Аймак

АКЫРКЫ КОӉГУРООДО МИЛИЦИЯ КООМДУК ТАРТИПТИ КӨЗӨМӨЛДӨӨДӨ

АКЫРКЫ КОӉГУРООДО МИЛИЦИЯ КООМДУК ТАРТИПТИ КӨЗӨМӨЛДӨӨДӨ

 786 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 25-майда акыркы коӊгуроо майрамы Жалал-Абад облусундагы мектептерде белгиленүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери жеринде коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алууда.

Бүтүрүүчүлөргө акыркы коңгуроо майрамын билим берүү мекемелеринен сырткары жакта уюштурууга тыюу салынган. Майрамдык оюн-зоокторду жаратылыш койнунда уюштурууга, автоунаалардын коштоосунда жүрүүгө, түнкү клубдарда эс алууга тыюу болбойт. Кандайдыр бир тартип бузуулар орун ала турган болсо, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө эскертүү видеоролиги да даярдалды.

Белгилей кетсек 25-майга карата Жалал-Абад облусунун аймагында миңге чукул милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17