Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
 - АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
 - АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
 - СЫНАК Спорт мектеби
 - КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
 - ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
 - ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
 - КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
 - АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
 - АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
 - Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
 - СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
 - Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
 - КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
 - Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
 - СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
 - СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
 - СЫНАК Орток токой чарбасы
 - Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
 - Объявляет тендер на оказание услуг
 
1,282 Бардыгы / ОШ. Жыл сайын 15-февралды Советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылган күнү жана анда курман болгондорду эскерүү, ошондой эле Ооган ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү күнү сыёары белгилеп келатабыз. Ошентип, мындан туптуура 34 жыл илгери СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Түркстан аскердик округунун 40-армиясынын башчысы, генерал-лейтенант Борис Громовдун “Термез” чек ара бекетинде: “Менин артымда бир дагы Советтик жоокер, офицер, […]
1,283 Бардыгы / ОШ. Жыл сайын 15-февралды Советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылган күнү жана анда курман болгондорду эскерүү, ошондой эле Ооган ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү күнү сыёары белгилеп келатабыз. Ошентип, мындан туптуура 34 жыл илгери СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Түркстан аскердик округунун 40-армиясынын башчысы, генерал-лейтенант Борис Громовдун “Термез” чек ара бекетинде: “Менин артымда бир дагы Советтик жоокер, офицер, […]
34 ЖЫЛ ИЛГЕРИ СОВЕТТИК ЖООКЕРЛЕР ООГАНСТАНДАН ЧЫГАРЫЛГАН
15.02.2023 / Автор anarkan_kg

1,284 Бардыгы /
ОШ. Жыл сайын 15-февралды Советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылган күнү жана анда курман болгондорду эскерүү, ошондой эле Ооган ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү күнү сыёары белгилеп келатабыз.
Ошентип, мындан туптуура 34 жыл илгери СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Түркстан аскердик округунун 40-армиясынын башчысы, генерал-лейтенант Борис Громовдун “Термез” чек ара бекетинде: “Менин артымда бир дагы Советтик жоокер, офицер, прапорщик жок. Бул жерде болгон тогуз жылдык согуш аяктады”, – деп айткан сөзү эмдигиче эсибизде. Баса, дээрлик он жылга жакын созулган согушта интернационалист-жоокерлердин арасында миңдеген кыргызстандыктар дагы баатырларча болушкан. Алар аскердик антка бекем турушуп, Оган согушунда эбегейсиз эрдик, эстен чыккыс баатырдык менен салгылашып, эң мыкты касиеттерин – мекенчилдигин, антка-шертке туруктуулугун, тайманбастыгын таасын көрсөтүшкөн.
Баса, Ооган согушуна 7 миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын 300гө жакыны өлүмгө тике карап, согуш талаасында баатырларча курман болушкан. Ал эми 1500 жоокер жараланып, 4 жоокердин дайыны чыкпай калды. Албетте, бул сандар жөнөкөй сандар эмес, ар бир сан ар бир жоокердин – ар бир мекендешибиздин тагдыры! Биз муну эч качан унутпоого тийишпиз! Майдан талаасында көрсөткөн эрдиги үчүн 247 мекендешибиз СССРдин мамлекеттик жогорку сыйлыктары менен сыйланган. Биздин жердештерибиз – кенже сержант Юрий Исламов менен капитан Сергей Гущин Советтер Союзунун Баатыры наамына татышкан.
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында дагы Советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылган күнү эскерилип, бул апатта курман болгондорго арналып атайын куран окулду. Акырында Ооган ардагерлерине арналып орнотулган эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Маркумдардын урматына аскердик салют дагы атылды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
- 
                        
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
 - 
                        
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
 - 
                        
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
 
- 
                        
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
 - 
                        
 - 
                        
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
 
- 
                        
06.05.2025 / Автор anarkan_kg НООКАТТА СТАДИОН ЖАНА МАДАНИЯТ ҮЙҮ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
 - 
                        
20.05.2025 / Автор anarkan_kg ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТАЙЛЫ
 - 
                        
12.06.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
 
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
- 
                        
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
 
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.