Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
619 Бардыгы / Ноокат райондук жарандардын абалын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө башка аймактардагыдай тыгын жана дагы упузун кезек жок. Мекеме жаңы имаратына көчүрүлгөндөн бери анда эмгектенгендердин дагы түйшүгү ого бетер жеңилдеди… Айгүл АБДЫШОВА, Ноокат райондук жарандардын абалын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана катттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси: – Биз ар бир кардарыбыздын муң-зарын дыкаат гана […]
620 Бардыгы / Ноокат райондук жарандардын абалын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө башка аймактардагыдай тыгын жана дагы упузун кезек жок. Мекеме жаңы имаратына көчүрүлгөндөн бери анда эмгектенгендердин дагы түйшүгү ого бетер жеңилдеди… Айгүл АБДЫШОВА, Ноокат райондук жарандардын абалын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана катттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси: – Биз ар бир кардарыбыздын муң-зарын дыкаат гана […]
НООКАТТА ПАСПОРТ АЛУУ ТҮЙШҮГҮ ЖЕҢИЛДЕДИ
27.06.2023 / Автор anarkan_kg

621 Бардыгы /
Ноокат райондук жарандардын абалын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө башка аймактардагыдай тыгын жана дагы упузун кезек жок. Мекеме жаңы имаратына көчүрүлгөндөн бери анда эмгектенгендердин дагы түйшүгү ого бетер жеңилдеди…
Айгүл АБДЫШОВА, Ноокат райондук жарандардын абалын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана катттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси: – Биз ар бир кардарыбыздын муң-зарын дыкаат гана тыңдап жатабыз. Ошондон кийин булардын баш ооруткан маселесинин бир жаңсыл чечилишине түздөн-түз көмөктөшөбүз. Көрбөдүңүздөрбү? Жаңы имаратка көчкөнүбүздөн бери бизде таптакыр тыным жок! Кезек эмне экендигин дагы унуттук…
Санабар МАТРАИМОВА, Ноокат районундагы Бел айылынын тургуну: – Неберемдин метрикасына (туулгандагы тууралуу күбөлүгүнө) келдим эле. Азаматтар! Мендей карыган кемпирди калжаңдатып ары-бери темселетишпестен өтө тез бүтүрө салышпадыбы. Эми, куда кааласа, жаңы төрөлгөн небереме 4 миң сом сүйүнчү пул дагы алабыз. Мен мынча каражатты жалаң жакшылыктарга гана сарптайбыз деген ниеттемин.
Машрабидин УРАИМОВ, Ноокат шаарынын тургуну: – Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдү ката жазып ташташыптыр. Муну ашкерелеген расмий кагаздарымды көрсөттүм эле, эки жакка чапкылатпастан бүтүрүп, жаңысын дароо колума карматышты. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ноокат райондук жарандардын абалын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана катттоо бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине терең ыраазычылыгымды гана билдирем! Чоооң ыракмат!
Ирсалат АСКАРОВА, Ноокат райондук жарандардын абалын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана катттоо бөлүмүнүн башкы адиси: – Биздин жетекчибиз азыр отпускеде. Шартка байланыштуу анын милдетин мен убактылуу гана аткарып жатамын. Мекемебизде 12 кызматкер эмгектенет. Баарынын тең билими жогорку. Анан дагы өз ишинин такшалган адистери. Кардарларыбызга ар дайым сылык-сыпаа мамиле жасашып, анан дагы маданияттуу гана тейлеп келатышат.
Баса, Ноокат райондук жарандардын абалын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана катттоо бөлүмүнүн жаңы имараты Ноокат шаарынан окчун жерде, район борборунун чекесинде гана жайланышкан. Бул жакка чакан маршкурткалардын каттоосу дагы үзгүлтүскүз уюштурулган. Убара чекпейсиң. Анын жолкиреси дагы абдан арзан…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош облусу
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
-
08.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.