Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
877 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Чүй жана Ош облустарында габион торчолорун автоматташтырылган өндүрүү боюнча эки цехти ишке киргизди жана ӨКМдин табигый кырсыктарды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча санариптик тутумдарынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ӨКМге эки заманбап өндүрүш линиясы жана төрт жүк ташуучу […]
878 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Чүй жана Ош облустарында габион торчолорун автоматташтырылган өндүрүү боюнча эки цехти ишке киргизди жана ӨКМдин табигый кырсыктарды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча санариптик тутумдарынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ӨКМге эки заманбап өндүрүш линиясы жана төрт жүк ташуучу […]
ШВЕЙЦАРИЯ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИКТЕРИНЕ ТУРУШТУК БЕРҮҮГӨ КӨМӨК КӨРСӨТТҮ
29.03.2023 / Автор anarkan_kg

879 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Чүй жана Ош облустарында габион торчолорун автоматташтырылган өндүрүү боюнча эки цехти ишке киргизди жана ӨКМдин табигый кырсыктарды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча санариптик тутумдарынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди.
Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ӨКМге эки заманбап өндүрүш линиясы жана төрт жүк ташуучу унаа берилди. Бул долбоордун жардамы менен ӨКМ габион торчолорун кол менен өндүрүүдөн автоматташтырылган жергиликтүү өндүрүүгө өттү. Эки цехте габион торчолорун керектүү санда чыгарууга мүмкүнчүлүк жаралып, өндүрүштүн көлөмү төрт эсеге өсөт. Жүк ташуучу унаалар керектүү габион торчолорун өлкөнүн алыскы аймактарына өз убагында жеткирип, өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам көрсөтүүдө жеткирүү убактысын кыскартат. Мындан тышкары табигый кырсыктарды көзөмөлдөө жана алдын ала эскертүү тутумдарынын маалымат технологияларынын инфратүзүмү жакшыртылды. Бул салым ӨКМдин аялуу калктын жашоо-тиричилигин коргоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жыйынтыгында климаттын өзгөрүүсүнүн азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасирин азайтат.
“Швейцария өкмөтү табигый кырсыктарга дуушар болгон аялуу жамааттарга колдоо көрсөтүүнү улантат. Биз ӨКМге климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин алдын алуу жана азайтууда, ошондой эле кургакчылык, жер көчкү жана суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктарды системалык ыкма аркылуу башкарууга мүмкүнчүлүк түзүп жатканыбызга сыймыктанабыз”, – деди Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси улуу даражалуу Оливье Бангертер.
Автоматташтырылган системаны жана сапатты камсыздоо процесстерин киргизүү менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде иштеген цехтер өлкөгө габион торчолорун керектүү санда чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин габион торчолорунун көпчүлүгү чет өлкөдөн алынып келинген. Өндүрүлгөн габион торчолору тоолордун боорлорун бекемдөө, дарыянын жээктерин коргоо жана башка кырсыктардын алдын алуу үчүн колдонулат.
“Биз Швейцария өкмөтүнүн натыйжалуу салымына, ошондой эле элет жерлердеги жана тоолуу аймактардагы аялуу жамааттардын колдоосуна ыраазычылык билдиребиз. БУУ ДАТП өкмөттүн жаратылыш кырсыктарга чара көрүү иш-аракеттеринен кырсыктарды башкаруу системасына өтүүcүн жеңилдетүү үчүн жана климаттын өзгөрүүсүнөн жапа чеккен аялуу элет жамааттардын арасында туруктуу өзгөрүүлөрдү камсыз кылуу үчүн өкмөт менен бардык деңгээлдеги тыгыз кызматташуусун улантат”, – деди БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагы өкүлү жана директору Кожиро Накай.
2023-жылдын январында Швейцария өкмөтү тарабынан БУУ ДАТПнын климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигине элет жериндеги аялуу жамааттардын туруктуулугун жогорулатууга багытталган компонентине 9,2 млн. АКШ доллары бөлүнгөн. Бул иш-чараны БУУ ДАТП Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда. Иш-чаралар Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарын камтып, 250 000 эң аялуу үй-бүлөлөргө, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына жана улуттук деңгээлдеги мекемелерге багытталат. Ал эми бенефициарларга климат боюнча ишенимдүү жана өз убагында жеткен маалымат таратылып, табигый кырсыктарга туруктуулукту камсыздоону пландаштыруу боюнча жардам жана инфраструктуралык колдоо көрсөтүлөт. Ал эми 2022-жылы бул компонентке Швейцария өкмөтү тарабынан 2,2 млн АКШ доллары бөлүнгөн.
Швейцария Өкмөтү жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Турсунай Чодуровага кайрылыңыз, +996 770 710054, tursunai.chodurova@eda.admin.ch
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org
***
Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга техникалык, каржылык жана гуманитардык колдоо иретинде 500 миллионго жакын швейцариялык франк бөлүп берген. Толук маалымат алуу үчүн https://www.eda.admin.ch/bishkek интернет баракчасына кириңиз.
Бизди www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan, www.instagram.com/swissembassykg коомдук медиадан тапсаңыз болот.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.
Биздиhttps://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstan коомдук медиадан тапсаңыз болот.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
24.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНА САЛЫНУУЧУ ЖАҢЫ БАЗАРДЫН ОРДУ ӨЗГӨРТҮЛДҮ
-
30.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ БАЗАРДЫН КУРУЛУШУ КЫЗЫДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.