Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
694 Бардыгы / Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 5-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында “Клооп” басылмасынын иликтөөсү тууралуу комментарий берди. Ал иликтөөдө аталган “МБТ Строй” компаниясы менен келишим даярдалып жатканын билдирди. Орун басардын айтымында, компания Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын жана трансформаторлорду модернизациялоо үчүн 1,5 млрд. сом сала турган болду. Ишкана салган каражатынын ордуна “электр […]
695 Бардыгы / Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 5-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында “Клооп” басылмасынын иликтөөсү тууралуу комментарий берди. Ал иликтөөдө аталган “МБТ Строй” компаниясы менен келишим даярдалып жатканын билдирди. Орун басардын айтымында, компания Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын жана трансформаторлорду модернизациялоо үчүн 1,5 млрд. сом сала турган болду. Ишкана салган каражатынын ордуна “электр […]
МИНИСТРЛИК “КЛООПТУН” КАМБАР-АТА-2 ГЭСИ БОЮНЧА ИЛИКТӨӨСҮНӨ ЖООП БЕРДИ
06.07.2023 / Автор anarkan_kg696 Бардыгы /
Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 5-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында “Клооп” басылмасынын иликтөөсү тууралуу комментарий берди. Ал иликтөөдө аталган “МБТ Строй” компаниясы менен келишим даярдалып жатканын билдирди.
Орун басардын айтымында, компания Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын жана трансформаторлорду модернизациялоо үчүн 1,5 млрд. сом сала турган болду. Ишкана салган каражатынын ордуна “электр энергиясын ГЭСте иштелип чыккандагы баа менен алат жана анын баасы кеминде 50 тыйындан жогору болот”.
Ал ошондой эле компания алган электр энергиясын кайсы багытта колдонушун Энергетика министрлиги көзөмөлдөбөй турганын, алар каалаган тармакка иштетерин айтты. Долбоорду мамлекет өзү ишке ашырганга каражаты жок экенин, ошол себептүү жеке компанияга берилип жатканын кошумчалады.
“Сунушта дата-борбор болот деп жазылган. Маалымат борбор болобу, майнингби, биз ага аралаша албайбыз. Азыр биз эч кандай пайда көрбөй элебиз да. 30 мегаваттын ордуна бизде нөл болуп жатпайбы. Бизге ошонун ордуна 30 мегаватт берилип туруп, модернизацияны жүргүзгөнүбүз оң болуп жатат”, деди Байгазиев.
Анын айтымында, модернизациялоо иштери бүткөн соң ГЭСтеги бир агрегаттын кубаттуулугу 120 мегаваттка жетет. Ошондо компания жогоруда сөз болгон электр энергиясындагы үлүшүн алып баштаса болот. Быйыл кышында бул кубаттуулук 70 мегаваттка жетет.
4-июлда “Клооп” басылмасы жарыялаган иликтөөдө Министрлер кабинети Камбар-Ата-2 ГЭСинен 30 мегаватт электр энергиясын “МБТ Стройго” эч кандай сынаксыз берүү чечимин чыгарганы айтылат.
Ишкана Камбар-Ата-2 ГЭСинен иштелип чыккан электр энергиясын өткөрүү системасын модернизациялап, инфраструктурасын жакшыртышы керектиги макалада жазылган.
Ал салган инвестициясынын акысы катары алган электр энергиясын майнинг фермага жумшай турганы да белгиленген. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы “МБТ Строй” азырынча Камбар-Ата-2 ГЭСинин аймагына майнинг ферма үчүн керектүү шаймандарын орното электигин “Клоопко” билдирген.
Макалада компаниянын артында Максим Бакиевдин өнөктөшү, чуулгандуу иштерде аты аталган Алексей Ширшов турушу мүмкүн экени кошумчаланган. “МБТ стройдун” жетекчиси Алексей Зайцевдин атына катталган Кыргызстандагы эки компаниянын дареги “Кыргызтемир” өндүрүш базасына жазылганын көрсөткөн.
“Бул жайды он беш жыл мурун Максим Бакиевдин айланасындагылар басып алган, база азыр да аларга карайт. 2022-жылы Зайцев президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кыргыз жарандыгын алган. Ушул эле жарлыктын негизинде Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мурдагы жетекчиси Евгения Судец жана Владимир Андросик да жарандык алган”, – деп жазат басылма.
Министрдин орун басары “МБТ строй” кызматташуу боюнча сунуш берген жалгыз компания экенин, кызыкдар болгон бардык компания менен кызматташууга министрлик ачык экенин белгиледи.
Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты 2010-жылы ишке берилген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
12.10.2023 / Автор anarkan_kg БАЛА БАКЧАЛАРДЫН 700 ТАРБИЯЧЫСЫ АТАЙЫН ТРЕНИНГДЕРДЕ ОКУТУЛАТ
-
20.10.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗБЕКСТАН КЫТАЙ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ 600 МВТ КУБАТТУУЛУКТАГЫ ГАЭС КУРАТ
-
27.10.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО ҮСТӨЛ ТЕННИСИ БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ СОҢУНА ЧЫКТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.