Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,102 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 2023-жыл ичинде аткара турган 7 приоритеттүү багыты, негизги принциптери жана милициянын көчмө кабылдама иштеринин мазмуну тууралуу окутуу-кеңешме өткөрүлдү. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге облус аймагындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчысы-акимдин социалдык блок боюнча орун басарлары, райондук жана шаардык […]
1,103 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 2023-жыл ичинде аткара турган 7 приоритеттүү багыты, негизги принциптери жана милициянын көчмө кабылдама иштеринин мазмуну тууралуу окутуу-кеңешме өткөрүлдү. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге облус аймагындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчысы-акимдин социалдык блок боюнча орун басарлары, райондук жана шаардык […]
ЖАЛАЛ-АБАДДА ПРОФИЛАКТИКА ИШТЕРИН КҮЧӨТҮҮ БОЮНЧА ОКУТУУ-КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
12.04.2023 / Автор anarkan_kg

1,104 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 2023-жыл ичинде аткара турган 7 приоритеттүү багыты, негизги принциптери жана милициянын көчмө кабылдама иштеринин мазмуну тууралуу окутуу-кеңешме өткөрүлдү.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге
облус аймагындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчысы-акимдин социалдык блок боюнча орун басарлары, райондук жана шаардык социалдык өнүгүү, билим берүү мекемелердин өкүлдөрү, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын мүчөлөрү, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана ИИОнун ардагерлери катышышты.
Анда милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров мамлекет өсүп, өнүгүүсү үчүн өлкөдө биринчи кезекте тартип, тынчтык орнотулуусу керектигин, укук бузуулардын алдын алуу боюнча субъектилердин мүчөлөрү бардыгы биргелешип элге заманбап тейлөө көрсөтүүнү колго алуу, милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгы тууралуу мисалдар менен баяндама жасады.
Иш-чаранын жүрүшүндө милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» мыйзамы жөнүндө, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова «Зомбулукка кабылган балдар үчүн укук тартибин жана сот адилеттүүлүгүн сактоо чөйрөсүндөгү базалык кызматтарды көрсөтүү боюнча стандарттык операциондук процедуралар жана ата-энелер менен биргеликте кылмыштуулукту болтурбоонун алдын алуу жөнүндө», ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери Гүлмира Жапакова «Жаштарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартуунун алдын алуу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сектор башчысы Индира Токонова «Балдар арасында суициддин алдын алуу» тууралуу видеослайд менен баяндама жасашты.
Ал эми Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов укук бузуулардын алдын алууда ар дайым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш алып бара тургандыгын баса белгиледи. Келечекте жоопкерчиликти сезе билген, улуттун, каада-салттын, үрп-адаттын жана маданияттын кызыкчылыгын ойлогон, мекенин, жерин сүйгөн, сергек жана зирек муунду тарбиялоо- жалпыбыздын ыйык милдетибиз экендигин эскертти.
Кеңешмени Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев жалпы кыргыз элине тынчтык аманчылык тилеп, ынтымакташып иш алып барышыбыз керек деп сөзүн жыйынтыктады.
Кеңешменин соңунда катышуучулар тарабынан мектептерге психолог штаттарын бөлүп берүүсүн жана социалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн дагы тартылуусу сунушталып, иш-чараны уюштурган Ички иштер министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине ыраазычылык, каалоо-тилектер айтылды.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ТӨРӨТ ҮЙҮ УБАКТЫЛУУ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
03.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ ЖАНА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫ РАЙОНУНА ЖАҢЫ АКИМ ДАЙЫНДАЛДЫ
-
17.03.2025 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.