Аймак

СОВЕТТЕР СОЮЗУНУН БААТЫРЫ ТУКУБАЙ ТАЙГАРАЕВГЕ 100 ЖЫЛ

СОВЕТТЕР СОЮЗУНУН БААТЫРЫ ТУКУБАЙ ТАЙГАРАЕВГЕ 100 ЖЫЛ

 1,485 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиш майрамынын алкагында Сузак районунда орнотулган Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Баратбек Сыдыкназаров, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишкана жамааттары жана тургундар катышты. Облус өкүлү жалпы катышуучуларды Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Согуш мезгилинде эл-жери үчүн жан аябай душмандар менен салгылашып курман болгон Тукубай Тайгараевдин каармандыгын айтып, баатырдын элеси эч качан унутулбай, жаш муундарга үлгү катары жашай берээрин белгиледи.

Тукубай Тайгараев 1923-жылы Сузак районундагы Кедей-Арык айылында туулган. Ал 1942-жылы Кызыл армиянын катарына чакырылып, 19 жашында согуш майданына аттанган. Андан кийин 375-аткычтар дивизиясын жетектеп, 1944-жылы Латвиядагы фашисттер менен болгон кармашта көз жумган.

Тукубай Тайгараевке 1945-жылы Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Республика боюнча бул наам 72, Жалал-Абад облусундагы 7 согуш каарманына берилген.

Бүгүн өзү туулуп өскөн Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Кедей-Арык айылында Тайгараевдин 100 жылдык мааракеси өтүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17