм көрдүм”, – деди Атамбаев.
2017-жылы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды башкарып турганда баш прокурор Индира Жолдубаева “президенттин аброюна шек келтирди” деп миллиондогон сомдук доо менен “Азаттык” радиосун, “Заноза”, “24.kg” маалымат сайттарын жана “Ата Мекендин” юристтерин сотко берген. Кийин Атамбаев бул арыздарын кайра чакыртып алган.
Бүгүн, 14-февралда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты.
Ал журналисттерге сүйлөп жатып өзүнө козголгон кылмыш иштеринин баары негизсиз экенин айтты. Атамбаев тез арада дарыланышы зарыл экенин айтып, чет өлкөгө учуп кетерин билдирди. Бирок кайра кайтып келерин белгиледи.
Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарганы кабарланды. Бул тууралуу документтин сүрөтү Интернетке да жарыяланды.
Атамбаевге карата чыккан мурдагы чечимдер жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилгенин Жогорку Соттун басма сөз кызматы 14-февралда билдирди.
Соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечими жокко чыгарылып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко былтыр августта кайрылышкан.
Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча камалган.
2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, “коррупцияны уюштурууга” айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, аны мамлекеттик сыйлыктарынан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.