Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
976 Бардыгы / Айтмакчы, Эл аралык Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунда күнү-түнү ар түрдүү техникалардын аягы дагыле таптакыр үзүлбөйт. Ошого карабастан бул трассада жолчулар күнү-түнү тынымсыз иштешип жатышат. Падышалар жолду көрүшпөйт, Көрсө дагы көңүл бөлүшпөйт… Элден. Адегенде жолдо баратып Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожол башкармалыгына караштуу Ноокат районундагы №37-жолдорду тейлөө […]
977 Бардыгы / Айтмакчы, Эл аралык Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунда күнү-түнү ар түрдүү техникалардын аягы дагыле таптакыр үзүлбөйт. Ошого карабастан бул трассада жолчулар күнү-түнү тынымсыз иштешип жатышат. Падышалар жолду көрүшпөйт, Көрсө дагы көңүл бөлүшпөйт… Элден. Адегенде жолдо баратып Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожол башкармалыгына караштуу Ноокат районундагы №37-жолдорду тейлөө […]
ЖАНЫ ТЫНБАГАН ЖОЛЧУЛАР
29.06.2023 / Автор anarkan_kg

978 Бардыгы /
Айтмакчы, Эл аралык Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунда күнү-түнү ар түрдүү техникалардын аягы дагыле таптакыр үзүлбөйт. Ошого карабастан бул трассада жолчулар күнү-түнү тынымсыз иштешип жатышат.
Падышалар жолду көрүшпөйт,
Көрсө дагы көңүл бөлүшпөйт…
Элден.
Адегенде жолдо баратып Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожол башкармалыгына караштуу Ноокат районундагы №37-жолдорду тейлөө ишканасына акырын баш бактык.
-Оштон бери келатып жол ката көрбөдүңүздөрбү. Таң аткандан каш карайганга дейре баш көтөрүшпөстөн иштеп жатышкандар – биздин жолчуларыбыз! – деп сыймыктангандыгын жашырган жок Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожол башкармалыгына караштуу Ноокат районундагы №37-жолдорду тейлөө ишканасынын директору Абдипатта Абдижалил уулу.


– Биздин ишканабызда25 киши эмгектенет. Техникаларабыз бүт эбак эскирип бүткөн. Бири дагы жаңылана элек. Ошентсе дагы 1 эксковаторду, 1 КАМАЗды, 1 грейдерди, 1 манипуляторду, 1 Ниваны биздин мекеме дагыле эптеп пайдаланып келатабыз. Баса, биздин №37-жолдорду тейлөө ишканасы Эл аралык маанидеги 47 чакырым, республикалык даражадагы 64 чакырым, ал эми ички 326 чакырым жолдорду тынымсыз тейлеп жаткан чагыбыз. Кендирибизди куп кескени: Эл аралык жана республикалык маанидеги жолдорубузду ыкчам жана дагы сапаттуу тейлегенге биздин заманбап техникаларыбыз дээрлик жок!
Ошентсе дагы, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожол башкармалыгына караштуу ДСУ-2нин (экинчи жол курулуш башкармалыгынын) жолчулары таптакыр тыным билишпестен күпүлдөп гана иштеп жатышканда жолуктук.
-Ишибиз жаман эмес! Ошого жараша маянабыз дагы кудайга шүгүр! – деди Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожол башкармалыгына караштуу экинчи жол курулуш башкармалыгынын айдоочусу Самат АДИНАЕВ.


– Жетекчилерибиз деле бизден күн сайын кабар алышып, ал-акыбалыбызды тынбай сураштырып турушат.
-Азыркы рынок заманында жумуш табуу ого бетер кыйындабадыбы. Ошого караастан эбин таап Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожол башкармалыгына караштуу экинчи жол курулуш башкармалыгынын жетекчилери бизди туруктуу иш менен камсыз этип келатышат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен буларга терең ыраазычылыгымды гана билдирем! – деп кепке аралашты Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожол башкармалыгына караштуу экинчи жол курулуш башкармалыгынын эксковаторчусу Шакиржан РЫСКУЛОВ.


– Тамак-аш масеселесинде дегеле көйгөй жок! Күн сайын эки маал ысык оокат ичип турабыз.
– Буга дейре 13 чакырым автоунаа жолун жаңылап бүттүк, – деп кепке кошулду Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожол башкармалыгына караштуу экинчи жол курулуш башкармалыгынын башкы инженери Өмүрбек ОРОЗМАТОВ.


– Быйыл Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунун 33 чакырымы бүтүндөй тегизделип, баарына тең асфальт төшөлөт. Ал эми келерки жылы дагы бул аркетибизди дагы ырааттуу түрдө улантабыз. Мамлекеттик тапшырманы өз убактысында жана дагы сапаттуу аткаруу – биздин түздөн-түз милдетибиз!
Мен бул сүрөттүү шырбаянымдын башында “Падышалар жолду көрүшпөйт, Көрсө дагы көңүл бөлүшпөйт…” деген эл сөзүн бекеринен эпиграф сыңары пайдаланган жокмун. Анткени, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожол башкармалыгына караштуу Ноокат районундагы №37-жолдорду тейлөө ишканасынын жана дагы Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожол башкармалыгына караштуу экинчи жол курулуш башкармалыгынын алдыңкы кызматкерлерине президентибиз Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарса дагы аздык кылаарына бекем ишендим…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош облусу
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
24.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУга ТҮШТҮК КОРЕЯДАН ЫКТЫЯРЧЫЛАР ТОБУ КЕЛИШТИ
-
-
05.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна СУЗАКТАГЫ ЧАНГЕТ-САЙ ДАРЫЯСЫ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.