Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
790 Бардыгы / БИШКЕК. Кечээ, 16-февралда Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында ИИМдин коомдук кеңешинин жыйынтыктоочу ачык отуруму болуп өттү.ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышты. ИИМдин башчысынын биринчи орун басары сөз сүйлөп, Кеңешке жемиштүү, узак […]
791 Бардыгы / БИШКЕК. Кечээ, 16-февралда Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында ИИМдин коомдук кеңешинин жыйынтыктоочу ачык отуруму болуп өттү.ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышты. ИИМдин башчысынын биринчи орун басары сөз сүйлөп, Кеңешке жемиштүү, узак […]
ИИМдин КООМДУК КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ АЧЫК ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ
17.02.2023 / Автор anarkan_kg792 Бардыгы /
БИШКЕК. Кечээ, 16-февралда Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында ИИМдин коомдук кеңешинин жыйынтыктоочу ачык отуруму болуп өттү.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышты. ИИМдин башчысынын биринчи орун басары сөз сүйлөп, Кеңешке жемиштүү, узак мөөнөттүү кызматташуусу үчүн ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүлөргө токтолду. «Иштин ар кыл тармагында эксперт болгон Кеңештин мүчөлөрүн чынчылдык, ачыктык, кесипкөйлүк жана активдүү коомдук позиция сыяктуу жалпы баалуулуктар бириктирип турат. Биргеликте бир топ демилгелерди ишке ашырып, көп иштерди аткардык»,-деди Адылбек Бийбосунов.
Жыйынтыктоочу баяндаманы ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов
жасап, кеңештин ишмердүүлүгү, ийгиликтери, жетишкендиктери тууралуу
айтып, сунуштарын берди. «Коомдук кеңештин максаты жана милдеттери-министрликтин ишкердигине
тийиштүү коомдук демилгелерди талкулоого жана аларды алдыга жылдырууга,
ошондой эле, ИИМге сапаттуу чечимдерди кабыл алууда жардам берүүгө
багытталган жарандык коом менен укук коргоо органдардын ортосундагы өз
ара байланышты түзүү. 2021-2022-жылдар аралыгында Коомдук кеңеш 31 жыйын өткөрдү. Анын ичинен 23 жыйын Бишкек шаарында, 8 көчмө жыйын Чүй жана Ысык-Көл облустарында өттү. Бардык жолугушуулар коомчулук үчүн ачык өттү.
Жыйынга РИИБнин, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын, жалпыга
маалымдоо каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, министрликтин
жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилик курамы катышты.
Отурумдун жыйынтыгында кабыл алынган ИИМдин Коомдук кеңешинин чечимдери Ички иштер министрлигине, Министрлер Кабинетине, Жогорку Кеңешке жана Коопсуздук Кеңешине өткөрүлүп берилди.
Коомдук Кеңеш өзүнүн ишин баштагандан бери, ага 300дөн ашык киши
кайрылды. Бир да кайрылуу биз тараптан көңүл буруусуз калган жок. Биз ар
бир адамга жардам берүүгө аракет кылдык – ал ИИМдин пенсионери болсо да,
кызматкерлердин балдары болсо да, же муктаж болгондор жана
адилеттүүлүктү издеп жүргөндөр кайрылса да. ИИМдин Коомдук Кеңешинин милдети – мамлекеттик орган менен элдин ортосунда “көпүрө” болуу. Биздин Кеңешибиз бул милдетибизди аткарыш үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.
Биздин сунуштарыбыз, экспертизаларыбыз жарандык коомдун пикирлерин,
күтүүлөрүн чагылдырат жана алардын көпчүлүгү ИИМ тарабынан кабыл алынды.
Биз чоң иш жасадык, бирок, тилекке каршы, дагы эле көп нерселерди
аткарганга үлгүрө албай калдык. Өзүбүздүн ишибизди аткарууда, биз жөн гана байкоочу болбой, өнүгүүнүн активдүү катышуучулары болдук.
Ошондой эле, Коомдук кеңештин ар бир мүчөсүнүн тажрыйбасын жана
потенциалын колдонуп, ички иштер органдарынын ишинин ачыктыгын
жогорулатуу максатында активдүү иштедик.
Өзүңүздөр билгендей, мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери өзүнүн
коомдук ишин акысыз эле аткарышат. Бул болсо адилеттиктин,
объективдүүлүктүн кепилдиги болуп саналат»,- деди Ялкун Даутов.
Жыйындын жүрүшүндө жарандык коомдун ИИМ менен өз ара аракеттенүүсүн жана
кызматташтыгын чыңдоого кошкон салымы жана ар тараптуу колдоо
көрсөткөндөрү үчүн ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү ведомстволук Ардак
грамоталар жана медалдар менен сыйланышты.
«Биз ИИМге анын диалогго ачыктыгы үчүн жана биз менен биргелешип
маселелерди чечүүгө даяр болуп турганына ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Ошондой эле, эл аралык уюмдарга, жарандык коомго, бейөкмөт уюмдарга
жана журналисттерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз», – деп жыйынтыктады
жолугушууну Ялкун Даутов.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg НИЯЗАЛИЕВАНЫН ШТАБЫНАН КАРМАЛГАН ЭКИ КИШИ КАМАККА АЛЫНДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.