Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,339 Бардыгы / ОШ. Ош шаарында бүгүн, 24-март күнү “Jannat Resort” мейманканасында облустун аймагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнүн, коомчулуктун жана ички иштер органдарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдеген “Мыйзам, тартип жана жоопкерчилик ” аталыштагы форум өткөрүлдү.Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чара алгач Кыргыз […]
1,340 Бардыгы / ОШ. Ош шаарында бүгүн, 24-март күнү “Jannat Resort” мейманканасында облустун аймагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнүн, коомчулуктун жана ички иштер органдарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдеген “Мыйзам, тартип жана жоопкерчилик ” аталыштагы форум өткөрүлдү.Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чара алгач Кыргыз […]
ОШ ОБЛУСУНДА “МЫЙЗАМ, ТАРТИП ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК” АТАЛЫШЫНДАГЫ ФОРУМ ӨТТҮ
24.03.2023 / Автор anarkan_kg

1,341 Бардыгы /
ОШ. Ош шаарында бүгүн, 24-март күнү “Jannat Resort” мейманканасында облустун аймагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнүн, коомчулуктун жана ички иштер органдарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдеген “Мыйзам, тартип жана жоопкерчилик ” аталыштагы форум өткөрүлдү.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чара алгач Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, андан соң коомдук алдын алуу борборунун ишмердүүлүгү боюнча чакан видеотасма көрсөтүү менен коштолду. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу
боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Жоробеков сөз сүйлөп, облус аймагындагы укук бузууларды алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу, жетишкендиктери жана милиция менен коомчулуктун ортосундагы мамилени бекемдөөдөгү салымын баса белгилеп өтүштү. Ал эми Кыргыз Республикасынын “Saferworld” эл аралык уюмунун жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн кеңсе башчысы Стефан Стоянов, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров жана Ош облусунун прокурору Максат Асаналиев өздөрүнүн багыттары боюнча аткарылган иштер тууралуу баяндама жасашты. Бул форумдун максаты коомдук алдын алуу борборлорунун жумушун жандандыруу, алардын көйгөйлөрүн чечүү.
Белгилей кетсек, Ош облусунда 90 ашуун коомдук алдын алуу
борборлору иштейт. Анын баарында эле шарт жаралган эмес. Бирок ага карабай кылмыштуулукту алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктарды, балдар арасында катталган кылмыштуулукту жоюу боюнча коомдук алдын алуу борборунда жайгашкан аксакалдар соту, аялдар кеңеши, ошондой эле жаштар координаты, милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат.
Коомдук алдын алуу борборунун кызматкерлери негизинен элдин
кайрылууларын кабыл алып, жардам көрсөтүп, укук бузуулардын алдын алууга багытталган жолугушууларды уюштурат. Мында кызматкерлер жарандардын жазуу жана оозеки кайрылууларын кабыл алат, жергиликтүү калкка көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтүп, укук бузуулардын алдын алууга багытталган жолугушууларды уюштурат. Иш-чаранын сонунда КААБдын иштеген тажрыйбалуу кызматкерлеринин сунуш, пикирлерин кабыл алуу менен резалюция кабыл алынды. Ошондой эле Ош
облусунун аймагында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууда ИИОнун кызматкерлери менен тыгыз кызматташкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош ОИИБи тарабынан КААБдын мүчөлөрү ардак грамоталар
менен сыйланышты.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
25.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ КИРГИЗИЛДИ
-
-
24.03.2026 / Автор anarkan_kg ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНА КИРГИЗИЛГЕН ЧЕКТӨӨ АЛЫНАТ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
11.06.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ЖАҢЫ БАТИРЛЕРГЕ ЭЭ БОЛУШТУ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.