Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
3,205 Бардыгы / Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтү жети калктуу конуштан куралган. Аймакты негизинен кыргыздар жана өзбектер, анан дагы орустар, украиндер, азербайжандар, татарлар, уйгурлар, түктөр, тажиктер, казактар өңдөнгөн ондон ашуун улуттардын өкүлдөрү туруктуу байырлашат. Ошондуктан. ынтымакчылыктын жана ырааттуу өнүгүүнүн сырларын аталган айыл өкмөттүн башчысы Аскарбек РУСТАМОВдон кенен-чонон сураштырдык. -Аскарбек мырза, өзүңүз Кара-Суу районундагы […]
3,206 Бардыгы / Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтү жети калктуу конуштан куралган. Аймакты негизинен кыргыздар жана өзбектер, анан дагы орустар, украиндер, азербайжандар, татарлар, уйгурлар, түктөр, тажиктер, казактар өңдөнгөн ондон ашуун улуттардын өкүлдөрү туруктуу байырлашат. Ошондуктан. ынтымакчылыктын жана ырааттуу өнүгүүнүн сырларын аталган айыл өкмөттүн башчысы Аскарбек РУСТАМОВдон кенен-чонон сураштырдык. -Аскарбек мырза, өзүңүз Кара-Суу районундагы […]
Аскарбек РУСТАМОВ: “ТӨЛӨЙКӨНДҮ КӨП УЛУТТАР БАЙЫРЛАЙТ!”
25.05.2023 / Автор anarkan_kg

3,207 Бардыгы /
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтү жети калктуу конуштан куралган. Аймакты негизинен кыргыздар жана өзбектер, анан дагы орустар, украиндер, азербайжандар, татарлар, уйгурлар, түктөр, тажиктер, казактар өңдөнгөн ондон ашуун улуттардын өкүлдөрү туруктуу байырлашат. Ошондуктан. ынтымакчылыктын жана ырааттуу өнүгүүнүн сырларын аталган айыл өкмөттүн башчысы Аскарбек РУСТАМОВдон кенен-чонон сураштырдык.
-Аскарбек мырза, өзүңүз Кара-Суу районундагы эң чоң Сарай айыл өкмөтүндөгү Айылдык Кеңештин депутаты элеңиз. Ал эми Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчылыгына кантип дайындалып калдыңыз? Бул жерде коррупциянын, же болбосо тааныш-билишчиликтин жыты жокпу?
-Өзүм ОшМУнун юридикалык факультетин бүтүргөнмүн. Демек, баарынан мурда мыйзамдуулукту такай жана абдан бекем тутунган инсанмын. Кара-Суу районунун акими Жакыпбек Субагожоевмага зор ишеним артып, эч кандай ортомчусуз эле Мамлекеттик кадрлар резервинин эсебинен мени ушул кызматка дайындап олтурат.
-Аймактын бүгүнкү социалдык-экономикалык акыбалы деги кантти экен?
-Элибиздин жашоо-шарты ушул тапта кудайга шүгүр. 247 жердешибиз карылыгына жараша пенсия алышат. Ал эми турмуш-шарты абдан эле начар 278 үй-бүлөгө пособие өз убагында гана төлөнөт. Кашайып майыптардан биз деле куру эмеспиз. Булардын саны – 296. Мунун арасынан 83ү – балдар. Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлеринен экөө гана калды. Жалгыз бой ата-эне – 5. Мындан тышкары расмий түрдө катталган жумушсуздар – 170 адам.
-Пенсия жана пособие алгандардын жөнү. албетте, башка. Ал эми жумушсуздарды эмнеге туруктуу иш менен камсыз этүүгө таптакыр аракеттенбейсиздер?
-Эбин жана дагы жолун таап, экономика тармагына – 61, тоо-кен өнөр жайына – 20, айыл чарба, балыкчылык, аңчылык жана токой чарбасына – 2, кайра иштетүүчү өнөр жайына – 4, жеке ишкерликке – 50, саламаттыкты сактоо жана калкка социалдык кызмат көрсөтүүгө – 5, электр кубатын өндүрүүгө жана бөлүштүрүүгө – 15, суу чарбасына – 4, курулушка – 20, каржылык ишкерликке – 15, билим берүүгө 10 кишини туруктуу ишке жайгаштырдык.
-Баса, Ош шаарына ирегелеш жайгашкансыздар. Ошондуктан, көп кабаттуу үйлөрдү тикелеп, бул аркылуу бир катар социалдык көйгөйлөрдөн дагы заматта кутулсаңыздар болбойт беле?
-Абдан туура баамдапсыздар. Мыйзамсыз курулуштар бул жакта деле толтура экен. Үй салуу максатында жер тилкесине зарыккандар дагы чекесинен табылат. Жакында 50 гектар аянтты трансормациялаттык, мындайча айтканда, жер үлүшү сыңары жарандарга бөлүп берүү үчүн мыйзамдаштырдык. Буюрса, Төлөйкөндө деле көп кабаттуу үйлөрдү тикелеп, башыбызды азыркыга дейре куп гана ооруткан турак жай, мектеп, бала бакча жана дагы таза суу маселелеринен толук бойдон кутулабыз деген терең үмүттөмүн!
-Аскарбек мырза, биз билгенден дагыле дотацияда олтурат турбайсыздарбы. Мындай жанбактылыктан деги качан кутулаар экенсиздер?
-Төлөйкөн айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен жыл сайын 41 миллион сом ажыратылат. Бүгүнкү рынок шартында, албетте, бул абдан эле аз каражат! Ошондуктан, ички жана дагы тышкы мүмкүнчүлүктөрүбүздү эң туура пайдаланып, а түгүл туруктуу инвесторлор менен дагы такай ийиндеше иштешип, жылдык бюджетибизди мындан бир нече эселеп көбөйтүп, акырында дотациядан биротоло бошонолу деген аркетибиз абдан күч!
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтү Түндүк-Чыгыш тарабынан Ош шаары, Түштүк жагынан Папан Айыл Өкмөтү, ал эми Батыш тарабынан Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтү менен чектешет. Район борборунан – Кара-Суу шааарынан 28 чакырым алыстыкта жайланышкан. Ушул тапта 32 миң 400 калкы бар.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ ӨЗГӨН РАЙОНУН КЫДЫРДЫ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеништин 80 жылдыгына ТЕҢ УКУКТУБУЗ!
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.