Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
1,063 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 25-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында 96 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган социалдык шаарчанын курулушу башталды. Долбоор “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин колдоосу астында ишке ашырылып жатат. Ага жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын ажыратып берген. Шаарчада тигүү цехи, фельшерлик-акушердик пункту (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчасы курулат. Капсула […]
1,064 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 25-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында 96 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган социалдык шаарчанын курулушу башталды. Долбоор “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин колдоосу астында ишке ашырылып жатат. Ага жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын ажыратып берген. Шаарчада тигүү цехи, фельшерлик-акушердик пункту (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчасы курулат. Капсула […]
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛЫНДА СОЦИАЛДЫК ШААРЧАНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
25.05.2023 / Автор anarkan_kg

1,065 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 25-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында 96 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган социалдык шаарчанын курулушу башталды.
Долбоор “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин колдоосу астында ишке ашырылып жатат. Ага жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын ажыратып берген. Шаарчада тигүү цехи, фельшерлик-акушердик пункту (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчасы курулат.
Капсула салуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов, облустун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Облус башчысы демилге социалдык жактан аз камсыз болгон, турмуштук шарты оор үй-бүлөлөрдү колдоо максатында ишке ашырылып жатканын белгиледи. Шаарчада тургундар үчүн бардык керектүү шарттар жаратылаарын айтып, эл түйшүгүн жеңилдетүүгө жакындан көмөктөшүп жаткан коомдук бирикменин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Социалдык шаарчада турак жайлар биринчи кезекте көп балалуу жалгыз бой энелерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт. Курулуш иштерин ушул жылдын күз айларына аяктоо пландаштырылган.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.06.2026 / Автор anarkan_kg ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
-
22.06.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
-
22.10.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО 6 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.