Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
985 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 31-мартта Жалал-Абад ОИИБдин демилгеси менен уюштурулган “Балдар биздин келечегибиз, кылмыштуулукка жол жок!” аталышындагы форум болуп өттү. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев, ИИМдин ардактуу генералы Шеркозижан Мирзакаримов, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов, Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер […]
986 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 31-мартта Жалал-Абад ОИИБдин демилгеси менен уюштурулган “Балдар биздин келечегибиз, кылмыштуулукка жол жок!” аталышындагы форум болуп өттү. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев, ИИМдин ардактуу генералы Шеркозижан Мирзакаримов, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов, Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер […]
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК МИЛИЦИЯСЫНЫН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН ФОРУМ ӨТКӨРҮЛДҮ
31.03.2023 / Автор anarkan_kg987 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 31-мартта Жалал-Абад ОИИБдин демилгеси менен уюштурулган “Балдар биздин келечегибиз, кылмыштуулукка жол жок!” аталышындагы форум болуп өттү.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев, ИИМдин ардактуу генералы Шеркозижан Мирзакаримов, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов, Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеӊешинин төрагасы Капарбек Исаков, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун башчысы Акылбек Токтосунов, Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкаруунун башчысы коомдук алдын алуу борборунун төрайымы Бактыгүл Алдозова, Жалал-Абад жаштар коомунун төрагасы Алмазбек Дүйшөбаев, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери, мэрлер, акимдер жана алардын орун басарлары, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү катышышты.
Форумдун башталышында жаш өспүрүмдөр кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган лозунгдарды көтөрүп, жөө жүрүштөн өтүштү. Андан соӊ Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына тизилген облус аймагындагы милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишмердүүлүгү боюнча форумдун катышуучуларына маалыматтар берилди. Ошондой эле иш-чаранын башталышында маалымат баракчалары, бейджик, төш белги сыяктуу форумдун логотиби түшүрүлгөн буюмдар катышуучуларга берилип, сыртта стенддер коюлуп, милициянын ишмердүүлүгү видеороликте көрсөтүлдү.
Форумдун жүрүшүндө Абсаттар Сыргабаев сөз сүйлөп, кылмыш же укук бузуулар жасалган соӊ чара көрбөй, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу керектигин баса белгиледи.
Турусбек Ишеналиев коомчулукта орун алып жаткан жат көрүнүштөр тууралуу баяндап, алардын мыйзамдарда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтерине токтолду.
Шеркозижан Мирзакаримов облус аймагына кирип келген ар бир чоочун адамды көзөмөлгө алып, жаш өспүрүмдөргө татыктуу тарбия берүү керектигин белгиледи.
Нематулла ажы Жээнбеков коомчулукта агартуу иштерин жүргүзүп, кесипкөй адистерди даярдап, келчек муундарга туура багыт көрсөтүү зарылдыгын айтып өттү.
Президиумдун мүчөлөрү кылмыштуулуктун алдын алууда биргелишип иштөө зарылдыгын белгилешип, коомдук алдын алуу борборлорунун, милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишмердүүлүгү боюнча бир топ маалыматтарды беришти. Ошондой эле форумга байланыштуу уюштурулган иш-аракеттер жогорку деӊгээлде болгондугун белгилешти.
Президиумдун бардык мүчөлөрүнөн кийин Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов сөз сүйлөп, коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгүнө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү каржылык колдоо көрсөтө тургандыгы мыйзамдарда жазылгандыгын айтып өттү. Ошондой эле облус аймагынан келген бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, кылмыштуулуктун алдын алууда биргелешип иштөөгө чакырды.
Андан соӊ Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев форумда айтылган сөздөр кагаз бетинде калбай, ар бир район-шаарларда ишке ашышы керектигин белгиледи.
Форум бир катар суроо жана сунуштар менен улантылып, талкуулар жүрдү. Соӊунда форумга активдүү катышкандарга Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.
Форумдун жыйынтыгында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктардын, алдын алууга багытталган мыйзамдардын иштөөсүн күчөтүү, коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгүн ар тараптуу колдоо, аларды материалдык жактан жергиликтүү бюджеттен каржылоо, милициянын участкалык инспекторлору жана балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине кызматтык бөлмөлөр жана кошумча каражаттарды кароо боюнча меморандум кабыл алынды.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА УЛУУ ЖЕҢИШТИН 78 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ҮЧ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
-
06.06.2023 / Автор anarkan_kg АЛАЙ РАЙОНУНУН ТУРГУНДАРЫ МЕДИЦИНАЛЫК КАРООДОН БЕКЕР ЭЛЕ ӨТҮП ЖАТЫШАТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.