Өлкө аймактары менен кубаттуу
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
1,576 Бардыгы / Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев бүгүн 26-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатканын “Азаттыкка” жеке булактар тастыкташты. Ал суракка “Батуми” кафесинин ээсинен түшкөн арыздын негизинде чакырылганы маалымдалды. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” жайгашкан жерге 25-майда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барып келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирген. “Ташиев тийиштүү мекемелердин […]
1,577 Бардыгы / Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев бүгүн 26-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатканын “Азаттыкка” жеке булактар тастыкташты. Ал суракка “Батуми” кафесинин ээсинен түшкөн арыздын негизинде чакырылганы маалымдалды. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” жайгашкан жерге 25-майда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барып келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирген. “Ташиев тийиштүү мекемелердин […]
ВИЦЕ-МЭР НУРДАН ОРУНТАЕВ УКМКДА СУРАК БЕРҮҮДӨ
26.05.2023 / Автор anarkan_kg

1,578 Бардыгы /
Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев бүгүн 26-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатканын “Азаттыкка” жеке булактар тастыкташты. Ал суракка “Батуми” кафесинин ээсинен түшкөн арыздын негизинде чакырылганы маалымдалды.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” жайгашкан жерге 25-майда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барып келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирген. “Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде буздуруу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды”, – деп жазылган билдирүүдө.
“Батуминин” ээси УКМКга жана Башкы прокуратурага арызданганын 25-майда анын юристи Кайсын Абакиров билдирген.
“Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн атайылап жок кылууга байланыштуу кылмыш жообуна тартуу боюнча укук коргоо органдарына арыздарды бердик. “Батуми” кафесин мыйзамсыз бузууну уюштурган бардык аткаминерлерди тез арада жоопко тартууну жана бул оор кылмышка тиешеси бар бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопко тартып, аты-жөнүн жарыялоону талап кылабыз”, – деп билдирген Абакиров.
Анын айтымында, “Батумиге” ээлик кылган “Эстоунд” коомунун колунда бардык уруксат документтери, анын ичинде Бишкек шаарынын Башкы архитектура мекемеси бекиткен архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттары бар.
Кафенин сметалык баасы 80 миллион сом экенин, мыйзамсыз бузуунун кесепетинен келтирилген алдын ала материалдык чыгым 9 миллион сомго бааланып жатканын айткан адвокат Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына кафени буздуруу тапшырмасы берилген 2023-жылдын 17-майындагы №13-01/390 каты бар экенин, бирок ал бузууга негиз боло албай турганын кошумчалады.
Нурдан Орунтаев 25-майда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирген:
“Биздин ишибиз мыйзамдуу. Комиссиянын чечими бар, ижаранын мөөнөтү да бүткөн. Ал жер болсо муниципалдык жер. Биз барып бирөөнүн мүлкүн басып алган жокпуз, аша чаап да кеткен жокпуз. Мен бул маалыматты толугу менен четке кагам. Биз болгону ишибизди кылып атабыз”.
“Батуми” буздурулуп жаткан видеолор, сүрөттөр 24-майда жарыяланып, кызуу талкуу жараткан.
Бишкек мэриясы кафени буздурууга анын курулушу жана иштеши боюнча “көптөгөн эреже бузуулар” негиз болгонун билдирген. Мэриянын басма сөз кызматынын 24-майдагы маалыматына караганда, шаар башкармалыгы жердин ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткан:
“Жер тилкесин ижарага берүү маселесин караган комиссиянын чечиминин негизинде “Эстаунд” жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылды. Бул объектти курууда жана анын иштешинде көптөгөн эреже бузуулар аныкталды. Ошондой эле бул райондо жашаган тургундардан арыз-даттануулар түшүп, чыр-чатактар катталып келген”.
Мэриянын маалыматына караганда, жалпы аянты 1300 чарчы метрлик кафени өз алдынча буздуруу тууралуу маалымдама 17-майда жөнөтүлгөн, бирок бул талап аткарылган эмес, буздуруу иштери 24-майда жүргүзүлдү.
Курулушу мыйзамсыз экени аныкталган имараттарды, имараттарга кошумча салынган курулмаларды алуу, бузуу иштери буга чейин да жүргүзүлүп келген.
“Батуми” Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүнүн боюнда жайгашкан.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
21.02.2026 / Автор anarkan_kg АБДУПАТА МАТКАЛИКОВ МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
21.02.2026 / Автор anarkan_kg ЭРНИСБЕК ОРМОКОВ МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛДУ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИНИН ҮЧ ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ
-
25.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 300 МИҢДЕН АШУУН ГҮЛ ЭГИЛЕТ
-
-
12.03.2025 / Автор anarkan_kg «ОШ» АЭРОПОРТУНУН УЧУП-КОНУУ ТИЛКЕЛЕРИ ЗАМАНБАП ОҢДОЛОТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.