Өлкө аймактары менен кубаттуу
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
1,207 Бардыгы / Орусиянын өкмөтү Кыргызстан менен абадан коргонуу боюнча биргелешкен системаны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды. Документке эки өлкөнүн коргоо министрлери былтыр кол коюшкан. Тараптар бул көптөн бери пландалып келаткан долбоор экенин билдирүүдө. Ошентсе да аталган жагдай Украинадагы согуштун фонунда кабатырлануу менен кабылданып жатат. Орусия менен Кыргызстандын абадагы чабуулдардан биргелешип коргонуучу система түзүүгө байланыштуу орус өкмөтүнүн […]
1,208 Бардыгы / Орусиянын өкмөтү Кыргызстан менен абадан коргонуу боюнча биргелешкен системаны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды. Документке эки өлкөнүн коргоо министрлери былтыр кол коюшкан. Тараптар бул көптөн бери пландалып келаткан долбоор экенин билдирүүдө. Ошентсе да аталган жагдай Украинадагы согуштун фонунда кабатырлануу менен кабылданып жатат. Орусия менен Кыргызстандын абадагы чабуулдардан биргелешип коргонуучу система түзүүгө байланыштуу орус өкмөтүнүн […]
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ОРУСИЯ АБАДАН КОРГОНУУ БОЮНЧА БИРДИКТҮҮ СИСТЕМА ТҮЗӨТ
13.04.2023 / Автор anarkan_kg

1,209 Бардыгы /
Орусиянын өкмөтү Кыргызстан менен абадан коргонуу боюнча биргелешкен системаны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды. Документке эки өлкөнүн коргоо министрлери былтыр кол коюшкан.
Тараптар бул көптөн бери пландалып келаткан долбоор экенин билдирүүдө. Ошентсе да аталган жагдай Украинадагы согуштун фонунда кабатырлануу менен кабылданып жатат.
Орусия менен Кыргызстандын абадагы чабуулдардан биргелешип коргонуучу система түзүүгө байланыштуу орус өкмөтүнүн токтому мекеменин атайын сайтына жарыяланды. Документке Орусия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон.
Бул кабар чыккандан көп өтпөй 10-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путинменен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефондо сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Анда алар жалпы кызматташтык жөнүндө кеп кылышканы айтылган.
Эки өлкөнүн ортосунда абадан коргонуу боюнча бирдиктүү система түзүү боюнча буйрукка 2022-жылдын 8-июлунда орус президенти Владимир Путин өзү кол койгон.
Орусиялык “Интерфакс” агенттигинин маалыматына караганда, Орусия менен Кыргызстандын абадан кол салуудан коргонуунун биргелешкен системасы атайын түзүм сыяктуу болот. Анын курамына кирчү аскерлер эки тараптын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тандалат. Орус күчтөрүн Кыргызстанда жайгаштыруу үчүн кыргыз тарап Орусияга келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин беш гектар жерди акысыз бериши керек болот.
Иш жүзүндө абадан коргонуу жаатында Кыргызстан менен Орусия келишими буга чейин эле бар болчу. Болгону ал көп тараптуу деп саналчу. Тагыраагы 1995-жылы 10-февралда Алматы шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө 12 мамлекеттин лидерлери бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Анын ичинде Орусия менен Кыргызстандан сырткары Азербайжан, Молдова, Армения, Беларус, Тажикстан, Грузия, Түркмөнстан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан жана Украина да бар эле. Бирок Украина менен Түркмөнстан КМШнын негизги жобосун кабыл алган эмес, Грузия болсо Орусия менен согушкан соң уюмдан чыгып кеткен.
Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар.Алардын эң чоңу – Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.
Адистер түшүндүргөндөй, Орусия так ушул базалар аркылуу азыр деле Кыргызстандын абадан коргонуу миссиясын аткарып турат.
Кыргызстандын бийлик башындагылар буга чейин Орусия менен болгон абадан коргонуу боюнча орток система тууралуу билдирүү жасашкан эмес. Бирок президент Садыр Жапаров да, андан кийинки деңгээлдеги аткаминерлер да өлкө мындан ары өзүнүн Куралдуу күчтөрүн чыңдай турганын айтып келишет.
Буга чейин Кыргызстан абадан коргонуучу “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” аскердик техникасын, “Байрактар” учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИНИН ҮЧ ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.