Өлкө аймактары менен кубаттуу
ТОКТОГУЛ РИИБге КАЙЫК ТАПШЫРЫЛДЫ
РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,732 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өлкө жетекчилерине кайрылып, Орозо айында кечиримдүү болуп, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотууга чакырды. “Мекенге күйгөн эр-азаматтарыбыз, эжеке-карындаштарыбыз бүгүнкү күндө эч күнөөсүз абакта отурат. Бийликтин душмандары башкалар. Ыйык Орозо айынын бир күнүн текке кетирбей кармап калгыла. Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кечирип коюңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп мамлекетке кереги тийбесе да, […]
1,733 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өлкө жетекчилерине кайрылып, Орозо айында кечиримдүү болуп, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотууга чакырды. “Мекенге күйгөн эр-азаматтарыбыз, эжеке-карындаштарыбыз бүгүнкү күндө эч күнөөсүз абакта отурат. Бийликтин душмандары башкалар. Ыйык Орозо айынын бир күнүн текке кетирбей кармап калгыла. Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кечирип коюңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп мамлекетке кереги тийбесе да, […]
ДЕПУТАТ КЕМПИР-АБАД БОЮНЧА КАМАЛГАН АКТИВИСТТЕРДИ БОШОТУУГА ЧАКЫРДЫ
30.03.2023 / Автор anarkan_kg

1,734 Бардыгы /
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өлкө жетекчилерине кайрылып, Орозо айында кечиримдүү болуп, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотууга чакырды.
“Мекенге күйгөн эр-азаматтарыбыз, эжеке-карындаштарыбыз бүгүнкү күндө эч күнөөсүз абакта отурат. Бийликтин душмандары башкалар. Ыйык Орозо айынын бир күнүн текке кетирбей кармап калгыла. Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кечирип коюңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп мамлекетке кереги тийбесе да, үйдө жакындарына көбүрөөк керек”, – деп жазды депутат Фейсбуктагы баракчасына.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар 27-мартта укук коргоочуларга, акыйкатчы жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору менен жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, ден соолугу начарлаган активисттердин кароо үчүн көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранган.
Клара Сооронкулова оор операциядан кийин өпкөсү кагынып, чукул дарыланууга муктаж экенин 27-мартта адвокаты маалымдады. Сооронкуловага 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген жана анын операция болгону кабарланган. 15-мартта кайра тергөө абагына которулган.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү Улукбек Маматаев 15-мартта операция болгон. 29-мартта ал кайрадан тергөө абагына которулганын Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембериев “Азаттыкка” ырастаган.
Буга чейин ооруканада дарыланган Мамбетжунус Абыловдун, Равшан Жээнбековдун ден соолугу толук калыбына келе электе абакка которулганын алардын жактоочулары маалымдаган. Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминов да дарыланууга муктаж экенин билдиришкен.
Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган.
Милиция кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылганын билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. Бир катар эл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс кароого чакырган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
06.11.2025 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУККА КАРШЫ ООРУКАНАСЫНЫН ЖЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
31.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭСКИ ЖЫЛДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР, ЖАҢЫ ЖЫЛГА КААЛОО-ТИЛЕКТЕР
-
05.02.2026 / Автор anarkan_kg №13 ШАЙЛОО ОКРУГУНДА ШАЙЛООГО КАРАТА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.