Аймак

Болотбек ТАИРОВ: “МУГАЛИМДИН ЗАМАН АГЫМЫНАН АРТТА КАЛГАНЫН ЭЧ КИМ КЕЧИРБЕЙТ!”

Болотбек ТАИРОВ: “МУГАЛИМДИН ЗАМАН АГЫМЫНАН АРТТА КАЛГАНЫН ЭЧ КИМ КЕЧИРБЕЙТ!”

 2,628 Бардыгы /

Танып не. Мындай көрүнүш Кыргыз тарыхында дегеле кезиккен эмес! Ош облусуна караштуу Алай районунун борбору Гүлчө кыштагында 2120 окуучу устаттарына кошулуп Манас айтышты. Мунун чоо-жайын Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек ТАИРОВдон кенен-чонон сураштырдык.

-Болотбек агай, саламатсызбы? Алай райоНунун борбору Гүлчө  кыштагына 14 боз үй тиктирип, устаттарына кошуп 2120 окуучуга Манас айтырууңуздардын деги сыры эмнеде?

-Биринчиден, окуучуларды мекенчилдикке бекем үндөө жана тарбиялоо. Экинчиден, Дүйнөдө эч теңдеши жок эпосубуздун калк арасында кеңири жайылтылышына түздөн-түз көмөктөшүү. /чүнчүдөн, ушул тапта  туризм сезону кызыбадыбы. Ошол себептүү чет өлкөлүк жана дагы ата мекендик туристтерге ушундай улуу эпосу бар эл экенибизди дагы бир ирет кең-кесири пропагандалоо.

-Райондогу бала бакчаларда деле бөбөктөргө кадимикидей “Манас” эпосун айттырат турбайсыздарбы?

-Ананчы! Районубуздагы 40 бала бакчада тең Манас таануу сабагын киргизгенбиз. Ошонун жүрүшүндө улуттук үрп-адаттарыбызды жана дагы салт-санааларыбызды дагы бөбөктөргө абдан катуу үйрөтүп жатабыз. Анткени, дал ушул куракта булардын эске тутуу жөндүмү абдан ыкчам калыптанат эмеспи.

-Айтмакчы, мектептериңиздерде дагыле мугалимдер таңкыстыгы байкалат?

-Былтыркы окуу жылында 23 мугалим жетишпей жатты эле… Булардын санын быйыл эбин таап атып 12ге түшүрдүк.   Орус тили жана адабияты сүрөт, музыка мугалимдери   дагыле биздин көзүбүздөн учуп турган чагы. Бирок, ошого карабастан, аталган сабактарды таптакыр үзгүлтүккө учурута элекпиз. Окуучуларга окшош предметчилер сабак берип жатышат. Ошентсе дагы, быйыл ОшМУнун жана ОшМПУнун бүтүрүүчүлөрүнө өтүнүч-жолдомо жөнөткөнбүз. Буюрса, кашайган бөксөөлөгөбүздү эми ошолор толукташат деген терең ишеничтемин!

-Заман талабына жараша электрондук журналды деле пайдаланып жаткандырсыздар?

– Албетте! Мындан ары ата-энелердин мугалимдерге дооматы сөзсүз азаят. Анткени электрондук журналга коюлган бааны эч ким оңдой дагы, өзгөртө дагы албайт! Демек, коррупция жоголду десем жаңылышпаймын.

-Болотбек агай, заман талабына жараша мектеп мугалимдерин окутуу – алардын билимдерин өркүндөтүү деги көңүл сыртында калбады бекен?

-Агартуучуларыбыздын заман агымынан артта калуусун, албетте, эч ким кечирбейт! Мезгилдин талабы дагы кудум ушундай! Андыктан, биз дагы креативдүү мугалимдерди көбөйткөнгө абдан бекем ыктадык. Мында билим берүү жана илим министирлигинин  Билим берүү борбору бизге такай гана көмөктөшүп келатат. Ооба, кээде жаңы талапка таптакыр жооп бербеген агартуучуларыбыз менен деле аргасыздан кош айтышууга дейре барып жатабыз. Бүгүн биздин мындан башка айлабыз жок!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Болотбек ТАИРОВ мамлекеттик кадрлар резервинен Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына бекилген. Маектешибиз кезинде элет жергесинде жети жыл бою кыргыз тили жана абадияты мугалими катары эмектенген. Билими жогорку. ОшМУнун Кыргыз филологиясы факультетин ийгиликтүү аяктаган.

          Ал эми Алай районунда ушул тапта 52 мамлекеттик жана дагы бир жеке менчик мектеп бар. Буларда 15 829 окуучу билим алып жатышат. Аларга 1526 дасыккан мугалим сабак берип келатат.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17